Үч терек - Токтогул району
ПКнын программалык (Software(жеткиликсиз шилтеме)) жабдуулары жөнүндө негизги түшүнүктөр.
Иштетүү системасынын тарыхы 1954-жылдан башталат, ошол жылы Джин Амдал тарабынан IBM-704 компьютери үчүн иштетүү системасы иштелип чыккан. 1954-жылы ЮМ фирмасынын кызматкери Джон Бекус жогорку деңгээлдеги сандык маселелерди чыгаруучу FORTRAN аттуу процедуралык тилди иштеп чыгып, ал тил программалык жабдуунун өнүгүшүнө өтө чоң таасир тийгизди жана андан кийин көптөгөн алгоритм тилдери пайда болду. Жеке компьютерлердин массалык түрдө таралышына себеп болуп 1964-жылы IBM фирмасы тарабынан сунуш кылынган текстти иштетүү (word processing) программасы болду.
Компьютер телевизорго окшош болгону менен анда үндү, видеосигналдарды кабыл алуучу системалар жок, аларды орнотуу керек, ошондо гана телеберүүлөрдү кабыл ала алат. Бирок, негизги айырма программалык жабдылуусунда (ПЖ) жатат. Ансыз компьютер деп чогулткан тетиктерибиз жөн эле «темир сандык». Программалык жабдуу деп компьютер жабдууларынын иштешин, аларды диагностоону жана тестирлөөнү, ошондой эле колдонуучунун каалагандай маселелерин иштеп чыгуусун, оңдолушун жана аткарылышын камсыз кылган программалардын тобу айтылат.
Программалык жабдуу бул:

  • ЭЭМ үчүн түзүлгөн программалардын жыйындысы;
  • программалоо тилдери;
  • окуу системаларынын колдонмолорундагы, жазмаларындагы, документтериндеги, стандарттарындагы маалыматтар;
  • программаларды жана алар жөнүндө маалыматтарды долбоорлоо, түзүү.

Адабияттар түзөтүү