Өндүргүч күчтөр - өндуруштөгу адам жана өндүрүш каражаттарынын жыйындысы; адамдын табиятка карата активдүү мамилесин туюнткан субъективдүү (адам) жана заттык (өндүрүш каражаттары) элементтер системасы; анын мааниси табигый байлыктарды материалдык жана рухий жактан өздөштүрүүнүн жана өнүктүрүүнүн натыйжасында адамдын жашоо шартынын жаңыланышында, өркүндөтүлүшүндө. Коомдун негизги өндүргүч күчтөрү адамдар, коомдук өндүрүшкө катышуучулар. Өндүргүч күчтөр өндүрүш ыгынын негиз жагын түзөт. Илимий-техникалык өнүгүү менен өндүргүч күчтөрдө да сапаттык өзгөрүүлөр болуп, жаңыланып турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү