Цивилизация

Өнөгө‎»‎ барагынан багытталды)

Цивилизация же жарандаштырым, өркөн – латынча civitas – «шаар, жарандык коом, мамлекет» деген түшүнүктөн тамыр алган. Алгач «цивилизация» термини француз тилинде XVIII кылымдын экинчи жарымында колдонула баштаган. Монтескье, Вольтер, Тюрго, Кондорсе өңдүү ойчулдардын эмгектеринде бул түшүнүк акыл-эске негизделген телегейи тегиз коомду, акыл-эске шайкеш келген мыйзамдуулук жана калыстыкты, нравалык жана интеллектуалдык бийиктикти туюндурган. XIX кылымдын башында Европада «цивилизациянын этнографиялык концепциясы» түзүлөт. Ал адамзат маданиятынын көп түрдүүлүгүнө маани берип, «ар бир элдин өз цивилизациясы бар» деп ырастайт. Бара-бара философияда цивилизациянын ар кыл теория, концепциялары жаралат. Алардын негизгилерин мындайча ажыратсак болот:

  • 1. Цивилизация – адамзат тарыхынын варварчылыктан кийинки баскычы. Ал таптардын, мамлекеттердин түзүлүшү, шаарлардын пайда болушу (урбанизация), жазуунун колдонулушу менен шартталат.
  • 2. Цивилизация – маданиятка маанилеш. Экөө тең коомдун өсүп-өнүгүшүн, адам жараткан баалуулук, идеал, нормаларды, социалдык болмуштун жолун-ыгын туюндурат.
  • 3. Цивилизация – коомдук турмуштун өзгөчө жагы, деңгээли. Ага «техникалык камсыздык», жашоо-турмуштун көңүлдөгүдөй шарты («комфорт»), «каалаганың» табылганы мүнөздүү.
  • 4. Цивилизация – адамзаттын биримдигин, көп кырлуу маданияттын бүтүндүгүн, жалпы адамзатка орток баалуулуктардын тутумун билдирет.
  • 5. Цивилизация – ар кандай маданияттын аяккы, «карыган», «соолуп бара жаткан» этабы, убагы.

Мындай көз караш ири алдыда О. Шпенглердин ысмы менен байланышкан. Ал элге кеңири маалым «маданий-тарыхый айлампа» теориясын түзүп, ага ылайык маданияттын ар бир түрү (тиби) үч стадияны басып өтөт: жаштык, болуп-толуп турган чак, бузулуп-кыйраш убагы, анан бул цивилизацияга айланат деп эсептеген. Цивилизациянын теориясын түзүүгө А. Тойнби (1889–1975) зор салым кошкон. Ал өзүнүн он томдон турган даңазалуу эмгегинде адамзат маданиятын тарыхый жактан кеңири изилдөөгө алып, цивилизацияны элементтери белгилүү тартипте жайгашкан, байланышкан система катарында мүнөздөйт да, табият же коом «чакырык» (Вызов) таштайт да, ага «жооп» (Ответ) бермек болуп, адамдар мейкин-мезгили аныкталган чекене (локальная) цивилизация түзүшөт деп тастыктайт. Ал эми Тоффлер, Белл өңдүү изилдөөчүлөр коомдогу өндүргүч күчтөрдүн өнүгүш деңгээлине жараша, экономикалык күч-кубатына ылайык цивилизацияны төмөнкүдөй түргө бөлөт:
– баштапкы цивилизация (архаикалык, салтчыл, алгачкы коом);
– агрардык-өнөрчүлүк (ремесленная) цивилизация;
– индустрия (өнөр жай) цивилизациясы;
– азыркы, индустриядан кийинки (постиндустриальная), информациялык цивилизация.
Адабиятта мындан башка да бир катар классификациялар учурайт. Цивилизациянын ар кандай чечмеленгенине карабай, бул изилдөөлөр адам коомунун өнүгүшүн теория деңгээлинде талдап-түшүнүү максатынан туулуп отурат.
Цивилизация – адамзат тагдырынын биримдигин, тарыхый процесстин бүтүндүгүн, адам акыл-эси жеткен ийгиликтерди, анын техникалык-технологиялык күч-кубатын, көздөгөн максатын, алган багытын мүнөздөйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8