Өнөр жайда Айкалыштыруу — Коомдук Өндурүштү Уюштуруунун кездемелердин, тигилүү кийимдердин, тамак-аш продукцияларынын көп түрү өндурүлүп чыгарылат. Кыргызстандын Өнөр прогрессчил түрү, өндүрүштү топ­тоштуруу формасы.

Бул бир эле ишканада ар кыл өндүрүштү технол. жана уюштуруу жагыиан бириктирүүгө негизделет да, өнөр жай өндүрүшүн топтоого, адистештирүүгө жана кооперативдештирүүгө тыгыз байланыштуу келет. Ал өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга, өндүргүч күчтөрдү туура жайгаштырууга жана аймакташ өнөр жай комплекстерин өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Өнөр жай айкалыштыруунун жөнөкөй формалары өндүрүш өнүгө баштаганда эле пайда болгон. Илимий-техникалык революция шартында өндүрүштү топтоштуруу жана айкалыш ирилештирүү — өнөр жайды онүктүрүүнүн башкы багыты. Капитализмде бул өндүрүш каражаттарынын жеке менчик болушу, өндүрүш анархиясы жана конкуренция менен чектелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.