“Мекендештер” форуму, 2012-жыл

"Мекендештер" форуму (шеринеси) - кыргызстандыктардын жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү 2012-жылдын 2-3-августунда Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте өткөргөн эл аралык шерине.

"Мекендештер форуму" 2-3 август, 2012-ж.

Экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулган “Мекендештер” форумуна катышуу үчүн 18 мамлекеттен 250гө жакын мекендеш адам келген. Иш-чаранын маданий бөлүгү 1-августта кечкурун Токтогул Сатылган уулу атындагы Улуттук филармонияда башталып, эл аралык сынактардын лауреаты, пианист Азамат Сыдыков жана скрипка чеберлери Райхан менен Андреас Айзенхуддар классикалык чыгармаларын аткарды. Бул форумдун расмий бөлүгү Бишкектин түштүгүндөгү Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында 2-3-августта өттү.

Кыскача тарыхы түзөтүү

 
Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева.

Мурдагы президент Роза Отунбаева негиздеген «Роза Отунбаева демилгеси» Эл аралык коомдук фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2012-жылдын 2-3-августунда Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте өткөрүлгөн кыргызстандыктардын биринчи «Мекендештер» форумуна дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген кыргызстандыктар жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышышты.

Уюштуруучулар бул шериненин зарылчылыгы тууралуу түзөтүү

“Эгемендүүлүктүн 20 жыл аралыгында биздин өлкөдө маанилүү өзгөрүүлөр болуп өттү. Кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстан алдыга ишенимдүү кадамдарды таштап, чоң ийгиликтерге жетишүүгө умтулуп жатат. Бул кадамдардын бир топ бөлүгү, биздин активдүү мекендештерибиздин аркасынан болуп жатканы да анык. Биздин мамлекетибиздин көрүнүктүү артыкчылыктарынын бири, бул албетте, адам ресурстары. Ааламга кызмат өтөгөн, Кыргызстандын уул-кыздары, ийгиликтүү илим жана билим адамдары, Мекенибиздин чыныгы патриоттору экендигине шек жок. Алар дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун, Мекенине күйүп, аны жүрөгүндө ыйык тутуп келишет.

Чогулуунун мезгили келди. Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн тажрыйба, билим жана ийгиликтерибиз менен бөлүшөлү. Биздин колубузда, өлкөбүздү өркүндөтө турган бардык нерсе бар. Биз биригип, болгон күч аракетибизди Мекенибиздин өсүп өнүгүүсүнө багытташыбыз керек.

Бул жыл сайын өтүүчү форум кызматташуунун жана «байланышты» орнотуунун, мүмкүнчүлүктөрдү жана жетишкендиктерди тааныштыруунун, биригүүнүн жана көптөгөн маселелердин чечилишинин аянтчасы болууга тийиш. Дүйнөлүк илим менен билим, бизнес менен өндүрүш, мамлекеттик бийлик орган, саламаттыкты сактоо, маданият менен чыгармачылыктын өкүлдөрү болгон, дүйнөнүн ондогон мамлекеттеринен келген мекендештер бир жерде чогулушат. Сиздердин алдыныздарда өкмөт мүчөлөрү, бизнес, маданият жана илим тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү сөз сүйлөшөт. Сиздер мамлекетибиздин өнүгүшүнүн пландары, жетишкендиктери жана көйгөйлөрү тууралуу маалыматтарды биринчи колдордон ала аласыздар”, - делет уюштуруучулар интернетте жарыялаган билдирүүдө.

“Мекендештер” форумун уюштуруу комитетинин төрайымы Элвира Сариева: “Форумдун максаты - мекендештерди жөн гана чогултуп, чай ичип кетип калуу эмес. Мекенибиз оңолуп кетсе, жакшы пайдалуу сунуш долбоорлор айтылса деген максат менен форум өткөнү жатат”, - деп шериненин босогосунда маалымат каражаттарына билдирген.

Шериненин жыйынтыгы түзөтүү

Форумга катышуу үчүн алыстан келген кыргызстандыктар өз сунуштарын айтып, ишке ашырам деген долбоорлорунун планы менен тааныштырышты.

Шериненин соңунда кезектеги шеринени 2014-жылы өткөрүү тууралуу макулдашылды.

«Issyk-Kul Grand Prix 2012» аттуу иш-чара түзөтүү

«Мекендештер» форуму Бишкекте аяктаган соң, 4-5-августта Ысык-Көлдө Кыргызстандын жакшы имиджин жана туризмди илгерилетүүгө багытталган «Issyk-Kul Grand Prix 2012» аттуу иш-чара өтүүдө.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунан билдиргендей, веложарыш 4-августта Балыкчыдан башталып Кызыл-Тууга чейин уланды. Анда ар бир каалоочу катышып, 50 чакырымга созулган веложарышта өзүн сынай алды. Андан соң, каалагандар 67 чакырымды түзгөн жарышка катышып башкы байге - тоо велосипеди үчүн ат салышты.

Веложарыштын маршруту Кызыл-Туу – Аалам-Ордо каттамындагы трасса болду, ошол эле жакта жеңүүчүлөр салтанаттуу түрдө сыйланды.

Велосейилдөө жана веложарышка Кыргызстан жана Казакстандан 100дөн ашуун спортчулар катышаары алдын-ала айтылган. Бул иш-чара Лондондогу Олимпиадада парустук спорт боюнча Кыргызстандан жалгыз катышуучу Илья Игнатьевге арналды.

Ал эми 2012-жылы 5-августта Чолпон-Ата шаарындагы «Каприз» пансионатында КР парустук спорт федерациясы менен биргеликте уюштурулуп жаткан парустук регата өтөт. Регатада Украина, АКШ, Канада, Германиядан келген мекендештердин топтору катышып, «Issyk-Kul Grand Prix 2012» башкы кубогуна ат салышышат.

«Парустук регата жана веложарыш мекендештер тарабынан туризм жана дени сак жашоону илгерилетүү үчүн уюштурулуп жатат. Биз Ысык-көл деген байлыгы бар бактылуу элденбиз, спорттун бул түрлөрүн жайылтуу, биздин өлкөдөгү туризмди өнүктүрүүдөгү алгачкы кадам», - деп уюштуруучулардын бири, Казакстандагы мекендеш Нурбек Тойчубаев айтканын “Баракелде” интернет басылмасы кабарлады.

Аталган иш-чаралар «Мекендештер» форумунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ мекендештер менен биргеликте «Газпром-Нефть Азиянын» каржылык колдоосу менен уюштурулууда.

Адабият тизмеси түзөтүү


Интернеттеги шилтемелер түзөтүү