.azАзербайжан үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен. Домен 1993-жылдын 23-августунда киргизилген жана расмий түрдө 25-августтан тартып иштей баштаган.

.az
Azlogo.png
Киргизилген жылы

1993-жылдын 23-августу

Домендин тиби

жогорку деңгээлдеги улуттук домен

Макамы

иш үстүндө

Каттоочу уюм

AZNIC

Уюштуруучу

IntraNS

Багыты

Азербайжан менен байланышкан объектер

Колдонулушу

Азербайжанда кеңири колдонулат

Каттоодо болгон жолтоолор

Резиденттер гана катай алышат

Маңызы

Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот

Документтер

Whois.Az

Жогорку деңгээлдеги улуттук домендердин картасы

IntraNS тарабынан көзөмөлдөнөт. Азербайжанда жайгашкан же ага байланыштуу объекттер үчүн колдонулат. Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот. Негизги үчүнчү деңгээлдеги домендери: com.az, net.az, int.az, gov.az, org.az, .edu.az, .info.az, .pp.az, .mil.az, .name.az, .pro.az жана biz.az.

Азербайжан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Украинадан кийинки эле өз доменин алган экинчи өлкө.

.az доменин каттоонун баасы 20 манатты түзөт. Техникалык колдоонун бир жылдык баасы дагы 20 манат[1] .

Учурда Азербайжанда .az зонасында аккредитацияланган бир нече каттоочулар бар, Онлайн портал ( Online.az )жана Smarthost.az . Эки катточу тең .az аймагында доменди каттоону өлкөнүн резиденттерине гана сунушташат.

WHOIS ресурсунун маалыматы боюнча, 2021-жылдын 14-октябрына карата .az улуттук домен аймагында 37 967 сайт катталган, анын 35 510 экинчи деңгээлдеги домендер .

Тарыхы түзөтүү

.gov.az домени 2005-жылы Атайын мамлекеттик коргоо кызматына берилген

Булактар түзөтүү

Тышкы шилтемелер түзөтүү