1920-жылдын бул күнү Пишпек шаарында сабатсыздыкты жою үчүн уезддик атайын комиссия уюшулган. Кыргызстандык өнөр жай жана транспорт кызматкерлери 1935-жылдын 14-декабрында I Бүткүл кыргыз стахановчулардын слетуна чогулушту.


1904-жылы Пишпек шаарынын калкы 10 миң адамга жеткен. Орус жер которуучулары «ажайып шаар» атаган Пишпектин калкынын өсүшүнө 1901-жылкы Россиядагы жут себеп болгон. Россиядагы жут айынан миңдеген дыйкандар Пишпек уездине жер которгон.

Түркстан АССРинин билим берүү наркомунда сабатсыздыкты жою үчүн түзүлгөн Атайын комиссиянын программасына ылайык, Кыргызстанда да тийиштүү чаралар көрүлө баштаган. 1920-жылдын бул күнү Пишпек шаарында сабатсыздыкты жою үчүн уезддик атайын комиссия уюшулуп, аймактагы сабатсыз адамдарды мектеп партасына отургузуп, сабат жоюп, кат таануу иштери жүргүзүлгөн. 1920-жылдын бул күндөрү Кыргызстандагы совет бийлигинин алгачкы жылдарынын натыйжалары чыгарыла баштаган. Атайын жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык Пишпек уездинин малы үч эсеге азайып, айдоо аянттары 50% кыскарып, буудайдын баасы 25-30 эсеге өскөн. Анткен менен ушул жылдын бул күндөрү граждандык согушка жардам берүүнүн 9 күндүгү өткөрүлүп, элден эгин-тегин күч менен чогултулуп турган.

Кыргызстандык өнөр жай жана транспорт кызматкерлери 1935-жылдын 14-декабрында I Бүткүл кыргыз стахановчулардын слетуна чогулушту.

Согуш айынан Кыргызстанга эвакуацияланган геологдор менен палеонтологдор 1942-жылдын бул күнү Серафимовка кыштагынан илим үчүн маанилүү ачылыш жасагандыгын билдиришти. Башында академик Алексей Борисовский турган илимпоздор мындан үч салалуу жылкы-гиппариондун сөөгүн табышкан. Мындан тышкары байыркы доорго таандык деңиз жана кургак жандыктардын скелеттери чыгып, ал Кыргызстан аймагында биосферанын эволюциялык өнүгүшүн аныктаган.

1947-жылдын декабрь айындагы Советтер союзунда жүргүзүлгөн акча реформасы Кыргызстанга да таасир тийгизбей койгон жок. Реформага ылайык эски 10 рубль жаңы 1 рублга алмаштырылып, 14-декабрда акча алмашууга үлгүрбөй калган калк, жапа тырмак азык-түлүк дүкөндөргө чабуул коюп башташты. Бул күнү Фрунзе шаарынын дүкөндөрүнө тамак-аш продуктылары токтобой, эл болгон товарды талап кеткен.

Бул күнү, 1825-жылы Петербургдун Сенат майданында декабристтердин көтөрүлүшү чыгып, 1911-жылы норвегиялык Роальд Амундсендин экспедициясы Түштүк уюлга жеткен.