5 Апрель (Чын куран)
(«5-апрель» барагынан багытталды)
5-апрель - Григорий календары боюнча 95-күнү, жылдын аягына чейин 270 (толук жылда 271) күн бар.
← апрель → | ||||||
Дш | Шш | Шр | Бш | Жм | Иш | Жк |
1 | 2 | 3 | 4 | |||
5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 |
19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 |
26 | 27 | 28 | 29 | 30 | ||
2024-ж. |
Майрамдар
түзөтүү- Ошондой эле караңыз: Категория:5-апрель майрамдары
- Корея Республикасы — Бактарды отургузуу күнү.
- Малайзия, Гонконг, Макао, Кытай Республикасы — Маркумдарды эскерүү күнү.
- Эл аралык шорпо күнү
Окуялар
түзөтүү- Ошондой эле караңыз: Категория:5-апрель окуялары
XVIII кылымга чейин
түзөтүү- б.з.ч. 56-жылы — Лукта римдик триумвирлер Цезарь, Красс жана Помпей бийликти өз ара бөлүп алышкан (Биринчи Рим Триумвираты).
- 456-жылы — Ыйык Патрик Ирландияга миссионер катары кайтып келет.
- 1242-жылы — Муз үстүндөгү согуш (Чудь көлүндө). Александр Невский баштаган новгороддук жана владимирликтердин Ливон орденинин рыцарларына каршы согушу.
- 1327-жылы — Авиньонадагы Ыйык Кларанын чиркөөсүнөн италиялык акын Франческо Петрарка Лаураны көрүп, жактырып калган.
- 1340-жылы — Гибралтар кысыгында араб флоту испандык эскадраны талкалаган.
- 1398-жылы — немистер Готланд аралынан каракчыларды (виталийдик туугандарды) сүрүп чыгарышкан.
- 1453-жылы — Түрк султаны Мехмед II Константинополь шаарын курчоого алган, ал шаарды (Стамбул) май айынын аягында басып алган.
- 1652-жылы — Добрая Надежда тумшугуна голланддык Ян Ван Рибек баштаган экспедиция келген .
XVIII кылымда
түзөтүү- 1710-жылы — Филипп Орлик Бендеры шаарында «Запорожье Аскер Уставына» кол койгон.
- 1722-жылы — голланддык саякатчы Якоб Роггевен Пасха аралын ачкан.
- 1772-жылы — Париж парламенти драматург Пьер Бомаршка досу Пари-Дюверне тарабынан мураска калтырылган көп суммадагы акчаны берүүдөн баш тарткан.
- 1792-жылы — Джордж Вашингтон АКШнын тархында биринчи жолу президенттик ветону колдонгон.
- 1793-жылы — Жан-Поль Марат якобинчилер тобунун президенти болуп шайланган.
- 1794-жылы — Робеспьер тарабынан камакка алынган якобинчилер - Жорж Дантон, Камиль Демулен ж.б. өлтүрүлгөн.
- 1795-жылы — Базель шаарында Франция жана Пруссия тынчтык келишимине кол коюшкан.
XIX кылым
түзөтүү- 1804-жылы — Наполеонго каршы чабуулду уютургандардын башчысы делген француз генералы Шарль Пишегрю париждик түрмөдө белгисиз жагдайларда өлтүрүлгөн.
- 1815-жылы — Индонезиядагы Сумбава аралында жайгашкан Тамбора вулканы атып чыккан жана ал бир жумааг созулган. Бул адам баласынын тарыхындагы эң бир чоң вулкан атууларынын бири болуп эсептелинет (лава жана күлдүн көлөмү 180 куб километрге чейин жеткен). 92 миңдей адам өлгөн.
- 1818-жылы:
- Сантьяго шаарынын жанында (Чили) Хосе Мартинин түштүк америкалык аскерлери испан армиясын талкалаган.
- Майпунун жанындагы бүткүл Чилиде испандыктардын бийлигин соңуна чыгарган согуш болгон.
- Парижде барон Карл де Дрез велосипеддин баштапкы ойлоп табуусу болуп калган эки дөңгөлөктүү аралыкка жүрүү куралын элге көрсөткөн.
- 1843-жылы — Гонконг Улуу Британиянын ээлиги катары жарыяланган.
- 1895-жылы — Оскар Уайльд маркиз Куинсберри аны гомосексуалист деп жалаа жапкандыгы үчүн аны сотко берген жана ал сотто утулуп калган.
- 1896-жылы — Афины шаарында азыркыдай заманбап Олимп Оюндары өтө баштаган (6-15 апрель аралыгында). Бул күнү америкалык Джеймс Конноли алыска секирүүдө биринчи Олимп Оюндарынын жеңүүчүсү болгон(13,71 м. көрсөткүчү менен).
XX кылым
түзөтүү- 1913-жылы — Нильс Бор кванттык теориянын башаты болгон «Атомдор жана молекулалардын түзүлүшү» аталышындагы макаласын жазып бүткөн.
- 1940-жылы — Катынь шаарында массалык атуулар башталган.
- 1941-жылы:
- немисттик жана италиялык аскерлер Югославия жана Грециянын аймагына басып киришкен.
- СССР жана Югославия ортосунда «Достук жана кол салбастык тууралуу» келишимге кол коюшкан.
- 1942-жылы — япон аскерлери Цейлон аралындагы (Шри-Ланка) биринчи бомбалоосун баштаган.
- 1943-жылы:
- Кызыл Армиянын курамында «Нормандия» (кийинчерээк «Нормандия-Неман») француздук эскадрильясы кызмат өтөй баштаган.
- Бразилиянын жээгинде балыкчылар англиялык моряк Пун Лимди алып чыгышкан. Ал өз кезегинде океанда устундан жасалган кайыкта рекорддук — 133 күн болгон.
- АКШда Антуан де Сент-Экзюперинин эң таанымал чыгармаларынын бири болгон «Кичинекей шахзаада» (Маленький принц) чыгармасы англис тилинде чыккан.
- 1945-жылы:
- Советтик Союз Япония менен кол салышпоо келишимин жокко чыгарган.
- Тексел аралында Грузиндик көтөрүлүш башталган.
- 1951-жылы — АКШнын Жогорку Соту СССРдин пайдасына атомдук шпионаж кылган Джулиус жана Этель Розенбергдерге өлүм жазасын буйруган.
- 1955-жылы — Уинстон Черчилль Улуу Британиянын өкмөт башчылык кызматынан кеткен.
- 1961-жылы — АКШнын президенти Дж. Ф. Кеннеди Кубага каршы аскердик операциясын баштаган.
- 1970-жылы — СССР бийлигинин чечимине ылайык, Адольф Гитлер жана келинчеги Ева Браундун калдыктары Магдебургдан 11 км алыс аралыкта кремация жолу менен жок кылынган.
- 1971-жылы — «Роллинг Стоунз» рок-тобу өзүлөрүнүн үн жаздыруу фирмасын ачышкан — Rolling Stone Records. Бул фирманын белгилүү өзгөчөлүгү болуп — сунулган тил болгон.
- 1975-жылы — «Союз-18-1» космостук кемени ишке киргизүүдө ракета-таратуучу жарылып кеткен.
- 1977-жылы — «Нива» аталышындагы белгилүү жол тандабас — ВАЗ-2121 жарыкка чыккан.
- 1980-жылы — Афганистан жана СССР — Ооганстандын аймагында советтик аскерлердин контингентин киргизүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан.
- 1991-жылы — РСФСРдин Жогорку Совети Борис Ельцинге ыйгарым укук тартуулаган.
- 1992-жылы — Босния жана Герцеговина Югославиянын курамынан чыккандыгы тууралуу билдирген.
XXI кылым
түзөтүү- 2004-жылы — Иракта Фаллуджа үчүн биринчи согуштук аракеттер башталган.
- 2005-жылы — Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев президенттиктен кеткен.
Төрөлгөндөр
түзөтүү- Ошондой эле караңыз: Категория:5-апрель күнү төрөлгөндөр
Бул бөлүмдү жакшыртуу керек. Википедия көмөгүңүзгө муктаж.
Кайтыш болгондор
түзөтүү- Ошондой эле караңыз: Категория:5-апрель күнү өлгөндөр
Бул бөлүмдү жакшыртуу керек. Википедия көмөгүңүзгө муктаж.