6-июнь

6 Июнь (Кулжа)‎»‎ барагынан багытталды)

6-июньГригорий календары боюнча 157-күнү (толук жылда 158), жылдын аягына чейин 208 күн бар.


июнь
Дш Шш Шр Бш Жм Иш Жк
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
2024-ж.

Майрамдар түзөтүү

Окуялар түзөтүү

  Кыргызстанда түзөтүү

  • 1905 — Копал уезд башчысынын жардамчысы капитан Вирский, Пишпек уездинен келген кыргыздардын арызы боюнча уезд башчысына рапорт жолдогон. Анда кыргыздар менен казактардын министрлер комитетинин төрагасына жазган петициясы туурасында сөз жүрөт. Бул жылы кыргыздар менен казактар биргелешип, алардын укуктары басмырланып жаткандыгына кабатырланып петиция кабыл алышкан. Уезд башчысынын жардамчысынын рапортуна алардын петициясы Шабдан Жантаев аркылуу падышалык бийликке жеткириле тургандыгы белгиленет.
  • 1918 — Синьцзянга качкан ак гвардиячыл казак-орустар Пржевальск жана Жаркен уездерине каптап киришти. Буга чейин жергиликтүү бийлик тарабынан улуттук саясат, дин иштери жана тамак-аш маселесин чечүүдө каталык кетирилип, ал большевиктердин саясатына залакасын тийгизген жана ал контрреволюциячыл күчтөргө көмөк көрсөткөн. Клецко баштаган кызыл аскерлер отряды аларга каршы коюлуп, анда кызмат өтөгөн Сүйүнбаевге М. окшогон кыргыз жоокерлери душманга каршы күрөшүүдө каармандык көрсөткөн.
  • 1928Кыргыз АССРинин чөлкөмтаануу боюнча мамлекеттик музейинин жетекчиси Абрамзон С.М. маалымдоо каражаты аркылуу Фрунзе шаардык кеңешине акаaрат айтты. Макалада шаардык бийлигинин борборунда орун алган “жападан жалгыз тарыхый эстелик эсептелген – кокон хандыгынын чебин” коргой албагандыгына күнөө коюлат.
  • 1928 — кыргыз улуттук агартуу комитетине караштуу Академиялык борбору, Ленинград чыгыштаануу институтунун кызматчысы Юдахин, Константин менен ошол эле институттун студенти Хусаин Карасаевге кыргызча-орусча сөздүктү түзүү тапшырмасын жүктөгөн. Башында аларга сөздүктү түзүү үчүн бир жыл мөөнөт берилген. Бирок жаш изилдөөчүлөрдүн изденүүсү он жылдарга уланып, акыры алардын эмгек үзүрүнүн акыбети фундаменталдык эмгек менен жыйынтыкталган.


  Дүйнөдө түзөтүү

Төрөлгөндөр түзөтүү

Каза болгондор түзөтүү