Aнамнeз (грекче anamnesis - эстөө) – ден соолугу, жашоо шарты, мурда кандай оору менен ооругандыгы жана башкалар жөнүндө бейтап өзү же аны жакшы билген адамдар билдирген маалымат жыйындысы. Дарыгер дарттын диагнозун туура коюу жана дарылоо үчүн пайдаланат. Aнамнeз - дартты так табууга мүмкүндүк берүүчү изилдөө ыкмасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1