«Эйр Бишкек» авиакомпаниясы[2] (англ. Air Bishkek, орус. Авиакомпания «Эйр Бишкек») — Кыргызстандын авиакомпаниясы, штаб-батири Бишкекте жайгашкан. Авиакомпания Евробиримдиктин өлкөлөрүнө учууга тыюу салынган авиакомпаниялардын «кара тизмесине» кирет.

Air Bishkek
IATA
KR
ICAO
EAA[1]
Чакыруу белгиси
EASTOK[1]
Негизделген жылы 2004 (Kyrgyz Airways аталышы менен)
2006 (Eastok Avia-га аталышын өзгөрткөн)
2011 (Air Bishkek-ке аталышын өзгөрткөн)
Операциялык базалары Манас эл аралык аба майданы
Флот өлчөмү 2
Учуу багыттары 10
Штаб-батири Кыргызстан Бишкек, Кыргызстан
Ачкыч инсандары Вера Перелыгина - Башкы Мүдүр
Сайты airbishkek.kg

«Air Bishkek» — Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) мүчөсү.

Тарыхы түзөтүү

 
Airbus A320-200

Компаниянын тарыхы 7-февраль 2007-жылдан башталат. Авиакомпания ишмердүүлүгүнүн биринчи жылдарында, өз учактарын жергиликтүү авиакомпанияларга лизингге берип турган. 14-сентябрь 2009-жылы Бишкек — Ош — Бишкек каттамы ачылган.

Авиакомпаниянын каттамдары жана ташуулары күн санап өсүүдө.

Мурда авиакомпания «Kyrgyz Airways» деп аталчу, бирок 2011-жылы өз аталышын өзгөртүүгө аргасыз болгон, анткени Кыргызстанда кирил жазмасында «Кыргыз Эйрвэйс» аттуу окшош аталыштагы компания болгон[3].

Ишмердүүлүгү түзөтүү

Бонустук программасы түзөтүү

Жүргүнчүлөр рейстерде учуп упай топтоп, кийин аны авиакомпаниянын кызматтарына алмаштыра ала турган, авиакомпаниянын «Белек Бонус» программасы иштейт[4].

Борттук басмасы түзөтүү

Толук түстүү «Sky Bishkek» журналы басылат.

Учуу багыттары түзөтүү

Авиакомпания Бишкек жана Оштон Москва, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Стамбул, Санкт-Петербург, Үрүмчү, Сургут, Белгород, Екатеринбург шаарларына жүргүнчүлөрдү ташыйт.

Флоту түзөтүү

Учак Саны Орун саны Эскертүүлөр
Airbus A320 2 168Эк; 168Эк
Боинг 737-300 1 148Эк

Эскертүүлөр түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү