Alibaba Group (кыт. 阿里巴巴集团控股有限公司; пинйин: Ālǐbābā Jítuán Kònggǔ Yǒuxiàn Gōngsī) -- желе порталдары аркылуу керектөөчүдөн-керектөөчүгө, бизнестен-керектөөчүгө жана бизнестен-бизнеске сатуу кызматтарын көрсөткөн кытай электрондук соода компаниясы. Ал электрондук төлөм кызматтарын, соода-сатык издөө системасын жана маалыматка багытталган булут эсептөө кызматтарын көрсөтөт. Топ Жек Ма 1999-жылы Alibaba.com сайтын негиздегенде пайда болгон. Ал чет өлкөлүк сатып алуучулар менен кытайлык өндүрүүчүлөрдү байланыштыруу үчүн бизнестен-бизнеске порталы болгон. Alibaba'нын порталдарынын экөөсү 2012-жылы 1.1 триллион юанды ($170 млрд) колго алган. Башка өлкөлөрдүн товар камсыздоочулары (Кытай компанияларына караганда алда канча катуу текшерүүлөр менен) колдоого алынган, бирок компания негизинен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) ичинде иш алып барат. Баштапкы коомдук сунуштоо (БКС) күнүндөгү аяктап аткан убакыт учурунда, 2014-жылы 19-сентябрда, Alibaba'нын базар баасы 231 млрд АКШ долларын түзгөн. Бирок, биржа түшүп кетип, базар капиталы 2015-жылдын декабрында болжол менен 212 млрд АКШ долларын түзгөн.

Alibaba Group
阿里巴巴集团
Түрү

Коомдук компания

Листинг биржада

NYSE: BABA

Негизделген жылы

Ханчжоу , Кытай (1999)

Негиздөөчүлөрү

Джек Ма
Пэн Лэй

Жайгашкан жери

Ханчжоу
 Кытай

Маанилүү фигуралар

Джек Ма (президент)
Джонатан Люй (CEO)
Иосиф Цай (вице-президент)

Өндүрүшү

Интернет-сатуу, электрондук коммерция

Киреше айлануусу

CN¥ 76.2 млрд (2015)

Капиталдаштыруу

266 миллиард доллар

Жумушчуларынын саны

35000 (2015)

Сайт

alibaba.com

2017-жылдын августуна карата, Alibaba өзүнүн платформаларында ай сайын 529 миллиондон ашуун мобилдик колдонуучуга ээ болгон.

2017-жылдын май айында Alibaba'нын базар капиталы 305 млрд АКШ долларына чыгып, Tencent'тен кийинки орунга жайгашкан. Ошол эле мезгилде Alibaba дүйнөнүн эң алдыңкы 10 баалуу компаниянын бири болуп калган. Alibaba'нын базар капиталы 2017-жылдын 8-июнунда 360 млрд АКШ долларына өскөн. Ошондой эле компания соода-сатыктын өсүшү тууралуу кабарлап, бул ар бир эле аналитиктин божомолунда алдыңкы орунда турган. Ал эми ошол эле учурда Tencent'тен озуп өтүп, Азиянын эң кымбат компаниясы болуп калган.

2017-жылы июлда Alibaba 400 млрд АКШ доллар упай белгисинен өткөн Азиянын биринчи компаниясы болуп калган, ал эми 2017-жылдын аягына чейин анын базар капиталы 420 млрд АКШ долларын түзгөн.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү