Саясий уюм (коомдо) – институттар системасы; анын чегинде коомдун саясий турмушу, анын саясий системасынын башкаруучу бөлүгү өтөт. Саясий уюмдун жетектөөчү элементи – мамлекет болот. Бийлик, материалдык ресурстар жана мажбурлоо аппаратына ээ болуу менен бирге cаясий уюм өлкөнүн саясий системасынын институттарынын укуктук статусун жана алардын ишмердүүлүгүнүн юридикалык чектерин орнотот; таптардын, улуттардын, коомдогу башка социалдык топтордун кызыкчылыгынын тен салмактуулугун камсыз кылат; эл аралык аренада коомдун кызыкчылыгын коргойт. Коомдун, анын социалдык топтору жана катмарларынын абдан активдүү жана уюмдашкан бөлүгү саясий партияларга биригишкен. «Партиясыз» мамлекеттер дүйнөдө бир деп саналат, көп өлкөлөрдө көп партиялуулук өкүм сүрөт. Көп партиялуулуктун калыптануу жана өнүгүү процесси КМШ жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө кызуу жүрүүдө. Ар бир саясий партиянын келип чыгуусунун жана ишмердүүлүгүнүн маңызы – бул саясий бийликке умтулуу мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын калыптанышында жана ишке ашканда атышуу болуп эсептелинет.
Саясий уюмдун маанилүү структуралык элементтери болуп коомдук уюмдар: профессионалдык, коргонуучу, чыгармачыл, жаштар, ардагерлердин, аялдардын ж.б. Ар кандай даражада: бири системалуу түрдө, экинчилери – эпизоддук түрдө бул ыктыярдуу бирикмелер жарандын саясий ж.б. кызыкчылыктарын чагылдырышат, алардын социалдык-саясий активдүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө мүмкүндүк берет. Реалдуу кадыр-баркына ылайык коомдук уюмдар мамлекеттик жана коомдук ишмердик башкарууда, социалдык-саясий проблемаларды чечүүдө катышышат.
Коомдун саясий системасынын активдүү жана өз алдынча элементи катары массалык маалымат каражаттары – басма сөз, радио берүү, телекөрсөтүү каналдары боюнча массалык маалыматты чогултуу, иштеп чыгаруу жана жайылтуу менен иш кылган мекеме-уюмдар чыгууда. ХХк. экинчи жарымында массалык маалымат каражаттарынын улуттук системасы калыптанып, регионалдык жана глобалдык системалар түзүлүүдө. Алардын ишмердүүлүгүндө жалпы адамзат ориентирлери жана мамлекеттик, партиялык же мекемелик буйруктан көз карандысыздык зор мааниге ээ болууда. Саясий турмушта массалык маалымат каражатынын маанисин эске алып, аларды кээде «төртүнчү бийлик» деп да атап коюшат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9