Dream Works Pictures (Dream Works SKG, Dream Works Studios же DreamWorks катары таанымал, Storyteller Distribution Co., ЖЧК аркылуу иш жүргүзөт) - Amblin Partners компаниянын тасма чыгаруучу америкалык фирма белгиси. Студия башында өзүнүн жана башкалардын тасмаларынын жайылтуусу менен өз алдынча иштечү. Ал ар бирөо өз алдынча 100 миллиондон ашык кассалык чогултууларды топтогон 10 тасма чыгарган. 2016-жылдын октябрынан тартып DreamWorks тасмалары Universal Pictures аркылуу жайылтылган.

Dream Works долбоору 1994-жылы башталган, аны Стивен Спилберг, Жеффри Каценберг жана Дэвид Геффен (чогуу SKG) Голливудта жаңы студия ачуу максаты менен негиздешкен, алар компаниянын 72% үлүшүнө ээ. Учурда, Dream Works студиясы Universal Studios кеңсесинин тышында иш жүргүзөт. 2005-жылдын декабрында негиздөөчүлөр студияны Paramount Pictures компанияга таандык болгон Viacom медиаконгломератына сатууга макул болушкан. Сатуулар 2006-жылдын февралында аяктаган (учурдагы аталышы: DW Studios L.L.C.). 2008-жылы, Dream Works Paramount менен кызматташтыкты токтотууга ниетин билдирип индиялык Reliance ADA Group компаниясы менен тасма чыгаруу боюнча 1,5 миллиард доллардык келишимге кол койгон. Reliance компаниясы Dream Works SKG студиясын көз карандысыз Dream Works Studios студиясына айлануусуна 325 миллион доллар каржылаган. J. P. Morgan Securities Entertainment Industries group корпорациясынын мурунку директор-башкаруучусу Кларк Халлрен жана Алан Ж. Левин (J. P. Morgan Entertainment Advisors) компанияны кайрадан түзүү боюнча иштеген Reliance компаниясынын тобуна башчылык кылган. Кийинки жылы Dream Works Walt Disney Studios менен тасма жайылтуу боюнча макулдашуу түзгөн, ал макулдашуу боюнча Disney компаниясы Dream Works тасмаларын Touchstone Pictures компаниясы аркылуу жайылтууга милдеттүү болгон, бул келишим 2016-жылга чейин уланган. 2015-жылы Amblin Partners компаниясы түзүлгөн соң студия Universal Pictures менен тасма жайылтуу боюнча келишимге кол койгон.

Dream Works студиянын мультфиьм чыгаруучу сектору 2004-жылы DreamWorks Animation катары иштеп баштаган, ал учурда Dream Works компаниянын фабрика маркасы, ал эми 2016-жылдын августунан баштап NBC Universal компаниянын туундусу болгон. Спилбергтин компаниясы Universal Studios уруксаты менен Dream Works компаниянын фабрика маркасын колдонууда.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү