ETH Цюрих
ETH Цюрих (Цюрихтеги швейциялык федералдык технология институту; нем. Eidgenössische Technische Hochschule Zürich) - илимий, технологиялык, инженериялык жана математикалык университет болуп саналат. Ал Швейцариядагы Цюрих шаарында жайгашкан. Ага окшош EPFL мекемеси сыяктуу, ал Швейцардык федералдык технологиялар доменинин (ETH Domain) ажырагыс бөлүгү болуп саналат. ETH Domain Швейцариянын Федералдык экономика, билим берүү жана изилдөө департаментине түздөн-түз баш ийет. Ал инженерлерди жана илимпоздорду чыгаруу максаты менен 1855-жылы Швейцариянын федералдык өкмөтү тарабынан негизделген. Ал илим жана техника тармактарын улуттук борбору болуп, илимий коомчулукту жана өнөр жайды байланыштырып, өнүктүрөт.
Цюрих университети QS World University Rankings by Subject боюнча инженерия жана технология тармактары менен дүйнөдө мыкты жогорку окуу жайлардын арасында 5-орунда турат. 2016-жылдын QS World University Rankings тизмесинде 8-орунду ээлесе, 2015/16-жылдары QS World University Rankings by Subject боюнча Жер жана деңиз илимдери менен дүйнөдөгү эң мыкты жогорку окуу жайлардын бири катары белгиленген.
Мурунку студенттер жана профессорлор арасында жыйырма бир Нобель сыйлыгынын ээлери болгон, алардын ичинде белгилүү окумуштуу Альберт Эйнштейн да бар.
Ал IDEA лигасынын жана Эл аралык изилдөө университеттер альянсынын (IARU) бир уюштуруу мүчөсү, жана ошондой эле CESAER тармагыны мүчөсү болуп саналат.