Halo
"Halo" - америкалык ырчы Бейонсенин I Am...Sasha Fierce (2008) альбомундагы сингл. Ырдын негизги маңызы Бейонсенин макияжсыз жана атак-даңктын белгилерисиз жөнөкөй турмушуна көз чаптыруу болгон. Ырды Райан Теддер жана Эван Богарт атайын Бейонсе үчүн жазышкан. Бирок ММКлар башында ыр Леона Лүиске арналган деп болжолдошкон. Синглге Австралияда төрт жолку платина, Испания жана АКШда эки жолку платина статусу тастыкталган.