iOS - Электрондук техникаларды өндүргөн “Apple” корпорациясынын өздүк оперативдик системи. Бул оперативдик систем аталган корпорациянын гана техникаларына орнотулат.

(Мурдагы аталышы iPhone OS)
Компания / түзүүчү Apple
ОС бүлөсү Unix
Иштөө абалы иште
Код модели Жабык (Бош компонентүү)
Биринчи релизи 29 июль 2007 жыл
Колдогон тилдер(s) 34 тилдүү
Башкаруучу пакет Apple store
Колдогон платформалар

биринчи релизи (9.0) жеткиликтүү:

    • iPhone 4S, 5, 5C, 5S, 6, 6 Plus, 6S, 6S Plus;
    • iPod touch 5G; 6G;
    • iPad 2, 3, 4, Air, Air 2, Pro
    • [[iPad mini]], iPad mini 2, iPad mini 3, Pad mini 4
    • [[Apple TV]] 2Gen, 3Gen
Кернел тиби XNU Монолиттик
Баштапкы колдонуучу интерфейси API
Расмий веб сайт apple.com/ru/ios

Мүнөздөмө түзөтүү

Артыкчылыктары
  • Колдонууга оңой жана түшүнүктүү. Ичиндеги кызматтарды колдонуу ашыкча түйшүктү талап кылбайт.
  • Интернетке кирүү жогорку ылдамдыкта.
  • Программалардын иштөөсүн тез аткарат.
  • Программа, оюн жана башкаларды жүктөөдө вирус кирип кетүү коркунучу жокко эсе.
  • Оюндары, программалары сапаттуу.
  • Android’ге салыштырмалуу энергияны аз сарптайт.
  • Оперативдик системди жаңылоого мүмкүн.
  • Картадан жүргөн дарегиңизди, ошол аймактын аба ырайын аныктап, жергиликтүү ресурс, сервистерине кирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
  • Видеобайланышты камсыздайт.
  Кемчиликтери


  • Аталган оперативдик систем бир гана “Apple” корпорациясынын телефондоруна орнотулат.
  • Программа, оюн жана башкаларды жүктөө үчүн корпорациянын өндүргөн продуктыларын гана жүктөөгө болот, ошондой эле алардын баасы башкаларга салыштырганда кымбат турат.
  • FM радио жок.
  • Видеолордун көпчүлүк форматын окуйт. Ал эми flv форматындагы видеону көрсөтө албайт. Бул үчүн атайын программа орнотуу зарыл.
  • Блютузду иштетүү үчүн да атайын программа орнотуу талап кылынат.
  • Кошумча эс (флешка) туташтырууга мүмкүн эмес.
  • Кошумча интернет түйүндөрүнүн кызматтары туташтырылган эмес.