Шон Кори Картер (англ. Shawn Corey Carter; 1969-жылы 4-декабрь) - Jay-Z (мурунку жазылуу стилдери: Jaÿ-Z, Jay-Z, Jay Z жана Jay:Z ) сахналык аты менен таанымал болгон америкалык рэппер жана ишкер адам. Jay-Z эң көп сатуулары болгон музыканттардын арасына кирет, алар 100 миллиондон ашык үн жазууларын сатып, 21 "Грэмми" сыйлыгына ээ болгон. 2016-жылы MTV аны "Эң мыкты MC" тизмесине кошкон. Rolling Stone журналы рэппердин үч альбомун "Эң мыкты 500 альбом" тизмесине кошкон, алар: Reasonable Doubt (кырг. Жөндүү шек; 1996), The Blueprint (кырг. Негизги ой; 2001) жана The Black Album (кырг. Кара альбом; 2003).2017-жылы Forbes журналы рэппердин накта наркын 810 миллион долларга баалап, Jay-Z АКШнын эң бай хип-хоп артисттеринин ичинен экинчи орунда болгон.

Артист катары рэппердин альбомдору ар дайым АКШнын Billboard 200 чарттарынын эң жогорку орундарын ээлейт, алардын ичине рэппердин 14 альбомдору кирет. Ошондой эле анын төрт альбому Billboard Hot 100 чарттарынын биринчи орундарын ээлеген, алардын ичинде Empire State of Mind (кырг. Акыл империясы) синглин камтыган альбому. 2009-жылы Jay-Z Billboard чартынын 2000-жылдардын эң ийгиликтүү артисттердин тизмесинде онунчу орунга жайгашкан, "Эң мыкты соло эркек артисти" тизмесинде 5-орунду ээлеген, ал эми "Эң мыкты рэппер" чартында Jay-Z Эминем, Nelly жана 50 Cent рэпперлерден кийин болуп төртүнчү орунга жайгашкан. Ошондой эле Rolling Stone журналы боюнча рэппер баардык мезгилдеги эң мыкты артисттери тизмесинде 88-орунду ээлеген.

Jay-Z New York 40/40 Club спорттук барга ээлик кылат жана Rocawear кийим чыгаруусунун негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат. Ал ошондой эле Def Jam Recordings үндү жаздыруучу фирма белгисинин мурунку жетекчиси, Roc-A-Fella Records белгисинин негиздөөчүлөрүнүн бири жана Roc Nation оюн-зоок компаниясынын толук укуктуу негиздөөчүсү. Рэппер Roc Nation Sports спорттук агенттигинин негиздөөчүсү жана NBA менен MLB спорттук белгилердин тастыкталган спорттук агенти.

2008-жылы Jay-Z Бейонсе менен турмуш курган. Жубайлар катары экөөнүн жалпы накта наркы 1,16 миллиард АКШ долларына бааланат.

Өмүр таржымалыОңдоо

СыйлыктарыОңдоо

ШилтемелерОңдоо