Kiss (негизинен KISS деп жазылат) - Пол Стенли, Жин Саймонс, Питер Крисс жана Эйс Фрелиден турган жана 1973-жылы, январда Нью-Йоркто түзүлгөн америкалык рок группа. Беттериндеги боектору жана сахна кийимдери менен белгилүү топ 1970-жылдардын аягында өрт менен дем алуу, кан чачуу, гитара чегүү, ракета учуруу, добулбас ургучтарын асманга ыргытуу жана пиротехника жардыруу сыяктуу жандуу аткаруулары менен атактуулукка жетишкен. Топ түзүлгөндөн бери солисттердин бир нече алмашуусуна туш болгон. Ал эми Стенли менен Сайммонс топто башынан бери ырдаган аткаруучулар. Топтун баштапкы түзүлүшүндө Стенли (вокалист жана ритмикалык гитарист) , Сайммонс (вокалист жжана басс гитарист), Фрели (башкы гитарист жана вокалист) жана Крисс (добулбасчы жана вокалист) болгон.

Алар атайын мейкап жана костюмдарды кийип, китептеги каармандардын ролдорун чагылдырышкан. Мисалы: Жылдыз бала (Стенли), Шайтан (Сайммонс), Космонавт же Космос учкучу (Фрели) жана Мышык адам (Крисс). Крисс менен Фрели креативдүүлүктөрүнүн төп келбегендиги үчүн, 1982-жылы топтон четтетилген.

1983-жылы, мейкапты таштоо убактысы келди деген ойдо, Kiss тобу мейкапсыз жана костюмсуз аткара баштаган. Мунун себеби менен топ кайрадан жанданып, алардын музыкалык видеолору MTV каналында көрсөтүлө баштаган. 1980-жылы Крисстин ордуна келген барабанчы Эрик Карр сейрек кездешүүчү жүрөк рагынан улам 1991-жылы каза болгондон кийин анын ордуна Эрик Сиңер келген. 1990-жылдардын ортосунда Kiss тобун эскерүүлөрдөн улам, 1996-жылы топ баштапкы тобун кайрадан түзө тургандыгын билдирген. Бул алардын мурункудай мейкап жана сахна костюмдары менен сахнага чыга тургандыгын билдирген. Мунун натыйжасында "Тирүү" аттуу дүйнөлүк туру ийгиликтүү өткөн. Бул турдан кийин Крисс менен Фрели топтон кайрадан кетишкен жана алардын ордуна Сиңер менен Томми Тейер келишкен. Топто Сиңер менен Тайер Мышык адам жана Космонавт мейкаптарын боенуу менен, топ баштапкы мейкап менен сахна аткарууларын уланткан

Kiss тобу 100 млндон ашуун ыр жаздыруу жана 21 млн RIAA сертификациялаган ыр жыйнак саткан. 2014-жылы, 10-апрелде Kiss тобу "РокнРолл даңк залына" киргизилген.

ТарыхыОңдоо

КурамыОңдоо

СыйлыктарыОңдоо

ШилтемелерОңдоо