Novell фирмасынын тармактарында кеңири колдонулган Netware иштетүү системи. Клиент сервер принцибинде уюшулган тармактар үчүн иштелип чыккан. Netware системи эки бөлүк¬төн турат, биринчиси сервердин үлүшү болуп, дайыма серверде жайгашат, экинчиси болсо клиент үлүшү, ал дайыма тармакка туташтырылган клиент компьютеринде жайгашат. Netware системинин сервер үлүшү серверге туташтырылган жабдуу түзүлүшүн, ошондой эле сервердеги каалаган файлды же колдонмо програмдык жабдыкты бөлүшүүгө мүмкүндүк берет. Системдин клиент үлү-шүнүн башкы иши сервер менен байланыштыруу болуп эсептелет. Клиент компьютерлери, ошондой эле, Windows ко окшогон жергиликтүү иштетүү системине ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы/ Башкы редактор Ү. Асанов; Ред. кеңеш У.Н.Бримкулов ж.б. – Б.: Мамлекеттик тил ж-а энциклопедия борбору, – 2004. 380 б. ISBN 9967-14-014-3

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

http://ru.wikipedia.org/wiki/Novell_NetWare