Open Source Initiative (уюм)

Open Source Initiative‎»‎ барагынан багытталды)

Open Source Initiative (OSI) — ачык булактуу программаларды колдоого арналган коммерциялык эмес уюм.

Уюм 1998-жылдын февраль айында Брүс Перенс жана Эрик С. Рэймонд тарабынан негизделген. Ал өзүнүн Netscape Communicator аттуу флагмандык өнүмү үчүн булак кодду жарыкка чыгарган Netscape Communications Corporation уюмунан эргүү алган топтун бир бөлүгү болгон. Кийинчерээк 1998-жылы августта уюмдун директорлор кеңеши кошулган.

Уюм түптөлгөндөн 2005-жылдын февралына чейин Рэймонд президент болгон. Андан кийин аз убакыт аралыгында башчылык кызматка Расс Нелсон жана Майкл Тиманн келген. 2012-жылдын май айында жаңы кеңеш Саймон Филипсти президент кылып шайлаган. Филипс өзүнүн кеңеш тарабынан шайланган мөөнөтүнүн бүтөөрүнө даярданып аткан кезде 2015-жылдын майында Эллисон Рандал президент болуп дайындалган.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү