Pixar (/ pɪksɑːr /) , же Pixar Animation Studios - америкалык компүтердик анимациялык фильм, ал Калифорния штатынын Эмеривилл деген шаарчасында негизделген жана The Walt Disney компаниясынын туунду ишканасы болуп саналат. Pixar 1979-жылы Lucasfilm компүтердик бөлүмүнүн курамына кирген графикалык топ катары башталган, ал корпорация катары 1986-жылы Apple компаниясын негиздөөчүлөрдүн бири Стив Жобстун каржылык колдоосу менен өз алдынча бөлүнүп чыккан, Стив Жобс анын башкы акционери болуп калган. Дисней компаниясы 2006-жылы Pixar студиясын 7,4 миллиард долларга транзакция менен сатып алат да, Жобс ал кездеги Disney'дин эң ири акционери болуп калат. Pixar өзү чыгарган RenderMan, жогорку сапаттуу сүрөттөлүштөрдү жаратуу үчүн колдонулган стандарттуу программалуу интерфейс аркылуу тартылган CGI – анимациялык көркөм фильмдери менен белгилүү.

Pixar.

Pixar он сегиз көркөм фильмди чыгарган, алар тарыхтагы эң биринчи компүтердик анимациялык фильм болуп калган "Оюнчуктардын окуясынан" (1995) баштап, 2017-жылы чыгарган "Машиналар 3" (англ. Cars 3) менен аякталат. Анын бардык 18 фильми тең CinemaScore рейтингинде "А" баллын алышкан, бул көрүүчүлөрдүн оң кабыл алгандарын көрсөтөт. Ошондой эле студия бир нече кыска метраждуу фильмдерди чыгарган. 2017-жылдын июлунда анын көркөм фильмдери дүйнөлүк кассада 11 миллиард долларга жакын акча табышкан, ошондо орто эсеп менен ар бир фильмге 634 миллион доллар өлчөмүндө туура келет экен. "Немону издеп" (2003) жана анын уландысы "Дорини издеп" (2016), ошондой эле "Оюнчуктар окуясы 3" (2010) бардык мезгилдин 50 эң белгилүү кассалык фильмдеринин катарына кирет жана акыркы фильм көлөмү 1.063 миллиард доллар таап, бүткүл мезгилдеги эң жогорку кассалык анимациялык үчүнчү фильм деп саналат. Pixar'дын он үч фильми бардык мезгилдин 50 эң жогорку кассалык анимациялык фильмдеринин ичине кирет.

Студия Академиянын он алты премиясын, "Алтын глобустун" жети премиясын жана "Гремминин" 11 премиясын, ошондой эле көптөгөн бөлөк сыйлыктарды жана ыраазычылыктарды алган.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү