Rockstar Games
Rockstar Games, Inc. (кээде Rockstar NYC деп аталат) — Американын видео оюн чыгаруучусу. Ал өзүнүн Grand Theft Auto, Red Dead, Midnight Club, Max Payne жана Manhunt видео оюндар сериясы менен таанымал.

Нью Йорк шаарында жайгашкан компания Take-Two Interactive тарабынан 1998-жылы декабрда түптөлгөн. Ал Британиянын оюн чыгаруучу BMG Interactive Entertainment аттуу компаниясынын мураскери катары негизделген. Ал Bertelsmann компаниясынан мурда сатылып алынган BMG Entertainment уюмунун бир бөлүмү болуп эсептелет. Take-Two Interactive сатып алган студиялар Rockstar бренди менен бириктирилген болсо дагы айрым жакынкы студиялар өздөрүнүн мурдагы өздүгүн сактап калып, Take-Two Interactive'дин 2K Games туунду компаниясынын бөлүгүнө айланган.