«Теленор Арена» (норв. Telenor Arena) — Норвегиянын борбору Ослонун четиндеги Форнебу шаарында жайгашкан көп багыттуу жабык стадион. "Стабек" футбол клубунун үй стадиону. Стадион демөөрчү - Норвегиянын ири телекоммуникациялык компаниясы Telenor атынан аталган. Стадион футболдук беттештер учурунда 15600, ал эми концерт учурунда 23000 көрүүчүнү батыра алат.

Теленор Аренанын трибуналарынын панорамасы.