Википедия:Жаңы баштагандарга

Википедия:Баштоочуларга жардам‎»‎ барагынан багытталды)

1. Катталуу

Үйрөнчүктөргө · Жамаат · Жардам · Порталдар · Сыйлыктар · Долбоорлор · Эрежелер · Кызматташуу


2. Жаңы макала баштоо

Каалаган макалаңыздын атын издөө көзөнөгүнө киргизип издеп көрүңүз.
Эгерде сиз каалаган макала мурда жазылган болсо, анда сиз ал макалага өтүп кетесиз да, аны кошумчалап,оңдоп-түздөп салым кошо аласыз.
Эскертүү! Издөө көзөнөгүнө түзө турган темаңыздын атын туура териңиз! Тема так сиз издеген аталыш менен түзүлөт.

Input box type "searchwidth=90 buttonlabel=Жаңы макала баштоо же болгон макалага өтүүsearchbuttonlabel=Толук тексттүү издөө break=yes" not recognized. Please specify "create", "comment", "search", "search2" or "fulltext".

Эгерде сиз издеген темадагы макала жок болсо, анда ал сөздөр кызыл түстө болот.

Макаланын аталышы

Эсиңизде болсун!!! макаланын аталышы, макалага тиешелүү болушу шарт. Ошондой эле, макаланын аталышы макалага тиешелүү нерседен башталышы керек.

Макаланын аталышын туура тандап алуу маанилүү. Эгерде сиз баштап жаткан макаланын аталышы ар түрдүү болушу мүмкүн болсо, эң кеңири таанымал аталышын алган туура болот. Макаланын аталыштары боюнча төмөнкүдөй эрежелер сунушталат:

  • Макаланын аталышы көп маанилүү болсо, анда кашага () алып тактама берип койобуз. Мисалы, "Аалам" аталган макала "Аалам" корпорациясы, ааламдын философиялык же астрономиялык түшүнүгү, же адабий чыгарма жөнүндө болушу мүмкүн. Ошондуктан биз кайсы багытта жаза тургандыбызга жараша: Аалам (философия), Аалам (астрономия), Аалам (адабий чыгарма), - деп макаланын аталышына тактама менен кошумчалайбыз.

  • Адам ысымдары боюнча, биринчи адамдын ысымын андан соң фамилиясын жазабыз. Мисалы: Чыңгыз Айтматов. Учурда инсандар тууралуу макалар ар кандай иретте жазылгандыктан, инсан тууралуу макала жаза турган болсоңуз, ал инсандын аты-жөнүн андайынан-мындайынан да жазып, издөө салып көрүңүз. Себеби Уикипедиячылар арасында, инсандар туурасында макала түзүү боюнча талаш ой жаралып келет. Түрк тилдүү Уикипедияларга таянып алгач адамдын ысымын андан соң фамилиясын жазып Уикипедияга салып кошуп жаткандар бар.

  • Кыргыз тилинде фамилиялардын жазылышы өзгөрүү үстүндө болуп жаткандыгын эске алып, мурун "ов" менен аяктаган фамилиялар кийин "уулу, тегин" болуп жазылып калган учурларда эки аталышын тең берип, мисалы: Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)

  • Макаланын аталышын БАШ ТАМГАЛАР МЕНЕН ЖАЗБАЙБЫЗ!. Баш тамга сөз башында гана колдонулат.

  • Көптөгөн сөздөрдүн, аталыштарын кыргыз тилине которулгандыгына карабастан, көнгөн адат менен эле көптөгөн сөздөрдүн орусча аталыштары колдонулуп келет. Колдон келишинче, сөздүн кыргызча аталышын таап, колдонгонго аракет кылсак.

  • Макаланы туура эмес атап алыштан коркпогула. Эгер ката кетирип алсаңыз, тажрыйбалуу колдонуучулар аны оңдоп-түздөп жардам беришет. 4 күндөн кийин макаланын аталышын оңдоо укугуна сиз дагы ээ болосуз.

  • Макалада бирөөнү кемсинтүү ошондой эле аймактык жана рассалык бөлүнүү болбошу керек. сиз түзүп жаткан макаланы кайсыл булактан алынганы тууралуу шилтеме берсеңиз болот. Мисалга алсак : Сиз бир инсан жөнүндө макала жазгыңыз келди, Бирок сиз түзүп жаткан макаладагы инсан, коомго таасир эткен же кайсыл бир булактар ошол экенин тастыктаган шилтемелер болушу керек, жөнөкөй сөз менен айтканда бул инсан айлыл өкмөтү деген макала жарабайт.

Макаланын түзүлүшү

− Уикипедия макалалары теманын аталышын кайталап жана ага кыскача аныктама берүү менен башталат. Мисалы, Аалам макаласы мындайча башталат:

Аалам – материянын өнүгүү процессинде чексиз, ар түрдүү форма алып, мейкиндик жана убакыт жагынан чектелбеген бүткүл дүйнө.


3. Сүрөт кошуу

Сүрөт кошуу үчүн кеңейтилген аспаптар тактасын ачып, ал жерден файл кош пиктограммасын басыңыз