Википедия:Добуш берүү/Уикипедия же Википедия

Бул талкуу аяктаган. Сураныч, өзгөртүүлөрдү киргизбеңиз.
Урматтуу, Кыргыз Уикипедиясынын жамааты !
Бүгүнтөн (12.12.2021) баштап биздин долбоорубуздун аталышын аныктоо үчүн бул талкуу башталды.
Бул маселе боюнча мурдагы талкуу 2013-жылдын 9-июлунан 18-сентябрына чейин созулуп өткөн. Жыйынтыгында долбоордун «Уикипедия» аталышы калтырылган.


Маселе

«Wikipedia» сөзүнүн «w» тамгасы менен жазылган [w] тыбышынын (эл аралык фонетикалык алфавит боюнча) кыргыз тилинде берүүсүн аныктоо ([у] же [в] тыбыштары аркылуу).

Сунуш

Азыркы «Уикипедия» болгон аталышын «Википедия» аталышына өзгөртүү.
Так айтканга «w» тамгасын [у] тыбышы аркылуу берүү туура эле. Бирок, менимче кыргыз тилдүү адамга [уи] тыбышын айтууга жана укканга ыңгайлуу эмес. Кыргыз тилинде [уи] тыбышынан башталган сөздөр жок. Макалаларды атаганда [у] тыбышын колдонсо болот, бирок маселе долбоордун аталышы жөнүндө болгондуктан (көп колдонулат) башка принциптин негизинде аталышты беришибиз керек. Ошондуктан, «w» тамгасын кыргыз тилиндеги [в] тыбышы аркылуу берсек жакшы болмок. Ошондой эле түп нуска айтуусунан өтө айырмаланбайт.

Мындай талкуунун кажети барбы ?

Кол коюу баскычы

Ооба

Бул жерге колуңузду койсоңуз, сунушталган талкуунун кажети бар экенине макул болосуз.

  1. Макул--Bosogo (баарлашуу) 14:28, 13 Декабрь (Бештин айы) 2021 (UTC)
  2. Макул--Kmaksat (баарлашуу) 09:06, 14 Декабрь (Бештин айы) 2021 (UTC)
  3. Макул--Т.Чоротегин (Т.Чоротегин) 10:55, 14 Декабрь (Бештин айы) 2021 (UTC)
  4. Макул--Adamboluu (баарлашуу) 17:02, 16 Декабрь (Бештин айы) 2021 (UTC)
  5. Макул----Элдин беги (баарлашуу) 05:22, 2 январь 2022 (UTC)[жооп берүү]
  6. Макул----Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 00:01, 12 январь 2022 (UTC)[жооп берүү]

Жок

Бул жерге колуңузду койсоңуз, сунушталган талкуунун кажети жок экенине макул болосуз.

  1. Каршы QECUB (баарлашуу) 07:09, 21 Декабрь (Бештин айы) 2021 (UTC)

Калыс

Бул жерге колуңузду койсоңуз, талкуу менен тааныш болгонуңузду, бирок сунушталган добуш берүүдө калыс экениңизди билдиресиз.

  1. Калыс

Пикирлер

У жакшыраак болмок го. Бирок биз аны эмес орустардан келген албанИЯ, арменИЯ, монголИЯ деген аяктоону чечүү керек. @cianzera — Бул пикирди Cianzera (баарлашуусалымы) калтырды. 15:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2021 (UTC)

Бул жерден башка маселени талкулап жатабыз.
Каршы болсоңуз, "каршы" калыпынын жанына кол коюп коюңуз (~~~~). Азырынча, коюлган маселени талкулоо керекби деген сурамжылоо жүрүп жатат. Талкууга кажети бар деп жамаат чечсе, долбоордун аталышын өзгөртүү же болгондой калтыруу аргументтер менен чечилет (канча кайсы тарапка добуш берилбесин, аргументтер гана эске алынат).
Долбоорубуз калыптана элек толугу менен, азыркы учурда аталышты өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Айтканымдай, кыргыз тилинде [уи] деген тыбышка башталган сөздөр жок. "Will" деген атты мисалы, "Уилл" деп жазуу туура болот, анткени ал аттын англис тилинде айтуусуна жакын. "Вилл" деп жазууга да эчким тыюу сала албайт, аны транслитерация деп айтышат. "Уилл" деп берсек бул "транскрипция" аркылуу бергенибиз болуп калат. Бирок, макалага менен чоң долбоорго аталыш берүүнүн айырмасы чоң. --Bosogo (баарлашуу) 19:30, 13 Декабрь (Бештин айы) 2021 (UTC)

Бул сөз англис тилинен келген соң, англис тилинде кандай болсо ошого жакындатып жазыш керек деп ойлойм. Албетте кыргыз фонетикасына жараша.

А кыргыз тилдин фонетикасында В, Ф, Ц-дай тыбыштары негизи жок. Мисалы, кирилл тамгаларын киргизелекте Фрунзе - Prunze деп жазылчу. Ооба деген сөз ооуа же oоwa деп айтылат го, оова делбей.

Википедия деп жазылганы бул англис сөздү орус тилдин фонетика эрежелерден өткөрүү. Азыркы заманда ортомчу тил колдонууга кереги деле жок.

Ошол эле Кыргызстандагы топонимдердин көбү жана адамдардын аттары жб кыргыз сөздөр чет тилге орус тилдин транскрипциясынан келип калган.

Менимче бул бурмалоо. Бул туура эмес. Ошондуктан биз андайдан алыс болушубуз керек.

QECUB (баарлашуу) 07:45, 21 Декабрь (Бештин айы) 2021 (UTC)

Биринчиден, Кыргыз фонетикасында [в], [ф], [ц] тыбыштар бар:
1) "факт", "фольклор", "ферма", "форель" (кыргызча "жилингир") ж.б.;
2) "вазир", "ваза", "ванна", "вилка" ж.б.;
3) "цирк", "цыркуль", "цитата", "цех", "цемент" ж.б.
Ооба, ал сөздөр элибиздин өткөн кылымда жаңы жашоосу менен байланыштуу биздин тилибизге орус тилинен сиңген. Эми бул биздин да сөздөрүбүз.
Экинчиден, орус тилдин "Википедия" жазылышында ортомчо тилдин ролу жок. Жакшыраак окусаңыз жазганымды.
Үчүнчүдөн, айтканымдай бир да сөз кыргыз тилинде [уи] (болжол менен [w] тыбышын биздин фонетикабыз менен берсек) тыбышынан башталбайт. [у] деген тыбышка башталат [w] дегенге башталбайт. Ооба, [w] тыбышынан башталган сөздөрдү колдонобуз, бирок чектелген иретте. Мисалы, адамдардын аттарын айтканда: "Уолт", "Уилл", "Уильям" ж.б учурларда. Жогоруда айтылган сөздөр (факт, цирк, ванна ж.б.) адабий тилибизде калып танган көп тармактарда колдонулат. [уи] тыбышы тилибизде чектелип колдонулат.
Бирок, азыркы учурда конкреттүү "Википедия" аталышын карап жатканыбыз үчүн, аны гана талкуласак туура болот. Түп нуска айтуусу [уи] да [в] толугу менен дал келбейт. Ошол эле учурда "англис тилиндеги "уи" жазылышы жакыныраак" аргументине алдын ала жазгам - түп нуска айтуусунан өтө айырмаланбайт. Башка сөздөрдө айырмасы чоң болсо, бул жакта анча сезилбейт менимче. Ошондуктан, кыргыз тилдүү кулакка дал келбеген аталыштан айырмалышыбыз керек. Долбоордун таанымдуулугуна "Уикипедия" дегенибиз жарабайт, күлкү келтирчүүдөй сезилет. Bosogo (баарлашуу) 12:59, 21 Декабрь (Бештин айы) 2021 (UTC)
Эми, [в], [ф], [ц] тыбыштар жок болчу эле, бар болуп калды. Кээбирлер өзгөчө жашы улуурак болгондор ал тыбыштарды айта албай жүрүшөт дагы эле.
Милиция, цемент ордуна милиса, семент деп эле. Демек кыргыз тилдүү кулакка, тилге андай тыбыштар чоочун. Бирок заман өзгөрөт, эл менен элдин тили да өзгөрөт.
Азыркы жаштарга өзгөчө орус тилди билгендердин, милиса, сементти укканда күлкүсү келиши мүмкүн.
В, Ф, Ц лерге, Уиллге, Уолтко, Уильямга кыргыз кулакка дал келсе, Уикипедия эмнеге келбеши керек? Тил бир жерде турбайт го, дайыма өзгөрүп турат.
Кандай болсо да, көпчүлүк Википедия деп өзгөртүүгө макул болсо - мейли. Ошондой болуп чечилсе жалгыз башым менен эмне кылар элем. Бирок менимче макалалардын саны жана сапаты өсмөйүнчө Википедия же Уикипедия деп атасак да көп деле нерсени өзгөртпөйт.
ГАИ, ГУОБДД, ДПС жб аталыштарды өзгөртө бергендей эле сезилет. Кандай гана ат бербе - маңызын, толуктоосун өзгөртмөйүнчө башка аракеттердин мааниси менен таасири менимче аз.
QECUB (баарлашуу) 19:47, 21 Декабрь (Бештин айы) 2021 (UTC)
@QECUB Ат бериш аябай маанилүү нерсе. Аталыштар үчүн мамлекеттин ортосунда чатактар чыгат, тилде чатактар чыгат ж.б. Ошондуктан жакшы аталышты башынан бериш керек, кийин өзгөртпөш үчүн. "Уикипедия" бирөө укса күлдүрүшү мүмкүн. Тилибизге башка чет тилдүү сөздөрдөй кабыл алынуусу сезилбейт. Баары түп нуска аталышка жакын болушу талап эмес. Кыргыз тилдүүлөргө ыңгайлуу болуш керек. Ошондой эле, Wikipedia УИкипедия деп айтылбайт англис тилинде. Жөн эле [w] тыбышын [у] менен берип койдук, башка англис тилдүү сөздөрдү бергендей. Түп нуска айтуусуна дал келиш үчүн "вуикипедия" сыяктуу жазыш керек эле. Менимче, эң жарактуусу "в" тамгасы болуп калат. Биз англис тилдүү эмесбиз, алар айткандай айта албайбыз, андай талап жок.
Ооба, "милиса" "сентр" десек эл күлдүрөт. Эмнеге ? Союз кулагандан бери биз беш бетер орус тилдүүрөөк болуп калдык (белгилүү миграциялык жылыштар болуп). Кыргыз тилдин престижи төмөнүрөөк, ошондуктан "сентр" күлкү келтирет. Бирок, андай айтсак деле болмок. Ошондуктан, өз убагында "милиция" кыргыз тилдүүлөргө стресс болгондой, "уикипедия" да стресс болуп жатат. Стрести азайтсак жакшы болмок)
Сапат боюнча сизге толугу менен кошулам.
Мисалы, "Wikipedia" аталыш мейкиндиги которула элек. Азыр бизде "Уикипедия:" негизки аталыш мейкиндигинде колдонулат, ошол эле заматта которулбаган "Wikipedia:" мейкиндиги колдонулуп жатат. Аталышты чечсек, мейкиндикти которобуз, аны менен баарын иреттесек болот. Азыркы учурда андай да ишти кыла албайбыз (кийин бүт барактардын аталыштарын өзгөртпөш үчүн). Бул маселе орчундуу болгондуктан бул барактын алкагында бүт болгон ойлорубузду жазып, талкулап чыгышыбыз керек. Кийин суроолор болбогондой кылып. 2013-жылы андай болгон эмес. Ойуңузду билдиргениңиз үчүн ыраазычылык. Bosogo (баарлашуу) 11:38, 22 Декабрь (Бештин айы) 2021 (UTC)

Эгерде чет тилден келген сөздөрдү ошол боюнча колдонуунун ордуна өзүбүздүн нукура тилибиздин ыргагына ылайыкташтырсак, анда тили бурула элек элеттеги жарандардын, айыл-апа, аксакалдардын кантип айтып жатышканына назар салышыбыз керек. Мисалы, талкуу болуп жаткан сөз кыргыздын тилинде "БИКИПЕДИЙА" деп өздөштүрүлмөк. --Kgbek (баарлашуу) 03:48, 24 Декабрь (Бештин айы) 2021 (UTC)

  • @Kgbek, @Kmaksat, @Т.Чоротегин, @Adamboluu, @Элдин беги, @QECUB, @Cianzera. Жазып жаткан учурунда, Бишкек сааты боюнча 12-январь болуп калган. Аны менен талкуу ачылганына 1 ай болду. Ошондуктан талкууга өтүп кеткен добуш берүүнү соңүна чыгарыш керек эле. Башында бул добуш берүү долбоорубуздун аталышын аныктоо боюнча талкуунун кажети барбы деген суроого жооп берет деп ойлонгон. План боюнча 2 жуманын ичинде өткөрүп, андан кийин талкуу башталмак. Бирок, пикирлер топтоло баштаганда «пикирлер» бөлүмү аталышты аныктаган талкууга айланып кетчүүдөй көрүнгөн мага. Ошондой эле, аталышты аныктоо маселеси адамдардын көз карашына тийешелүү экенин, ошондуктан аргументтедин тирешесинен туурасы чыкпаганын түшүндүм. Ошол себептен, бул добуш берүүнү жамааттын көз карашын билүү катары, добуш берүүнүн «пикирлер» бөлүмүн аталышты аныктоо боюнча талкуу катары көрүүгө келгем.
Жогоруда жазганымды алдын ала жыйынтыгына жазайн дегем. Бирок, ага чейин (24-декабрьда) Kgbek тарабынан сунушталган «Бикипедийа» вариантын эске албай жооп берген жокмун (талкууну баштаган колдонуучу катары). Башка колдонуучулар да ойун билдиришкен жок. Акыркы күндөрү «Бикипедийа» варианты тийешелүү преценттерди көрүп калгам (якут, калмак жана абхаз Уикикипедияларында). Караштырсам, «Бики»ге башталган аталыш долбоорубуздун өзгөчөлүгүн белгилемек. Бирок, буга байланыштуу кээ бир айта турган сөздөр бар.
Бул жазганым боюнча сиздердин ойуңуз кандай. Эмне кылайлы ? Жаңы сунушталган аталыш да добушка коюлсунбу? Же башында каралган эки варианттарга берилген добуштар боюнча алдын ала жыйынтык чыгарайнбы ? Дегиле добуш берүүнү айтылган маселе боюнча талкуу катары эсептегенге макулсузбу ?
Эгер жыйынтыкты добуштар менен чыгарууга макул болсоңүз (менимче башка жол жок) жана «Бикипедийа» же «Бикипедия» ж.б. варианттарын колдобосоңүз, анда убакытты которбой кабыл алынган аталышты орнотууну батыраак баштайбыз. Добушка койсок дагы убакыт бериш керек болуп калат.--Bosogo (баарлашуу) 22:06, 11 январь 2022 (UTC)[жооп берүү]
Арыбаңыздар достор. @Bosogo мырза, бардык катышуучулардын ой-пикирин эске салып жатканыңызга рахмат. Бизди шаштырып жаткан жагдай жок болсо, бул кошумча тандоо варианттарын жоромолдордун кошуп, добуш берүүнү кайра өткөрүүгө эч каршылыгым жок. Шаштырчу мөөнөт бар болсо анда кабыл алынган аталышты орното бергенге да макулмун. Рахмат! Kmaksat (баарлашуу) 04:21, 12 январь 2022 (UTC)[жооп берүү]

Аталышын өзгөртүүнү толук колдойм, бирок шашылыш түрдө өзгөртүүнү сунуштабайм. Себеби карама-каршы келген бир канча жагдайлар бар, алардын баарын тактоо зарыл. Добуш берүүнү жана талкууларды мөөнөтүн узартуу керек. Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 18:29, 12 январь 2022 (UTC)[жооп берүү]

@Абдырашит Сатылганов Кандай карама-каршы жагдайлар ?
Бир айдын ичинде жамааттын активдүүлөрү катышты. Талкууда айтылган «Бикипедийа» вариантын эчким колдой элек. Мисалы, калмак Уикипедиясынын аталышы - «Бикипедь», бирок Уикипедия тууралу макаласы «Википеди» деп аталат экен. Якут тилин алсак "бииккэ" - вилка. Алардын тилинде чын эле [в] тыбышы колдонбойт окшойт. Туура эмес айтсам, оңдоп койуңуздар. Кыргыз тилинде "в" тыбышы калыптанган. Ооба, жазганымдай өзгөчө долбоорубузду белгилемек, бирок жогоруда жазганымдай көп маселелер жаралат. Ошондой эле жөн жерден XX кылымга чейинки кыргыз тилине кайтып жаткан жокпузбу ?
Wiki + pedia эки бөлүктөн турат. Жогоруда жазганымдай "wiki" - бул белгилүү шарттарда иштеген сайтты билдирет. Мисалы жалпы Википедия долбоору тууралу макаланы атаганда аны эмне деп атайбыз ? "Уипедиябыз" бул транцлитерация, колдонгонго себеби бар. Ошондой эле, вики технологиясында иштеген сайтты да "бики" дейлиби ? Көргөнүңүздөй баш оруткан жагдайлар көп. Эч ким сунушталган аталышты колдогону көрүнбөйт (активдүү жамаатыбыздын арасынан). "Пикирлер" бөлүгүндө "Бикипедийа" колдогонду тыюу салган эмес. Башка тилдүү Википедиялардын практикасында бар. 1 айдын ичинде активдүү колдонуучуларды көзөмөлдөп ар бирин кулактандырдым. Биз долбоордун жамаатын түзөбүз. Акыркы 8 айдын ичинде (мен Кыргыз бөлүгүндө иштеп баштаганымдан) өзүңүз билесиз бизден башка эч ким деле туруктуу түзөтпөйт Википедияны. Ошондуктан, дагы убакытты чойгондун кажети барбы ? Bosogo (баарлашуу) 21:00, 13 январь 2022 (UTC)[жооп берүү]

Алдын ала жыйынтык

Долбоордун аталышын көпчүлүк менен аныктоого жамаат каршылыкты билдирген жок. Жамааттын көпчүлүгү долбоордун аталышын «Википедия» деп тааныды. Маселенин маңызы Уикипедия долбоору менен чектелбегени үчүн Уикимедиа фондунун башка долбоорлорунун аталыштарында да «Уики» ордуна «Вики» болуш керек.--Bosogo (баарлашуу) 17:28, 18 январь 2022 (UTC)[жооп берүү]

Жыйынтык

«Уикипедия» аталышын «Википедия» аталышына өзгөртүү. Викимедиа фондунун башка долбоорлорунун аталыштарындагы «Уики» бөлүгүн «Вики» дегенге өзгөртүү.--Bosogo (баарлашуу) 12:29, 25 январь 2022 (UTC)[жооп берүү]