Wikipedia:Сунуш

Үйрөнчүктөргө · Жамаат · Жардам · Порталдар · Сыйлыктар · Долбоорлор · Эрежелер · Кызматташуу


  • Уикипедияны колдонуу тууралуу сунуштар ушул жерде жарыяланмакчы.
  • Мурунку талкуулар архивге өткөзүлдү.

"Ай сайын Мыкты макала түзүү" иш-чарасыОңдоо

Урматтуу уикипедисттер жана колдонуучулар!

Кыргыз уикипедиясынын жигердүү жазуучулары болуп, ай сайын бирден мыкты делген макала түзүү демилгесин көтөрүп жатабыз. Бул иш-чаранын максаты - кыргыз уикипедиясындагы мыкты макалалардын санын көбөйтүү.

Бир гана шарт бар - сиз тандаган макала сөзсүз кыргыздарга же Кыргызстанга тиешелүү болушу керек (аспаптар, инсандар, каада-салттар ж.б.).

Бул иш-чарага каалаган колдонуучу катыша алат. Үйрөнчөк колдонуучуларга да жардам беребиз. Жигердүү ыктыярчылар бардык колдонуучуларга колдон келген жардамын берүүгө даяр.

Ай сайын бирден макала тандап, бул жерге жазып коебуз. Айдын аягында иш-чаранын алкагында жазылган макалаларды "Мыкты макалага" татыктуу же татыктуу эместигине биргелешип добуш беребиз.

Ишке киришерден мурун, "Мыкты макала кантип жазылат" деген презентацияны карап коюңуз.

Сентябрь айындагы мыкты макала жазуу иш-чарасынын жыйынтыгыОңдоо

Сентябрь айында жалпы 5 колдонуучу катышып, 5 макала жазууга үлгүрүштү. Бул ай - иш-чаранын алгачкы кадамы болгондуктан, бул айдагы бардык макалаларды "Жакшы макалага" сунуштамакчыбыз.

Төмөндө иш-чарага катышкан колдонуучулар жана алардын макалалары:

1.) Колдонуучу:Kairat Zamirbekov - "Асаналы Толубаев"

2.) Колдонуучу:Кадыров, Элдос - "Комуз"

3.) Колдонуучу:Jakshysapa - "2010-жылдагы революция"

4.) Колдонуучу:Абдырашит Сатылганов - "Курманжан Датка (фильм)"

5.) Urmat Nurseyit uulu - "Боогачы Жакыпбек уулу"

Пляж деген сөздү кыргызчага которууОңдоо

Саламатсыздарыбы урматтуу достор..Менин сурайын дегеним пляж деген сөз кыргызчага кандай которулат же кандай аталат? Себеби мен ача турган макала Азия оюндары тууралуу.анда пляждагы оюндар деген жери бар. Мен сунуштайт элем: Суу жээгиндеги оюндар деп. дагы кимде кандай сунуш бар? дагы бир башка аталыштары кум үстүндөгү оюндар деп да жүрөт.Негизи эле (Пляжные Азиатские игры ) - дегенди кандай атасак туура болчудай....Мындай сөздүктөрдү 1 же 2 адам чече турган иш эмес,Ошол үчүн жалпыңыздарга кайрылдым.өз пикириңизди калтырып кетсеңиздер болот...

Сунуштоо:

  • 1 Азиатские игры по боевым искусствам и состязаниям в помещениях - мааниси боюнча сунуштаганым Күжүрмөн өнөр жана мелдештер боюнча бөлмө ичиндеги Азия оюндары
  • 2 Пляжные Азиатские игры - Суу жээгиндеги Азия оюндары
  • 3 Юношеские Азиатские игры - Өспүрүмдөрдүн Азия оюндары
  • 4 Центральноазиатские игры - Борбордук Азия оюндары
  • 5 Восточноазиатские игры - Чыгыш Азия оюндары
  • 6 Игры Юго-Восточной Азии - Түштүк-Чыгыш Азиянын оюндары (шилтемелерге туура нускасы)

Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 09:29, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2016 (UTC)



Пляж- “Сууга түшүүгүө ыңтайлуу жайык жээк” пляж - көл жээги - деп сунуштайм.

БУГУ КЫРГЫЗЫ ЭМНЕ ҮЧҮН БУГУ АТАЛДЫ?Оңдоо

Эң эски заманда Котон тоолорунда булу деген кыргыз барлыгы жогоруда айтылды эле. Кара Кытай сапырыгында бугу деген кыргыз уругу болгон. Бирок азыркы бугу аталган кыргыз менен кара Кытай доорунун эки арасы 600-жыл чамасында болот. Бугу кыргызынын энеси Бугудан таралыптыр десе, уккандын баары ишенбестен, анчейин жалтан сөз деп билет. Бугунун бугу аталган себеби бүткүл арка кыргызынын айтуунда илгерки замандан бери төмөнкү: Тагай Ферганадан Аркага келгенде Кетмен-Төбөгө бир-эки жыл туруп, соңунда Атбашы, Нарынды жердеп турган. Анын Кылжыр деген баласынын Дөөлөс, Орозбак деген эки уулу болуп, Орозбактын Асан, Асык, Карамырза. Мырзакул деген чечекейди жара аткан төрт мерген уулу болгон. Асан менен Карамырза ТогузТородон, бир кабарда Майстандан (Нарындын кун жак аягы) салбырынга чыгып жүрүп олтуруп, бир кезде Атбашы менен Нарындын арасы Аламышктын тоосунан бир сулуучураак бугуга кезигишет. Ак бугуну атпайт дечү эле, атпайлы, башка кийик табылар деп, Асан айтканда Карамырза болбостон өңүп барып, бугуну атканда жыгылып калган. Ошол чакта 12-13-жашар секелек кыз бала: «балаңды ат, ботоңду ат» деп чуркап келип бугуну чыңырып кучактап калганда тигилер кызды кармап калган. Кызды үйлөрүнө алып келе жатканда Мырзакул жолунан тосуп туруп, соогалап Акжелге деген айгырын үйүрү менен берип, кызды Алымсейит деген баласына алып берген. Ал кыздан туулган (эалдардын тукуму азыркы тынымсейит, арык тукуму — карамырзадан башка бүткүл бугу уругу. Эл ичинде айың сөз: Карамырза бугуну аткан үчүн кыздын каргышына калып, тукуму аз болду дейт. Кыздын башында эки-үч эли мүйүзү болуп, ар жылына бугунун мүйүзү куураган чакта кубаргансып, көктөмдө жашарып турган. Кыз өлгөнчө башындагы мүйүзүн көп элден жашырган. Бүткүл түн жак кыргызы бул окуянын анык экендигине ошол замандан ушул заманга жете талашсыз, анык көзү жетип, чын экендигине ишенген. Бугу менен сарбагыш болжолу 1720—30-жылдар,цан баштап орус колонизаторуна караганча, эки ортосу дайым бузулуп келген. Чатакташып турган заманында болсо да бугу тууралу жогоруда айтылган окуяга анык деп талашсыз ынанган. Менин пикирим: ал заманда бир тараптан уйгур, бир жактан калмак, бир тараптан казак, Фергана, Ташкен жагынан болсо өзбектердин жоокерчилик заманы болуп, бир бүлүнчүлүктө чабылганчачылган кыргыздан бир үйлүү, жарым үйлүү балким, аска-зоонун бооз маралын жаралуу кылып кармап алып, колго багып өстүрүп, сүтүн ичип пайдаланып, жан сактап жүрсө керек. Тиги атылган бугу албете, бакма маралдан туулган болуу керек. Жаки болбосо дагы жапайы бүгүнкү жаңыдан туулганда багып алмагы мүмкүн. Буга караганда тоодогу бекинген кишинин кызы болмогу этимал. Бугу атылып, кыз кармалган чакта, эгерде үйүндө эркек киши болсо, аң уулап кеткен чыгар, балким жабдыгы жок болсо, коркуп бекинип калуу этимал. Салбырынга чыккан кишилер кадимкидей эки-үч ай алыска жортуп кетүүчү. Балким, алыс жерден ала качып, жаки урушуп колго кызды түшүрүп алган чыгар. Бугу деген атак эл эски замандан кыргызда боло келген. Ошол бугулардын насили азыркы кыргыз деп айтууга эч мүмкүн эмес. Неге десеңиз азыркы кыргыз бугу кадиксиз Кылжырдын тукуму экендиги ташкатамга баскандай, күндүн чыкканы менен батканындай, арка кыргызынын бардыгына бирдей анык.

Майкл ЖорданОңдоо

Америкалык баскетбол жылдызы, 20-кылымдагы дүйнөнүн эң мыкты баскетболчусу, Олимпиада оюндарынын эки жолку чемпиону, Улуттук баскетбол ассоциациясынын алты жолку жеңүүчү. Түндүк Каролина университетинин, «Чикаго Буллс», «Вашингтон Уизардс» командаларынын оюнчусу – Майкл Жордан. Майкл Жордан баскетбол тарыхында өзгөчө кыйыр жол салган жарык жылдыз болуп кала берери бышык. Анын ысымын планетадагы баскетболго кызыкпаган адамдар да айныбай билишет. Анткени Жордандын көз жоосун алган кереметтүү оюндары бир көргөн адамды суктандырбай койбойт. Майкл Жордан Эн-Би-Эйдин чыныгы бренди.

Майкл Жордан 1963-жылы 17-февралда АКШнын Бруклин аймагында жарык дүйнөгө келген. Эки агасы, эжеси жана Рослин аттуу карындашы бар. Жордандын ата-энеси Жеймс менен Делорис 1956-жылы баскетболдук оюндан кийин таанышышкан. Ошондо Жеймс АКШнын аба аскер күчтөрүндө кызмат өтөсө, Делорис студент болчу. Экөө тең сырткы келбети боюнча катардагы орто бойлуу адамдардай болуп, баскетболчуга мүнөздүү белгилери жок эле.

Майкл бала кезинде спорттун көптөгөн түрлөрү менен алектенген. Бирок бейсболду сүйүп, келечекте профессионал бейсболчу болууну самачу. Мектеп Лигасында командасы менен финалга чейин жетип, жекеликте мыкты оюнчу деп аталууга да жетишкен. Андыктан көпчүлүктүн бейсболчу Жордандан үмүтү чоң эле. Бирок Майкл агасынын таасири астында баскетбол менен алектене баштайт. Баскетбол ойноого анын боюнун узун эместиги тоскоол боло алган эмес.

Майкл 9-класста окуп жүргөндө келечегине таасирин тийгизген бир окуя болот. Көптөн бери ойлоп жүргөн тилеги ишке ашпай, Эмсли Лэйн мектебинин баскетбол командасына өтпөй калат. Команданын машыктыруучусу соңку учурда андан баш тартып коёт. Капаланган Майкл машыктыруучу ката кетиргендигин далилдөөгө өтөт. Ал тынымсыз машыгып, акырындан максатына жете баштайт. Көксөгөн командасына 11-классында кабыл алынат. Ал кезде Майклдын бою 186 сантиметр болуп калган эле.

Бул спортко болгон кызыгуусу кун санап артып, акыры 11-классында мектептин баскетбол командасына кабыл алынат. Бир тууган агасы Ларри ал кезде 45-номурда ойночу. Майкл ойлонуп, 23-номурду алат. Болочоктогу баскетболчу муну жок дегенде агамдын жарымына тең келе турган деңгээлдеги оюнчу болом деп түшүндүргөн. Майкл башкалардан өзгөчө эмгекчилдиги менен айырмаланып турчу. Эртең менен мектепке чейин, сабактан чыгып кайрадан баскетболго жөнөчү. 1980-жылы Жордан Түндүк Каролина университетинин машыгуу процессине катышып калат. Ал жерде өзүн мыкты көрсөтүп, машыктыруучуларды таң калтырган. Ошондон кийин аталган университетке тапшыруу боюнча сунуш түшүп, Майкл сунушту четке каккан эмес. Университетте окуп журуп баскетбол менен олуттуу машыгып баштайт. Жөн гана ойнобостон баскетболду сүйчү. Баскетболдогу мыкты жыйынтыктары аны университеттин алмашкыс оюнчусу кылат. 1982-жылы Майкл Жордандын командасы биринчи дивизиондо Улуттук студенттик спорт ассоциациясынын мелдешин утуп алып, Американын эң мыкты студент-оюнчусу деген наамга ээ болот.

1984-жылы Майкл Жордан профессионал баскетболчу боло элек болчу. Ошол себептен Лос-Анджелесте өткөн Олимпиада оюндарына алгачкы кадам таштоого мүмкүнчүлүк ачылат. 21 жаштагы баскетболчу өзүнүн керемет оюндары менен эч кимди кайдыгер калтырбай, мелдештин мыкты оюнчусу болууга жетишет. Баскетбол аянтындагы жаш генийдин жардамы менен атаандаштарды оңой-олтоң женип, финалга чыгат. Олимпиадалык алтын медаль үчүн америкалыктар Испания менен ойноп, 96:65 эсеби менен жеңишке жетишет. Майкл Жордан Олимп оюндарында алгачкы алтын медалды тагынат. 1984-жылдан баштап баскетболчу Эн-Би-Эйдин оюнчусу болот. Ошол жылы Майкл Джордан “Чикаго Буллз” командасынын кийимин кийип, чабуулга жардам бере турган жарым коргоочу позициясын ээлейт. ЭН-БИ-ЭЙдеги учунчу снайпер, сезондогу эң мыкты жаш баскетболчу жана Улуттук асоцациянын алдынкы спортчусуна айланат. Профессионалдык карьерасынын башталышы менен дароо бийиктиктерди багындыра баштайт. Ал абдан тез, техникасы жогору жана таамай оюнчу болуп, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланып баштайт. 1986-87-жылдагы сезондо Майкл Жордан 3041 упай топтоп, ЭнБИЭй тарыхындагы үчүнчү спортчу болууга жетишет. ЭН-БИ-ЭЙдеги өзүнүн жалпы карьерасында аба жылдызы 10 жолу мыкты жыйынтык көрсөткөн спортчу болот. Мындан сырткары, Улуттук Баскетбол ассоцациясынын тарыхындагы эң мыкты баскетболчу аталып, сезондо 200 жолу топту сактап калууга жана 100 жолу блокшот кылууга жетишет. “Чикаго Буллз” 40 жолу женишке жетишип, плей-оффко 3 жыл катары менен чыгат. 1988-жылы Джордан ЭН-БИ-ЭЙдин эң баалуу оюнчусу катары саналат. 1991-жылы финалда ЭН-БИ-ЭЙдин кубаттуу командасы “Лос-Анджелес Лейкерсти” Жордан жана анын командасы утуп алат. Ошентип, Майкл Жордан жана “Чикаго Буллз” тарыхта алгачкы жолу чемпиондуктун даамын татышат. Баскетболдо бир команданын доору жана бир баскетболчунун доору оөкүм сүрө баштайт. Чикаго Буллз жана Майкл Жордан. 1990-91-жылдагы укмуштуу сезондон кийин командасы менен ЭН-БИ-ЭЙди 2 жолу утат. Майклдын 2-Олимпиадасы триумф менен аяктаган. 1992-жылы Барселонада өткөн мелдеште АКШнын командасы “кыялдагы команда” деген атка конгон. Команда өткөргөн 8 оюндун баарында 100дөн кем эмес упай менен жеңишке ээ болгон. Америкалыктар жарым финалда Литваны 127:76, финалда Хорватияны 117:85 эсептеринде жеңген. Кызыгы, ошондо америкалык баскетбол жылдыздарынан кол тамга алуу үчүн күйөрмандар гана эмес, алардын атаандаштары да кезек күтүп калышкан. Ал кезде АКШ курама командасында баскетболдун жылдыздары чогулган эле: Майкл Жордан, Скотти Пиппен, Ларри Берд, Карл Мэлоун, Чарьлз Баркли ж.б.

Майкл Жордан дүйнөлүк деңгээлдеги жылдызга айланды. Чоң-чоң демөөрчүлөр менен келишимдерди түзүп баштайт. Аба жылдызын баскетболсуз элестетүү мүмкүн болбой калган. Бирок, анын жашоосунда жүрөгүнө так калтырган окуя болот. Атасын белгисиз бироолор атып кетишет. Дал ушул нерсе үчүн Майкл биринчи жолу чоң спорттон кеткен. Анткени, атасы Майкл келечекте бейсболчу болсо деп кыялданчу экен. Андыктан, Майкл көпчүлүктү таң калтырып, “Чикаго Уайт Сокс” бейсбол командасы менен келишим түзгөн. Бирок Майкл атасынын кыялы менен бир жылдан ашык алектене албай койгон. 1995-жылы мартта Майкл жөн гана “мен келдим” деп кайрадан көнгөн адатынча топту торго түшүрүү менен убара боло баштайт. Бирок арадан 4 жыл өткөндөн кийин профессионалдык спорттон четтөөгө аргасыз болгон. Бул жолу 2 жылга четтеп, 2001-жылы “Чикаго Буллз” эмес, “Вашингтон Уизардсдын” курамына кошулган. Карьерасындагы акыркы беттеште “Филадельфия-76” командасына каршы ойногон. Оюн бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда алмаштырылса да, күйөрмандардын сүрөөнү менен кайра майданга чыгарылган. Оюндун акыркы 4 мүнөтүндө анын урматына миңдеген күйөрмандар кол чаап турушкан.

Баскетболдогу карьерасын жыйынтыктагандан кийин Жордан спортсмен катары эмес, функционер катары мотоспорт менен алектенип баштайт. 2004-жылы баскетболчу «Майкл Джордан Моторспортс» аттуу профессионалдык команданын жетекчиси болуп калат. Мындан тышкары Майкл гольф менен да кызыгып, озүн сынап жүрдү. 1996-жылы спортчу ЭН-БИ-ЭЙдин тарыхындагы 50 эн мыкты оюнчулар тизмесине кирген. Ошондой эле «аба королу» деген наамга ээ болуу менен, бүгүнкү күндө баскетбол тарыхында эң мыкты оюнчу катары саналат.

Олимпиаданын 2 жолку чемпиону, ЭН-БИ-ЭЙдин 6 жолку женуучусу, “Жылдын эң пайдалуу оюнчусу” наамынын 5 жолку ээси - Майкл Жордан

Жайсандын Манасы илимий вариантОңдоо

Курманалы Матикеев, профессор, г.и.д.

Акыркы жылдары “Манастын” Жайсаң ырчынын айткан варианты коомчулуктун арасында эң катуу талаш-тартышты жаратууда. “Манас” изилдөөчүлөр “Салттуу Манас” жана “Жайсаңчылар” деп экиге бөлүнүп, өз-ара акыйнек айтышууда. Ызы-чуунун туу түбүндө тургандар, негизинен, адабиятчылар. Алар “Парватинин” колдон-колго өтүшүн негиз кылып алып, Жайсаңдын вариантын өрттөп, аны колдогондорду камап жок кылууну сунуштоодо, б.а., орто кылымдын денгээлинде ой жүгүртүү. Жайсаңдын вариантына асылгандар аз гана топтогу вариантты толук окубаган, окуса да аны түшүнө албаган бирин-экин адабиятчылар. Мен “Салттуу Манасчы” же, “Жайсаңчы” эмесмин. Мага “Манастын” кайсыл варианты болбосун, анын илимий жагы кызыктырат. Эгерде “Манас” боюнча индиялыктар, же памирликтер ж.б. элдер айткан варианттар болсо, аларга да илимий талдоо жүргүзөм. Бул-менин аалымдык милдетим. Ошондуктан, “Манас” эпосундагы географиялык, ааламдык ж.б. илимий түшүнүктөрдү талдоону жүргүзүп келем. Бул жагдайда Жайсаңдын варианты кыргыздардын байыркылыгын, илимин жана империясын даңктаган, көптөгөн фактыны өзүнө камтыган илимий вариант. Ал эми “Салттуу варианттар” көркөмдөлгөн адабий вариант. Ошондуктан, “Манастын” варианттарын экиге бөлбөй эле, бири-бирин толуктаган варианттар катары кабыл алып, элибиздин байыркылыгын, илимий түшүнүктөрүн азыркы илим менен байланыштырып даңктообуз керек. Өз учурунда “Манасты” көтөрүп чыккан эр азаматтарыбызды өзүбүз куугунтуктап, азыр болсо эч нерсе болбогондой “Манастын” артынан нан жеп жаткандыгыбызды да унутпасак. Өз мезгилинде Ч.Айтматовго асылып, башка элдин жазуучулары, адабиятчылары колдогондон кийин унчукпай калганыбызды али эсте. Сиздерге сунуш кылынган маалыматта, Жайсаңдын вариантындагы илимдин бир чети гана берилет. Ал эми терең илимий талдоо али алдыда. Кандай болгондо да, Жайсаңга өтө тактык менен мамиле жасабасак, кыргыз элине уят болуп калышыбыз мүмкүн. Себеби, кыргыз жаштарынын арасында илимди жогору баалаган чыгаан инсандар бар. Жайсаңдын вариантын талдоодо неонеклассикалык илимий методиканы колдонбостон постнеклассикалык методду колдонуп илимий дискурстун нормасында алып барсак жакшы болмок. Изилдөөдө методологиялык плюрализимде илимдеги алсыздыкты көрсөтпөсөк, себеби, илимий изилдөө-бул монолог эмес жаратылыш жана окуялар менен болгон диолог. Жайсаңдагы ар бир тема абстрактык ой жүгүртүүнүн татаалдашкан жыйынтыгы, келечектеги илим изилдөөнүн башаты. Ошондой эле Манас таануунун жаңы багыты ага, түшүнүүнүн жаңы модели, б.а. Манас бир бүтүндүүлүк экендигин, ал эми ар бир вариант анын тамчысы экендигин түшүнүү зарыл. Бул жагдайда “Аалам бул закым, өмүр закымдагы көз ирмем, өлүм тирүүлүктүн чегарасы, илим закымга катылган ийне, чыныгы аалым аны издеген кумурска” экендигин аалымдар эске алуусу зарыл. Жайсаңдын Манасын окубай, окуса да түшүнбөй чуу көтөргөн “Аалымдарга” индеецтердин кол башчысы Нотканын “Пайдасыз илимден ашкан кордук жок деген”- таамай айтылган сөзүн арнаймын. Азыркы мезгилде бардыгыбыз Ванганын айтканын туура көрүп, аны урмат-сый менен кабыл алабыз. Ал эми Бүбүмариямды куугунтуктайбыз. Анын себеби эмнеде? Китепти терүүдө Абсалам кызы Калыс тын, техникалык жактан иретке салууда Аташбаев Актилектин эмгектери чоң. Аларга терең ыразычылык билгизем. Китеп боюнча сын-пикирилерди Ош Мамлекеттик университетине жиберсеңер болот.

1.  Ванга, Бүбүмариям жана аяндуу жазмалар-ыйык китептер
     •  Ванга чыныгы аты Вангелия, Македониянын Струмица шаарында 1011 ж. абдан жакыр үй-бүлөөдө туулган. Вангелия деген сөз “жакшы кабарды алып жүрүүчү” дегенди билгизет. Өзүнүн энеси өлгөндөн кийин атасы Танка Геогриевнага үйлөнөт. Ванга анын колунда чоңоёт. Жаш мезгилинен баштап эшекке эки бидон сүт же, суу артып алып, өзү жашаган кыштак менен башка айылдын ортосунда тынбай каттап турган. Күндөрдүн биринде жолдон обочодо жайгашкан “Хан булагына”  аталаш сиңдиси менен кайрылат. Аба ырайы тез бузулуп, асманда кара булут пайда болуп, катуу шамал көтөрүлүп, куюн Вангелияны эки чакырым алыстыкка таштайт. Ванганын көзү кызыл кан менен капталып, андан кийин ак чел басып көрбөй калат. Бакшылардын, врачтардын аракеттери эч натыйжа бербейт. Ванга он бешке толгондо жетимдер үйүнө кетет. Он сегиз жашында Димитрге турмушка чыгат.

Куюн менен болгон окуядан кийин ага кара ат минген киши көрүнүп, аны менен суу алчу кудукта жолугуп, Вангага алдыда боло турган окуялар жөнүндө кабар берип турат. Анын атын Ванга өмүр бою эч кимге айтпайт. 1940-жылы Ванга 1941-жылы согуш башталып, көптөгөн адамдар өлөөрүн айтат. Ванга элди кабыл алганда, ал киши жанында туруп, ар бир адамдын тагдырын айтып турган. Аны эч ким көрө алган эмес. 1940 жылдан баштап Ванга деген ысым алат. Ал “адамды башкаруучу ач арбак” деген маанини билгизген.1941-жылы баштап Ванганын көзү толук ачылып, алдыда боло турган окуяларды так айта баштайт.Ванганын айтуусу боюнча өлгөндөрдүн жаны дайыма тирүүлөрдү коштоп турат. Өз учурунда Вангага Л.И.Брежнев, Болгария падышасы Борис III, А.Гитлер, Людмила Живкова ж.б. атактуу адамдар келишет. Болгар социологдору Георгия Лозанов жана Величко Доврянов Ванганын 7000 ашык алдын-ала айткандарынын 99 нун 43ү так, 43ү эки анжы жана 12си ката болгон деген жыйынтыкка келишкен. Оорунун жана куюндун таасиринин астында аура катмары ачылып, адамдардагы кванттык катмарларын көргөн деген пикирди айтышкан. Кванттык катмар “Нюра тети системасындагы” жети (аура, асман, сезим, информация, ой жүгүртүү, түйүлдүк, энергетикалык) катмарды түзөт. Ар бир катмар белгилүү бир кызматты аткарат.

   •       Бүбүмариям. Чуулгандуу Жайсаңдын “Манас” дастанын медитация мезгилинде кабыл алып, аны кагазга түшүргөн Бүбүмариям ким?

Бүбүмариям 1950-жылдын 8-мартында төрөлөт. Ага чейин эки жума башта энеси Бүбүсарага табышмактуу кемпир жолугуп, ага жышанаалуу кыз төрөйсүң, атын “Бүбүмариям койгула, аны өзүңөр бакбай, башка улутка бактыргыла”-деген кеңешин айтат. Анын сөзү менен Бүбүмариямды кошунасы Маша багат да, Майрамбүбү деп аталып калат. Кийин өз атын Бүбүмариям Муса кызы деп каттатып, Сармалдакова деген фамилиядан баш тартат. Ал эми Жайсаңдын нур энергиясынан турган рухуна Жумгал дарыясында балтырына чейин суу кечкен абалда кездешет. Бүбүмариямдын өмүрүндө төмөнкүдөй бурулуш жылдары болот: Он алты жашында өз эрки менен болбосо да, Бектимирге турмушка чыгат; жыйырма тогузунда ооруга чалдыгат; кырк эки жашка чыкканда элдик даарыгерликке өтөт; кырк беш жаш курагында (1995-ж.апрель айында) медитацияга чыга баштайт. Бүбүмариямды бала кезинен бери “Эки Көз” коштоп,анын артында жүрүп, анын медитацияга качан жана кайда чыгаарын айтып турат. Бүбүмариямдын башынан өткөргөн кыйынчылыктары Ванганыкына окшош. Ванганы “Кара атчан” киши коштоп жүрсө, Бүбүмариямды “Эки Көз” коштоп жүрөт. Ванганын көзү ачыктыгы катуу куюндан кийин пайда болсо, Бүбүмариямдыкы муздак, үйлөр сууда турган мезгилинен башталат. Бул эпизоддор “Манаска” анын атын дубананын коюшу, Ошпурдун багып чоңойтушу, Кабылан менен Жолборстун жана алп кара куштун коштоп жүрүшү менен дал келет. Эгерде Бүбүмариямдагы Жайсаңды тансак, анда “Манастагы” жана Вангадагы эпизоддорду да, толугу менен жокко чыгарып, Кудайдын кудуретин да, ыйык китептерди (“Забур”, “Тоорат”, “Инжил”, “Куран”) да жалган деп айтышыбыз керек. Аларды жокко чыгарууга алыбыз жетбейт, бирок, аларга да айрым “Аалымдардын” асылышы мүмкүн. Бүбүмариямда эл аралык “Триумф тети Ньюры” системасындагы жети катмардын (аура, асман, сезим, информация, ой жүгүртүү, түйүлдүк, энергетикалык) ичинен аура менен асман телолору ачык жана сезим телосу менен информация борборлору күчтүү өнүккөн. Вангадан бир денгээл жогору турган феномен адам. Жетишпеген жагы-кыргыз болгондугу. Артыкчылыгы-кыргыз уфология илимине жол сала баштаганы. Кыргыз уфология илимине 1963-1970-жылдары Абай Бөрүбаев жол сала баштаган. Ага да “билерман аалымдар” асылып, өлтүрүп тынышкан. Аны менен бир убакта уфология илимин түптөй баштаган С.Агадж азыркы мезгилде дүйнө тааныган уфолог. Бүбүмариямды да А. Бөрүбаевтин тагдыры күтүп жаткандай сезилет. • Бүбүмариям жана “Триумф тети Нюры” системасы “Триумф тети Нюры” системасынын аныктоосу боюнча, адамдын денеси жети катмардан турат. Алар төмөнкүлөр; эң сырткы катмар Аура телосу, экинчи катмар Асман телосу, үчүнчү катмар сезим телосу, төртүнчү катмар информация телосу, бешинчи катмар ой жүгүртүү жана билим телосу, алтынчы катмар түйүлдүк телосу, жетинчи катмар энергетикалык тело (сүрөт).Бардык адамдарда аура телосу менен түйүлдүк телосу бирдей абалда калыптанат, калган телолордо айырмачылыктар болот. Ошондуктан, адамдарда физиологиялык, биологиялык, моралдык-психологиялык өзгөчөлүктөр болуп, бири-биринен өзгөчөлөнүп турат. Адамдын жашоосундагы жети дүйнө менен болгон байланышын, “Триумф тети Нюры” системасы менен айкалыштырып караганда төмөнкүдөй маалыматка ээ болобуз. • Аура катмары адамды сырткы күчтөрдүн, б.а. бизге көрүнбөгөн дүйнөнүн таасиринен сактап турат. Бул жагдай исламда “адамдын көзүн парда жаап турат, ошондуктан, ал өзүнө аралашып жүргөн ынсы-жынсыларды (башка дүйнө жашоочуларын) көрбөйт”-деген аныктама иретинде берилет. Айрым чала “көзү ачыктарда”, бүбү-бакшыларда аура катмары “жыртылган абалда” болгондуктан, аларга өздөрүнүн “адамдары” элес-булас көрүнөт. Андыктан, алардын айткандары анча-мынча дал келет. Бул жагдай көрүнүүчүнүн психологиялык абалына жараша болот, б.а. аура пендечилик жашоо менен асурлардын (кара күчтөр) ортосундагы биринчи тосмо. • Асман телосу-катмары (небесное тело) аурадан кийинки тосмо. Ал адамдарга Асурларды жана арбактарды көрсөтпөй тосуп турат. Асман телосу-катмары ачылган адамдар “көзү ачыктар”. Алар белгилүү убакытта асурларды жана арбактарды көрө алат, бирок, байланыш жасай (сүйлөшө) албайт. Ошондуктан, алардын айткандары белгилүү гана денгээлде чындыка жакындайт. Мисалы; Ностродамус, Жан Кзот ж.б. • Сезим телосу-катмары (интуитивное тело) адамды коргоочу үчүнчү тосмо. Бул тосмо адамдар менен аралашып жүргөн “башка дүйнөнүн” жашоочуларынын ортосун бөлүп турат. Адамдар алардын жүргөндүгүн сезет, бирок көрүшбөйт. Мисалы; үйдүн ээси (домовой), жердин ээси ж.б. Сезим телосу ачылган адамдар алар менен байланыша алышат. Байланыш “көзү ачыктын” дүйнөнү таанып-билүү жана психологиялык денгээлине жараша жүрөт. Ошондуктан, алардын айткандары чындыкка толук дал келбейт. Сезим телосунун натыйжасында, адам алдыда боло турган окуяны сезип жана туюп турат. Бирок, ага маани бербейт, “белги” деп кабыл алат. • Информация телосу катмары (кармическое тело, төртүнчү тосмо). Адамдагы Аалам менен байланыш түзүүчү тело. Ал бардык адамдарда бар. Өнүгүүсү ар башка денгээлде болгондуктан, телепатиялык байланыш түздөн-түз болуп, ошол адамга өткөн доор жана келечекте боло турган окуялар кабарланат. Мисалы Ванга, Бүбүмариям Муса кызы. Бүбүмариям телепатиялык байланышка чыкканда Жайсаң атанын руху көгүш шоола нур болуп келет. Бүбүмариям аура, асман жана сезим телолору күчтүү өнүгүп, информациялык телосу ачыла баштаган феномен адам. Ал сонку дүйнөдөгү Жайсаңдын руху менен байланышка чыгат. Мындай касиетке Ванга да ээ. “Сонку дүйнө” байыркы жазмаларда, Аалам дүйнөлөрүнүн бешинчи баскычында турат. Анда ыйык рухтар “Нур дүйнөгө” которулуу баскычына даярдануу этабында болот. Ага чейин рухтар адамдык жашоо, арбактар дүйнөсү, жаннат (бейиш) дүйнөсү баскычтарынан өтөөрүн, байыркы жазмалар байма-бай жазышат. Жайсаң ата эки дүйнөнү (адамдык жашоо, соңку дүйнө) бириктирип турган “Жалгамдык нур” сымал энергия. • Ой жүгүртүү жана билим телосу. Эл аралык окумуштуулар кабыл алган “Триумф тети Ньюри” системасындагы бешинчи тосмо. Ал ислам окуусундагы “Нур дүйнө” баскычына туура келет. Бул баскычтын борбору Шамбалада (Шам+бала, Шам болуп жарык берген бала). Индиянын “Калачакра” (XXIк.), “Дзян Китеби” (Тибеттик акылмандар китеби), “Шамбалага жол” (1775ж.), Панчен Ламанын “Арьядеши тарыхы жана ыйык өлкө Шамбалага жол” деген манускрипти, “Махабхарата”, Н.Рерихтин “Сырдуу Шамбала” деген эмгектеринде, “Шамбала дүйнөнүн борбору, анда жердеги бардык жашоочулардын негизи (генефонд) болгон кристал (субстанция) жайгашкан”-деп берилет. “Дзян китебинин” маалыматы боюнча, Шамбалада ааламдагы эки карама-каршы күчтөрдүн башаты (сол кол жана оң кол башаттары-булактары) орун алган. “Сол кол башатынын (булагы) борбору Жер үстү, анда зордук-зомбулук, өч алуу жана ырайымсыздык орун алган. “Оң кол башатынын” (булагы) борбору жер алдындагы коркунучтуу (шумдуктуу) падышачылык. Анда тозок жайгашкан. “Шамбала менен тил табышкан адам бүткүл дүйнөнү (жер жүзүн) башкарат” деп берилет. Бул маалыматка ээ болгон Гитлер Шамбала өлкөсүн табууга аракеттерди жасаганы, бир нече экспедицияларды уюштургандыгы тарыхтан белгилүү. Гитлердин свастикасы анчалык чоң эмес өзгөртүү менен Шамбаладан алынганы сезилип турат Гитлер 1920-жылы кабыл алынган свастикага өзгөртүү киргизип 1935-жылдын ноябрында өз эмблемасын кабыл алдырат. Ага чейин бул свастика көптөгөн өлкөлөрдө колдонулуп келген жана аруулукту түшүндүргөн. Гитлердик германиянын свастикасы санскритте “jajna” (жеңүүчү) деген маанини билгизип, байыркы Индияда пайда болгон “Жайнизим” дининин, дхарма окуусунун (б.з.ч. IX-VI к.к.) символу болгон. Окуунун негизин Кштарий Варухамана (Джин Махавира) окуусу түзгөн. Окуунун философиясын дүйнөдөгү бардык тирүү жаныбарларга ээлик кыла турган, б.а. түбөлүктүү бийлике жетишүү идеясы түзөт. Жайнизм окуусу өз доорунда Түндүк Америкада, Батыш Европада, Ыраакы Чыгышта, Австралияда ж.б. дүйнө бөлүктөрүндө кеңири таркалган. Гитлердик Германиянын свастикасы анчалык чоң эмес айырмачылык менен, б.з. XI кылымындагы Рим мозаикасында, б.з.ч. 2600-1400 ж.ж. таандык болгон Миной керамикасында, индустардын байыркы “Махабхарата” жазмасында берилет. Ошол эле свастика менен чечендердин кудайы чагылдырылат. 1911-жылы Киплинг логотибинде, 1917-жылы Орус электирлештирүү уюмунун (АСЭА) жана орус маданиятынын гербдеринде, 1919-жылы Москва губерниясынын печатында колдонулган.

“Оң кол башатынын” каршысында Жер алдындагы ыйык өлкө Агарти (Ахарти) жайгашканы, анда медитацияга жана ааламга сырттан көз салып туруучу, эң кубаттуу, бүткүл ааламдын падышасы Кудай турары, ал Жердеги болуп жаткан окуяларды жөнгө салып, көзөмөлдөп, өз өкүмүн чыгарары Тибеттин ыйык жазмаларында так берилет.
Жер алдындагы Агарти өлкөсүндө, адамзатка таандык болгон согуш, зордук-зомбулук, мыкаачылык, көрө албастык  ж.б. тескери көрүнүштөр жок. Анда маданият жана илим өнүккөн, аны “Ортонку дүйнөдөгү” жашоодон жадагандар гана таба алат. Агартиге кирген адам баа жеткис илимге ээ болот деп-байыркы Индия жана Тибет жазмаларында тастыкталып берилет.

Түйүлдүк телосу (астральное тело, алтынчы тосмо) бардык адамдарда бирдей өнүгүү этаптарын басып өтөт. Генетикалык таасирдин натыйжасында, айрым физиологиялык-психологиялык өзгөрүүлөр, б.а. гендик борборго умтулуу жүрөт. Түйүлдүк телосу тиричиликтин башаты жана жашоо. Анын акыры өлүм. Өлүм арбактар дүйнөсү менен пендечилик дүйнөсүнүн ортосундагы “чек ара”. Ооруу эки дүйнө ортосундагы “чек аранын” бузулушу. Энергетикалык тело (эфирное тело, жетинчи тосмо) ар бир адамда боло турган катмар. Борбору, адамдын төш сөөктөрүнүн учунда жайгашкан “Кечир”. Медицинада кечир “Күн уюлу” деп аталат. Анда “Сезим” телосу орун алып, адамдагы мээримдик туюму калыптанган. Анын натыйжасында, ата-эненин балага, баланын ата-энеге, адамдардын жан-жаныбарларга жана бири-бирине болгон мээрими пайда болот. Айрым адамдарда “Күн уюлу”-“сезим телосу” начар өнүккөндүктөн, анда катаал (кырс) мүнөз калыптанат. Андай адамдар үчүн ата-эне, тууган-урук деген түшүнүк жок болуп, каракчылык жана киши өлтүрүү, мыкаачылык жана башкаларга асылуу көнүмүш ишке айланат. Бул жагдай, Жайсаңдын вариантындагы “Алманбеттин Көйкапта окушу” деген темада төмөнкүчө берилет: Ал үчүн: эли-жери, эне-ата жок Атылчу бир максатка-ал жандуу ок. Көөдөндө жылуулук жок мүздай тоңот, Киндикте Күн уюлун алып коёт. Бүтөөрдө окууларын ичин соёт, Адам-ок-туш болгондор тындым болот (1.к.) Киндиктеги “Күн уюлу” медицинада ошол эле аталышта айтылып, анын энергетикалык борбор экендиги тастыкталат. Демек, Жайсандын айткандары толук чындык экендиги, кыргыздардын медицина жагында билими болгондугун тастыктайт. • “Аяндуу” жазмалар-ыйык китептер. “Аян” Кудай тарабынан Жер адамдарына жиберилген белги. Ал бардык адамдарга белгилүү бир Аалам мыйзамынын негизинде, ар түрдүү денгээлде бериле турган информация. Көпчүлүк адамдар аны сезишет, бирок, маани беришбейт. Ал эми айрым адамдар аянды транс абалында толук кабыл алышат. Төмөндө ыйык китептердин аян аркылуу жазылганына кыскача маалымат берилет. “Ыйык китептер” (Дөөттүн “Забуру”, Мусанын “Тоораты”, Ыйсанын (Иса Христос) “Инжили”, Мухаммаддын “Кураны”) Кудайдын сөзү жазылган, өз доорлорундагы диний ишенимдерди камтыйт. Ал эми “Куран” бүтүндөй Аалам мыйзамын камтыган, эң акыркы жазма. Библия үч “ыйык китептин” (“Забур”, “Тоорат” жана “Инжил”) топтому. “Байыркы Келишим, жана“Жаңы келишим”-деген эки бөлүктөн турат. Дөөткө ал талаада жүргөндө “аян” келип, Пайгамбар болгонун айтат жана “Забур” китеби берилет. “Забур” 40 темадан турат жана аларда Кудайдын күчү макталат. Ысрайыл элинин артыкчылыгына көп көңүл бурулат. Мусага ал Буткана кызматкери болгон кайнатасы Итронун коюн талаада багып жүргөндө “аян” келип, анын пайгамбар болгонун айтат жана ага “Тоорат” китеби асмандан түшүрүлөт. Китептин өзөгүн Ысырайыл элинин артыкчылыгы жөнүндөгү жана Кудай менен алардын түзгөн келишимдери түзөт. Бардыгы “аян” аркылуу берилет. Ыйсага “Инжил” китеби түшүрүлөт, ал төрөлгөнгө чейин анын төрөлө тургандыгы жөнүндө маалыматтар “аян” түрүндө берилет. Инжилдеги “Матфейдин кабары”, “Марктын кабары”, “Луканын кабары”, “Иондун кабары” ж.б. бөлүмдөрдө аталган апостолдордун “аян” алып жазгандары айтылат. “Куран” (ал-Курьан) 604 беттен турган, мусулмандардын ыйык китеби. Оригиналдары “Сары Куран” Александрияда басылган. “Ак Куран” Уфа менен Казандан басылып чыккан. “Куран” 114 сүрөөдөн, 6011 аяттан турат. Эң чоң сүрөө “Бахара-уй” сүрөөсү (286 аят), эң кичине сүрөөлөр 3 аяттан (Аср, Кавсар ж.б.) турат. Бардык сүрөөлөр “аян” аркылуу берилген. Сүрөөлөр өз алдынча баракчалар иретинде Меккеге жана Мединага түшүрүлгөн. “Евенгелие” (Ессейлердин китеби) “Тандалмалуулурдын окуусу”, “аян” аркылуу берилген философиялык көз караштардын топтому, жашыруун түзүлгөн “туугандык” топтун (Массон уюму) негиздемеси. “Талмуд” Иудейлердин укуктук жана диндик, этикалык нормаларынын көп томдук жыйнагы. Алты бөлүмдөн турат; Зраим, Моэде, Нашим, Незикин, Кодашим, Теорит. “аян” аркылуу алынган деп берилет. Атактуу Манасчылар Саякбай ,Сагынбай, Жусуп Мамай, Балта Баракан, Ысак Конко ж.б. көптөгөн манасчылар, Манасты аян алып айткандары маалым. Алардын мисалы катары Ысык-Көлдүк жаш баланы алсак болот. “Теңирчилер” ишениминин белгилүү өкүлү, биздин элге ал ишенимди таңуулаган С.К.Кынаев (Акай) 1995-жылы “Мага Алтайдын духу Алтай Эззе кезикти, анын айткандарын мен аткарып жатам”-деп жар салып, ага чейин Ак Дьанг (Ак ишеним) коомун жетектеп келген Д.Алексееванын ордуна отуруп алат. Анын Алтайдан Кыргызстанга топурак жана 40 жылкы (Акайдын жылкысы) алып келүү идеясын айрым кыргыздардын колдоого алышы, биздин элде “Теңирчилик” ишениминин күчтөнүшүнө алып келди. Жогоруда келтирилген, аян аркылуу алынган китептерди кабыл алып, Жайсаңдан келген аянды тансак кандай болот?. Эгерде Жайсаңдын вариантын, аны кагаз бетине түшүргөн Бүбүмариямды жалганга чыгарсак, анда жогорудагы ыйык китептерди да жалганга чыгарышыбыз керек. Себеби, алардын ар бири аяндын негизинде жазылган. Аларды жалганга чыгарууга адеп-ахлагыбыз да, Ааламдык ой-жүгүртүүбүз да жетишбейт. Бул багытта Жайсаңдын оппоненттери өздөрүнө “Мен ким, Жайсаңдын вариантына илимий талдоо жүргүзө аламбы, менден башка да түрдүү тармактагы аалымдар бар, алар эмне дейт”-деген суроону алдыларына койсо жакшы болмок. Бул жагдайда кыргыздардын “Жылкыңа карап ышкыр, мурдуна карап бышкыр”- деген сөзү олуттуу сезилет.

Жайсандын Манасы илимий вариантОңдоо

Кириш сөз Акыркы жылдары “Манастын” Жайсаң ырчынын айткан варианты коомчулуктун арасында эң катуу талаш-тартышты жаратууда. “Манас” изилдөөчүлөр “Салттуу Манас” жана “Жайсаңчылар” деп экиге бөлүнүп, өз-ара акыйнек айтышууда. Ызы-чуунун туу түбүндө тургандар, негизинен, адабиятчылар. Алар “Парватинин” колдон-колго өтүшүн негиз кылып алып, Жайсаңдын вариантын өрттөп, аны колдогондорду камап жок кылууну сунуштоодо, б.а., орто кылымдын денгээлинде ой жүгүртүү.

Жайсаңдын вариантына асылгандар аз гана топтогу вариантты толук окубаган, окуса да аны түшүнө албаган бирин-экин адабиятчылар.

Мен “Салттуу Манасчы” же, “Жайсаңчы” эмесмин. Мага “Манастын” кайсыл варианты болбосун, анын илимий жагы кызыктырат. Эгерде “Манас” боюнча индиялыктар, же памирликтер ж.б. элдер айткан варианттар болсо, аларга да илимий талдоо жүргүзөм. Бул-менин аалымдык милдетим. Ошондуктан, “Манас” эпосундагы географиялык, ааламдык ж.б. илимий түшүнүктөрдү талдоону жүргүзүп келем. Бул жагдайда Жайсаңдын варианты кыргыздардын байыркылыгын, илимин жана империясын даңктаган, көптөгөн фактыны өзүнө камтыган илимий вариант. Ал эми “Салттуу варианттар” көркөмдөлгөн адабий вариант. Ошондуктан, “Манастын” варианттарын экиге бөлбөй эле, бири-бирин толуктаган варианттар катары кабыл алып, элибиздин байыркылыгын, илимий түшүнүктөрүн азыркы илим менен байланыштырып даңктообуз керек. Өз учурунда “Манасты” көтөрүп чыккан эр азаматтарыбызды өзүбүз куугунтуктап, азыр болсо эч нерсе болбогондой “Манастын” артынан нан жеп жаткандыгыбызды да унутпасак. Өз мезгилинде Ч.Айтматовго асылып, башка элдин жазуучулары, адабиятчылары колдогондон кийин унчукпай калганыбызды али эсте. Сиздерге сунуш кылынган китепте, Жайсаңдын вариантындагы илимдин бир чети гана берилет. Ал эми терең илимий талдоо али алдыда. Кандай болгондо да, Жайсаңга өтө тактык менен мамиле жасабасак, кыргыз элине уят болуп калышыбыз мүмкүн. Себеби, кыргыз жаштарынын арасында илимди жогору баалаган чыгаан инсандар бар. Жайсаңдын вариантын талдоодо неонеклассикалык илимий методиканы колдонбостон постнеклассикалык методду колдонуп илимий дискурстун нормасында алып барсак жакшы болмок. Изилдөөдө методологиялык плюрализимде илимдеги алсыздыкты көрсөтпөсөк, себеби, илимий изилдөө-бул монолог эмес жаратылыш жана окуялар менен болгон диолог. Жайсаңдагы ар бир тема абстрактык ой жүгүртүүнүн татаалдашкан жыйынтыгы, келечектеги илим изилдөөнүн башаты. Ошондой эле Манас таануунун жаңы багыты ага, түшүнүүнүн жаңы модели, б.а. Манас бир бүтүндүүлүк экендигин, ал эми ар бир вариант анын тамчысы экендигин түшүнүү зарыл. Бул жагдайда “Аалам бул закым, өмүр закымдагы көз ирмем, өлүм тирүүлүктүн чегарасы, илим закымга катылган ийне, чыныгы аалым аны издеген кумурска” экендигин аалымдар эске алуусу зарыл. Жайсаңдын Манасын окубай, окуса да түшүнбөй чуу көтөргөн “Аалымдарга” индеецтердин кол башчысы Нотканын “Пайдасыз илимден ашкан кордук жок деген”- таамай айтылган сөзүн арнаймын. Азыркы мезгилде бардыгыбыз Ванганын айтканын туура көрүп, аны урмат-сый менен кабыл алабыз. Ал эми Бүбүмариямды куугунтуктайбыз. Анын себеби эмнеде? Китепти терүүдө Абсалам кызы Калыс тын, техникалык жактан иретке салууда Аташбаев Актилектин эмгектери чоң. Аларга терең ыразычылык билгизем. Китеп боюнча сын-пикирилерди Ош Мамлекеттик университетине жиберсеңер болот.

1.  Ванга, Бүбүмариям жана аяндуу жазмалар-ыйык китептер

• Ванга чыныгы аты Вангелия, Македониянын Струмица шаарында 1011 ж. абдан жакыр үй-бүлөөдө туулган. Вангелия деген сөз “жакшы кабарды алып жүрүүчү” дегенди билгизет. Өзүнүн энеси өлгөндөн кийин атасы Танка Геогриевнага үйлөнөт. Ванга анын колунда чоңоёт. Жаш мезгилинен баштап эшекке эки бидон сүт же, суу артып алып, өзү жашаган кыштак менен башка айылдын ортосунда тынбай каттап турган. Күндөрдүн биринде жолдон обочодо жайгашкан “Хан булагына” аталаш сиңдиси менен кайрылат. Аба ырайы тез бузулуп, асманда кара булут пайда болуп, катуу шамал көтөрүлүп, куюн Вангелияны эки чакырым алыстыкка таштайт. Ванганын көзү кызыл кан менен капталып, андан кийин ак чел басып көрбөй калат. Бакшылардын, врачтардын аракеттери эч натыйжа бербейт. Ванга он бешке толгондо жетимдер үйүнө кетет. Он сегиз жашында Димитрге турмушка чыгат. Куюн менен болгон окуядан кийин ага кара ат минген киши көрүнүп, аны менен суу алчу кудукта жолугуп, Вангага алдыда боло турган окуялар жөнүндө кабар берип турат. Анын атын Ванга өмүр бою эч кимге айтпайт. 1940-жылы Ванга 1941-жылы согуш башталып, көптөгөн адамдар өлөөрүн айтат. Ванга элди кабыл алганда, ал киши жанында туруп, ар бир адамдын тагдырын айтып турган. Аны эч ким көрө алган эмес. 1940 жылдан баштап Ванга деген ысым алат. Ал “адамды башкаруучу ач арбак” деген маанини билгизген.1941-жылы баштап Ванганын көзү толук ачылып, алдыда боло турган окуяларды так айта баштайт.Ванганын айтуусу боюнча өлгөндөрдүн жаны дайыма тирүүлөрдү коштоп турат. Өз учурунда Вангага Л.И.Брежнев, Болгария падышасы Борис III, А.Гитлер, Людмила Живкова ж.б. атактуу адамдар келишет. Болгар социологдору Георгия Лозанов жана Величко Доврянов Ванганын 7000 ашык алдын-ала айткандарынын 99 нун 43ү так, 43ү эки анжы жана 12си ката болгон деген жыйынтыкка келишкен. Оорунун жана куюндун таасиринин астында аура катмары ачылып, адамдардагы кванттык катмарларын көргөн деген пикирди айтышкан. Кванттык катмар “Нюра тети системасындагы” жети (аура, асман, сезим, информация, ой жүгүртүү, түйүлдүк, энергетикалык) катмарды түзөт. Ар бир катмар белгилүү бир кызматты аткарат. • Бүбүмариям. Чуулгандуу Жайсаңдын “Манас” дастанын медитация мезгилинде кабыл алып, аны кагазга түшүргөн Бүбүмариям ким? Бүбүмариям 1950-жылдын 8-мартында төрөлөт. Ага чейин эки жума башта энеси Бүбүсарага табышмактуу кемпир жолугуп, ага жышанаалуу кыз төрөйсүң, атын “Бүбүмариям койгула, аны өзүңөр бакбай, башка улутка бактыргыла”-деген кеңешин айтат. Анын сөзү менен Бүбүмариямды кошунасы Маша багат да, Майрамбүбү деп аталып калат. Кийин өз атын Бүбүмариям Муса кызы деп каттатып, Сармалдакова деген фамилиядан баш тартат. Ал эми Жайсаңдын нур энергиясынан турган рухуна Жумгал дарыясында балтырына чейин суу кечкен абалда кездешет. Бүбүмариямдын өмүрүндө төмөнкүдөй бурулуш жылдары болот: Он алты жашында өз эрки менен болбосо да, Бектимирге турмушка чыгат; жыйырма тогузунда ооруга чалдыгат; кырк эки жашка чыкканда элдик даарыгерликке өтөт; кырк беш жаш курагында (1995-ж.апрель айында) медитацияга чыга баштайт. Бүбүмариямды бала кезинен бери “Эки Көз” коштоп,анын артында жүрүп, анын медитацияга качан жана кайда чыгаарын айтып турат. Бүбүмариямдын башынан өткөргөн кыйынчылыктары Ванганыкына окшош. Ванганы “Кара атчан” киши коштоп жүрсө, Бүбүмариямды “Эки Көз” коштоп жүрөт. Ванганын көзү ачыктыгы катуу куюндан кийин пайда болсо, Бүбүмариямдыкы муздак, үйлөр сууда турган мезгилинен башталат. Бул эпизоддор “Манаска” анын атын дубананын коюшу, Ошпурдун багып чоңойтушу, Кабылан менен Жолборстун жана алп кара куштун коштоп жүрүшү менен дал келет. Эгерде Бүбүмариямдагы Жайсаңды тансак, анда “Манастагы” жана Вангадагы эпизоддорду да, толугу менен жокко чыгарып, Кудайдын кудуретин да, ыйык китептерди (“Забур”, “Тоорат”, “Инжил”, “Куран”) да жалган деп айтышыбыз керек. Аларды жокко чыгарууга алыбыз жетбейт, бирок, аларга да айрым “Аалымдардын” асылышы мүмкүн. Бүбүмариямда эл аралык “Триумф тети Ньюры” системасындагы жети катмардын (аура, асман, сезим, информация, ой жүгүртүү, түйүлдүк, энергетикалык) ичинен аура менен асман телолору ачык жана сезим телосу менен информация борборлору күчтүү өнүккөн. Вангадан бир денгээл жогору турган феномен адам. Жетишпеген жагы-кыргыз болгондугу. Артыкчылыгы-кыргыз уфология илимине жол сала баштаганы. Кыргыз уфология илимине 1963-1970-жылдары Абай Бөрүбаев жол сала баштаган. Ага да “билерман аалымдар” асылып, өлтүрүп тынышкан. Аны менен бир убакта уфология илимин түптөй баштаган С.Агадж азыркы мезгилде дүйнө тааныган уфолог. Бүбүмариямды да А. Бөрүбаевтин тагдыры күтүп жаткандай сезилет. • Бүбүмариям жана “Триумф тети Нюры” системасы “Триумф тети Нюры” системасынын аныктоосу боюнча, адамдын денеси жети катмардан турат. Алар төмөнкүлөр; эң сырткы катмар Аура телосу, экинчи катмар Асман телосу, үчүнчү катмар сезим телосу, төртүнчү катмар информация телосу, бешинчи катмар ой жүгүртүү жана билим телосу, алтынчы катмар түйүлдүк телосу, жетинчи катмар энергетикалык тело (сүрөт).Бардык адамдарда аура телосу менен түйүлдүк телосу бирдей абалда калыптанат, калган телолордо айырмачылыктар болот. Ошондуктан, адамдарда физиологиялык, биологиялык, моралдык-психологиялык өзгөчөлүктөр болуп, бири-биринен өзгөчөлөнүп турат. Адамдын жашоосундагы жети дүйнө менен болгон байланышын, “Триумф тети Нюры” системасы менен айкалыштырып караганда төмөнкүдөй маалыматка ээ болобуз. • Аура катмары адамды сырткы күчтөрдүн, б.а. бизге көрүнбөгөн дүйнөнүн таасиринен сактап турат. Бул жагдай исламда “адамдын көзүн парда жаап турат, ошондуктан, ал өзүнө аралашып жүргөн ынсы-жынсыларды (башка дүйнө жашоочуларын) көрбөйт”-деген аныктама иретинде берилет. Айрым чала “көзү ачыктарда”, бүбү-бакшыларда аура катмары “жыртылган абалда” болгондуктан, аларга өздөрүнүн “адамдары” элес-булас көрүнөт. Андыктан, алардын айткандары анча-мынча дал келет. Бул жагдай көрүнүүчүнүн психологиялык абалына жараша болот, б.а. аура пендечилик жашоо менен асурлардын (кара күчтөр) ортосундагы биринчи тосмо. • Асман телосу-катмары (небесное тело) аурадан кийинки тосмо. Ал адамдарга Асурларды жана арбактарды көрсөтпөй тосуп турат. Асман телосу-катмары ачылган адамдар “көзү ачыктар”. Алар белгилүү убакытта асурларды жана арбактарды көрө алат, бирок, байланыш жасай (сүйлөшө) албайт. Ошондуктан, алардын айткандары белгилүү гана денгээлде чындыка жакындайт. Мисалы; Ностродамус, Жан Кзот ж.б. • Сезим телосу-катмары (интуитивное тело) адамды коргоочу үчүнчү тосмо. Бул тосмо адамдар менен аралашып жүргөн “башка дүйнөнүн” жашоочуларынын ортосун бөлүп турат. Адамдар алардын жүргөндүгүн сезет, бирок көрүшбөйт. Мисалы; үйдүн ээси (домовой), жердин ээси ж.б. Сезим телосу ачылган адамдар алар менен байланыша алышат. Байланыш “көзү ачыктын” дүйнөнү таанып-билүү жана психологиялык денгээлине жараша жүрөт. Ошондуктан, алардын айткандары чындыкка толук дал келбейт. Сезим телосунун натыйжасында, адам алдыда боло турган окуяны сезип жана туюп турат. Бирок, ага маани бербейт, “белги” деп кабыл алат. • Информация телосу катмары (кармическое тело, төртүнчү тосмо). Адамдагы Аалам менен байланыш түзүүчү тело. Ал бардык адамдарда бар. Өнүгүүсү ар башка денгээлде болгондуктан, телепатиялык байланыш түздөн-түз болуп, ошол адамга өткөн доор жана келечекте боло турган окуялар кабарланат. Мисалы Ванга, Бүбүмариям Муса кызы. Бүбүмариям телепатиялык байланышка чыкканда Жайсаң атанын руху көгүш шоола нур болуп келет. Бүбүмариям аура, асман жана сезим телолору күчтүү өнүгүп, информациялык телосу ачыла баштаган феномен адам. Ал сонку дүйнөдөгү Жайсаңдын руху менен байланышка чыгат. Мындай касиетке Ванга да ээ. “Сонку дүйнө” байыркы жазмаларда, Аалам дүйнөлөрүнүн бешинчи баскычында турат. Анда ыйык рухтар “Нур дүйнөгө” которулуу баскычына даярдануу этабында болот. Ага чейин рухтар адамдык жашоо, арбактар дүйнөсү, жаннат (бейиш) дүйнөсү баскычтарынан өтөөрүн, байыркы жазмалар байма-бай жазышат. Жайсаң ата эки дүйнөнү (адамдык жашоо, соңку дүйнө) бириктирип турган “Жалгамдык нур” сымал энергия. • Ой жүгүртүү жана билим телосу. Эл аралык окумуштуулар кабыл алган “Триумф тети Ньюри” системасындагы бешинчи тосмо. Ал ислам окуусундагы “Нур дүйнө” баскычына туура келет. Бул баскычтын борбору Шамбалада (Шам+бала, Шам болуп жарык берген бала). Индиянын “Калачакра” (XXIк.), “Дзян Китеби” (Тибеттик акылмандар китеби), “Шамбалага жол” (1775ж.), Панчен Ламанын “Арьядеши тарыхы жана ыйык өлкө Шамбалага жол” деген манускрипти, “Махабхарата”, Н.Рерихтин “Сырдуу Шамбала” деген эмгектеринде, “Шамбала дүйнөнүн борбору, анда жердеги бардык жашоочулардын негизи (генефонд) болгон кристал (субстанция) жайгашкан”-деп берилет. “Дзян китебинин” маалыматы боюнча, Шамбалада ааламдагы эки карама-каршы күчтөрдүн башаты (сол кол жана оң кол башаттары-булактары) орун алган. “Сол кол башатынын (булагы) борбору Жер үстү, анда зордук-зомбулук, өч алуу жана ырайымсыздык орун алган. “Оң кол башатынын” (булагы) борбору жер алдындагы коркунучтуу (шумдуктуу) падышачылык. Анда тозок жайгашкан. “Шамбала менен тил табышкан адам бүткүл дүйнөнү (жер жүзүн) башкарат” деп берилет. Бул маалыматка ээ болгон Гитлер Шамбала өлкөсүн табууга аракеттерди жасаганы, бир нече экспедицияларды уюштургандыгы тарыхтан белгилүү. Гитлердин свастикасы анчалык чоң эмес өзгөртүү менен Шамбаладан алынганы сезилип турат

   Гитлер 1920-жылы кабыл алынган свастикага өзгөртүү киргизип 1935-жылдын ноябрында өз эмблемасын кабыл алдырат. Ага чейин бул свастика көптөгөн өлкөлөрдө колдонулуп келген жана аруулукту түшүндүргөн.

Гитлердик германиянын свастикасы санскритте “jajna” (жеңүүчү) деген маанини билгизип, байыркы Индияда пайда болгон “Жайнизим” дининин, дхарма окуусунун (б.з.ч. IX-VI к.к.) символу болгон. Окуунун негизин Кштарий Варухамана (Джин Махавира) окуусу түзгөн. Окуунун философиясын дүйнөдөгү бардык тирүү жаныбарларга ээлик кыла турган, б.а. түбөлүктүү бийлике жетишүү идеясы түзөт. Жайнизм окуусу өз доорунда Түндүк Америкада, Батыш Европада, Ыраакы Чыгышта, Австралияда ж.б. дүйнө бөлүктөрүндө кеңири таркалган. Гитлердик Германиянын свастикасы анчалык чоң эмес айырмачылык менен, б.з. XI кылымындагы Рим мозаикасында, б.з.ч. 2600-1400 ж.ж. таандык болгон Миной керамикасында, индустардын байыркы “Махабхарата” жазмасында берилет. Ошол эле свастика менен чечендердин кудайы чагылдырылат. 1911-жылы Киплинг логотибинде, 1917-жылы Орус электирлештирүү уюмунун (АСЭА) жана орус маданиятынын гербдеринде, 1919-жылы Москва губерниясынын печатында колдонулган.

“Оң кол башатынын” каршысында Жер алдындагы ыйык өлкө Агарти (Ахарти) жайгашканы, анда медитацияга жана ааламга сырттан көз салып туруучу, эң кубаттуу, бүткүл ааламдын падышасы Кудай турары, ал Жердеги болуп жаткан окуяларды жөнгө салып, көзөмөлдөп, өз өкүмүн чыгарары Тибеттин ыйык жазмаларында так берилет.
Жер алдындагы Агарти өлкөсүндө, адамзатка таандык болгон согуш, зордук-зомбулук, мыкаачылык, көрө албастык  ж.б. тескери көрүнүштөр жок. Анда маданият жана илим өнүккөн, аны “Ортонку дүйнөдөгү” жашоодон жадагандар гана таба алат. Агартиге кирген адам баа жеткис илимге ээ болот деп-байыркы Индия жана Тибет жазмаларында тастыкталып берилет.

Түйүлдүк телосу (астральное тело, алтынчы тосмо) бардык адамдарда бирдей өнүгүү этаптарын басып өтөт. Генетикалык таасирдин натыйжасында, айрым физиологиялык-психологиялык өзгөрүүлөр, б.а. гендик борборго умтулуу жүрөт. Түйүлдүк телосу тиричиликтин башаты жана жашоо. Анын акыры өлүм. Өлүм арбактар дүйнөсү менен пендечилик дүйнөсүнүн ортосундагы “чек ара”. Ооруу эки дүйнө ортосундагы “чек аранын” бузулушу. Энергетикалык тело (эфирное тело, жетинчи тосмо) ар бир адамда боло турган катмар. Борбору, адамдын төш сөөктөрүнүн учунда жайгашкан “Кечир”. Медицинада кечир “Күн уюлу” деп аталат. Анда “Сезим” телосу орун алып, адамдагы мээримдик туюму калыптанган. Анын натыйжасында, ата-эненин балага, баланын ата-энеге, адамдардын жан-жаныбарларга жана бири-бирине болгон мээрими пайда болот. Айрым адамдарда “Күн уюлу”-“сезим телосу” начар өнүккөндүктөн, анда катаал (кырс) мүнөз калыптанат. Андай адамдар үчүн ата-эне, тууган-урук деген түшүнүк жок болуп, каракчылык жана киши өлтүрүү, мыкаачылык жана башкаларга асылуу көнүмүш ишке айланат. Бул жагдай, Жайсаңдын вариантындагы “Алманбеттин Көйкапта окушу” деген темада төмөнкүчө берилет: Ал үчүн: эли-жери, эне-ата жок Атылчу бир максатка-ал жандуу ок. Көөдөндө жылуулук жок мүздай тоңот, Киндикте Күн уюлун алып коёт. Бүтөөрдө окууларын ичин соёт, Адам-ок-туш болгондор тындым болот (1.к.) Киндиктеги “Күн уюлу” медицинада ошол эле аталышта айтылып, анын энергетикалык борбор экендиги тастыкталат. Демек, Жайсандын айткандары толук чындык экендиги, кыргыздардын медицина жагында билими болгондугун тастыктайт. • “Аяндуу” жазмалар-ыйык китептер. “Аян” Кудай тарабынан Жер адамдарына жиберилген белги. Ал бардык адамдарга белгилүү бир Аалам мыйзамынын негизинде, ар түрдүү денгээлде бериле турган информация. Көпчүлүк адамдар аны сезишет, бирок, маани беришбейт. Ал эми айрым адамдар аянды транс абалында толук кабыл алышат. Төмөндө ыйык китептердин аян аркылуу жазылганына кыскача маалымат берилет. “Ыйык китептер” (Дөөттүн “Забуру”, Мусанын “Тоораты”, Ыйсанын (Иса Христос) “Инжили”, Мухаммаддын “Кураны”) Кудайдын сөзү жазылган, өз доорлорундагы диний ишенимдерди камтыйт. Ал эми “Куран” бүтүндөй Аалам мыйзамын камтыган, эң акыркы жазма. Библия үч “ыйык китептин” (“Забур”, “Тоорат” жана “Инжил”) топтому. “Байыркы Келишим, жана“Жаңы келишим”-деген эки бөлүктөн турат. Дөөткө ал талаада жүргөндө “аян” келип, Пайгамбар болгонун айтат жана “Забур” китеби берилет. “Забур” 40 темадан турат жана аларда Кудайдын күчү макталат. Ысрайыл элинин артыкчылыгына көп көңүл бурулат. Мусага ал Буткана кызматкери болгон кайнатасы Итронун коюн талаада багып жүргөндө “аян” келип, анын пайгамбар болгонун айтат жана ага “Тоорат” китеби асмандан түшүрүлөт. Китептин өзөгүн Ысырайыл элинин артыкчылыгы жөнүндөгү жана Кудай менен алардын түзгөн келишимдери түзөт. Бардыгы “аян” аркылуу берилет. Ыйсага “Инжил” китеби түшүрүлөт, ал төрөлгөнгө чейин анын төрөлө тургандыгы жөнүндө маалыматтар “аян” түрүндө берилет. Инжилдеги “Матфейдин кабары”, “Марктын кабары”, “Луканын кабары”, “Иондун кабары” ж.б. бөлүмдөрдө аталган апостолдордун “аян” алып жазгандары айтылат. “Куран” (ал-Курьан) 604 беттен турган, мусулмандардын ыйык китеби. Оригиналдары “Сары Куран” Александрияда басылган. “Ак Куран” Уфа менен Казандан басылып чыккан. “Куран” 114 сүрөөдөн, 6011 аяттан турат. Эң чоң сүрөө “Бахара-уй” сүрөөсү (286 аят), эң кичине сүрөөлөр 3 аяттан (Аср, Кавсар ж.б.) турат. Бардык сүрөөлөр “аян” аркылуу берилген. Сүрөөлөр өз алдынча баракчалар иретинде Меккеге жана Мединага түшүрүлгөн. “Евенгелие” (Ессейлердин китеби) “Тандалмалуулурдын окуусу”, “аян” аркылуу берилген философиялык көз караштардын топтому, жашыруун түзүлгөн “туугандык” топтун (Массон уюму) негиздемеси. “Талмуд” Иудейлердин укуктук жана диндик, этикалык нормаларынын көп томдук жыйнагы. Алты бөлүмдөн турат; Зраим, Моэде, Нашим, Незикин, Кодашим, Теорит. “аян” аркылуу алынган деп берилет. Атактуу Манасчылар Саякбай ,Сагынбай, Жусуп Мамай, Балта Баракан, Ысак Конко ж.б. көптөгөн манасчылар, Манасты аян алып айткандары маалым. Алардын мисалы катары Ысык-Көлдүк жаш баланы алсак болот. “Теңирчилер” ишениминин белгилүү өкүлү, биздин элге ал ишенимди таңуулаган С.К.Кынаев (Акай) 1995-жылы “Мага Алтайдын духу Алтай Эззе кезикти, анын айткандарын мен аткарып жатам”-деп жар салып, ага чейин Ак Дьанг (Ак ишеним) коомун жетектеп келген Д.Алексееванын ордуна отуруп алат. Анын Алтайдан Кыргызстанга топурак жана 40 жылкы (Акайдын жылкысы) алып келүү идеясын айрым кыргыздардын колдоого алышы, биздин элде “Теңирчилик” ишениминин күчтөнүшүнө алып келди. Жогоруда келтирилген, аян аркылуу алынган китептерди кабыл алып, Жайсаңдан келген аянды тансак кандай болот?. Эгерде Жайсаңдын вариантын, аны кагаз бетине түшүргөн Бүбүмариямды жалганга чыгарсак, анда жогорудагы ыйык китептерди да жалганга чыгарышыбыз керек. Себеби, алардын ар бири аяндын негизинде жазылган. Аларды жалганга чыгарууга адеп-ахлагыбыз да, Ааламдык ой-жүгүртүүбүз да жетишбейт. Бул багытта Жайсаңдын оппоненттери өздөрүнө “Мен ким, Жайсаңдын вариантына илимий талдоо жүргүзө аламбы, менден башка да түрдүү тармактагы аалымдар бар, алар эмне дейт”-деген суроону алдыларына койсо жакшы болмок. Бул жагдайда кыргыздардын “Жылкыңа карап ышкыр, мурдуна карап бышкыр”- деген сөзү олуттуу сезилет.

Эрлан ЖумагазиевОңдоо

Эрлан ЖУМАГАЗИЕВ.акын, Чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» коомдук бирикмесинин (2003), Республикалык «Калемгер» адабий клубунун (2004), Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун (2011) мүчөсү. 1983-жылдын 20-октябрында Кочкор районундагы Кара-Мойнокайылында туулган. 2007-жылы И. Арабаеватындагы КМУнун алдындагы Мамлекеттик тил жана Маданият институтун аяктаган. Чыгармачылыкка кызыгуусу мектептеги курагынан башталган. Алгачкы ырлары 1998-жылы Кочкор райондук«ЭмгекТуусу» гезитине «Тамызгы» рубрикасынын астында жарыяланган. «Жан дүйнө жаӊырыгы(2010)»,«Машакат өмүр» (2017) поэтикалыкжыйнагынын,«Акыбет» (2017) прозалыккитебинин автору.

СайтОңдоо

Сайт же веб-сайт (читается [вэбсайт], англ. website: web — \"желе тармагы\" жана site — \"орун\", псөзмө-жери\", сегмент, - бөлүгү\" түйүнүндө), жыйындысы логикалык жактан бири-бири менен байланышкан веб-барагы бул сат деп эсептелинет. Белек уулу Эсенбек