Википедия:Википедиянын негизги эрежелери

Википедия:Уикипедиянын негизги эрежелери‎»‎ барагынан багытталды)

Уикипедияга салым кошуп баштаардан мурун, бул негизги эрежелерди менен таанышып чыгыңыз.

Негизги беш эреже түзөтүү

  1. Уикипедия – бул энциклопедия. Анын эрежелерине тура келбеген маалыматтар уикинин башка бөлүмдөрүнө өткөзүлөт же өчүрүлөт.
  2. Калыс болуңуз. Макала болгон көз караштардын баардыгын чагылдырып, тигил же бул тарапка тарткан маанайда болбошу керек.
  3. Автордук укуктарды урматтаңыз. Уикипедия Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 Unported лицензиясынын шарттарына ылайык түзүлөт же эркин көчүрүп жана таратууга мүмкүн эркин энциклопедия дегенди түшүндүрөт. Автордук укуктарды бузган маалыматтарды киргизүү Уикипедиянын максатарына туура келбейт.
  4. Башка катышуучуларды урматтагыла. Уикипедияда ар башка мамлекеттердин, маданияттардын жана элдердин өкүлдөрү катышышат, алардын көз караштары бири-бирине дал келбөөсү мүмкүн. Сылыктык жана кызматташууга умтулуу долбоордун туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө.
  5. Бул беш эрежеден башка уикипедияда эрежелер жок. Оңдогула, түзгүлө, макалалардын атын өзгөрткүлө. Сизден кынтыксыз текст түзүү талап кылынбайт, бирок ага умтулуу керек.

Макаланын жазуу сунуштары түзөтүү

  • Маанилүүлүгү. Уикипедия энциклопедия болуп саналышы үчүн андагы макалалар маанилүү нерселер тууралуу кабар бериши керек.
  • Текшерип алганга мүмкүн. Жазылган маалыматтарды текшерип алуу мүмкүнчүлүгү болуш керек – маалымат булактарына шилтеме бергиле.
  • Тили жана стили. Макалалар колдон келишинче адабий жана илимий тилде үчүнчү жактын атынан жазылышы керек.
  • Жеке көз караштар атайын талкуу баракчаларында же макаланын өзүндө окурманга көрүнбөгөн тегине алынып жазылышы керек.
  • Макаланын аты кеңири таанымал болгон аталышта, колдон келишинче көп маанилүүлүктөн сырткары болушу керек
  • Калыс болгула. Энциклопедияда эмоцияларга алдырбаш керек. Эгерде макалада келтирилген көз караш талаштуу жана жалпы таанылбаган болсо, эскертме жазылып шилтеме берилиши керек. Эгерде сөз кылынып жаткан маселе боюнча бир канча көз караштар болсо, алардын баардыгын чагылдырганга аракет кылышы керек.
  • Макаланын түзүлүшү. Биринчи макаланын аталышында келтирилген сөздүн аныктамасын берүү зарыл.

Маалымат берүүнүн тартиби түзөтүү

  • жалпыдан жекеге
  • жөнөкөйдөн татаалга
  • маанилүүлүгүнө, белгилүүлүгүнө, аныктыгына, көлөмүнө, ордуна жараша
  • хронологиялык тартипте – тарыхый маалымкаттар үчүн
  • тематикалык тартипте – иерархиялык тизмелерде
  • алфавиттик тартипте – башкалар туура келбегенде

Кызматтык билдирүүлөр түзөтүү

Макаланын маанисине болгон сын-пикир анын эң башына коюлат жана адатта калыптар колдонулат же сиз автордун текстинен айырмаланган жасалганы колдонуп өз пикириңизди жазып койсоңуз болот.

“Бүтө элек макала” калыбы, башка тилдердеги макалаларга шилтемелер, лицензиялар тууралуу маалыматтар макаланын аягында коюлат. Бул багыттагы макалаларды жазууда адатта калыптар колдонулат: инсандар, кино, телесериалдар, манга, аниме. компютер оюндары, музыка, биология