XIX кылым
Он тогузунчу(XIX) кылым - григориан календары боюнча 1801-жылдын 1-январынан баштап, 1900-жылдын 31-декабрына чейинки убакыт аралыгы.
Бул кылымда индустриализация, урбанизация, колониализмдин өнүгүшү сыяктуу кубулуштардын болушу менен тарыхта калды. Ошондой эле маданияттын, искусствонун, техника жана илимдин өнүгүшү болгон.
Кыргыздардын Орус империясына кошулушу дал ушул XIX кылымга туура келген.
Тарыхый окуялар түзөтүү
XIX кылымдын башы түзөтүү
- Өнөр жай революциясы: XVIII кылымдын аягынан XIX кылымдын башына чейин биринчи этабы
- Улуу Британиянын жана Ирландиянын Бириккен королдугу түзүлгөн (1801). Габсбург монархиянын негизинде Австрия империясы түзүлгөн (1804). Үчүнчү коалиция согушунан (1805) кийин Ыйык Рим империиясы кыйраган (1806).
- Орус империясынын Жер ортолук деңизине чыгуу үчүн согуштары (1804—1813; 1806—1812; Кавказ согушу 1817—1864;1826—1828). Финн согушу (1808—1809). Декабристтердин көтөрүлүшү (1825).
- АКШ Түндүк Америкадагы ири француз жерлерин сатып алып, аянтын кеңейтет. («Луизианды сатып алуу»; 1803). Мексиканын, Англиянын жана жергиликтүү индейлердин жерлерин күч менен тартып алып, өзүнө каратуу башталат. Индей согуштары (1622—1918). Берберий согуштары (1801—1805, 1812—1816). Африкада кара америкалыктар азыркы Либериянын аймагында колония түзүшөт (1821). Монро доктринасы (1823).
- Наполеон баштаган француз армиясынын жүргүзгөн согуштары (1803—1815), Францияда кайра башталган революциялар (1792—1802). Орусиядагы Наполеонго каршы ата мекендик согуш(1812). Вена конгресси (1814—1815).
- Британдык колония үчүн болгон согуштар(1803—1805; 1817—1818; 1823—1826; 1839—1842; 1845—1846, 1848—1849; 1845—1872). «Pax Britannica» (1815—1914) . Викториандык доор (1837—1901).
- Америкадагы испан колониялдарынын эркиндик үчүн күрөштөрү (1810—1826) Испанияны Наполеондун басып алуусунан кийин башталган. Мексика(1821), Колумбия (Венесуэланын, Жаңы Гранаданын жана Китонун аймактары дагы; 1822), Борбордук Америка Федерациясы (1824), Боливия (1825), Перу (1826) эгемендүүлүккө жетишишет.
- Португал революциясы (1820). Бразилия жана Уругвай эгемендүүлүккө ээ болушат (1821—1825).
- Грек революциясы (1821—1830) Осмон империясынын үстөмдүк кылуусуна каршы башталган. Орус-түрк согушу (1828—1829).
- Испаниядагы жарандык согуштар (1833—1876; Карлистер).
- Апийим согуштары (1840—1842 , 1856—1860). Британ империясы Кытайга көп сандаган апийим жеткирген. Анын натыйжасында Англия капчыгын кампыйтса, Кытайда болсо наркомания жана өлүмдөр күч алган. Кытайда тайпиндердин көтөрүлүшү (1850—1864).
XIX кылымдын ортосу түзөтүү
- Экономикалык кризис (1847; англ. List of stock market crashes). 1848—1849 жылдардагы Революциялар: Францияда, Австрия империясында, Германияда, Италия мамлекеттеринде, Дунай княздыктарында болгон. «Коммунисттик партиянын Манифести» жарыяланган (1848; Маркс; Энгельс).
- Калифорнияда жана Австралиядагы "алтын дүрбөлөңдөрү" (1850чү жана 1860чы жж. дүйнөлүк алтын өндүрүүнү 6 эсеге жогорулатып, жыйынтыгында ашыкчаа өндүрүүнүн негиздерин түзө баштайт.
- Крым согушу (1853—1856) Орус империясынын бир жагынан Улуу Британия, Франция, Осмон империясы жана экинчи жагынан Сардин королдугу менен болгон согуштук аракеттери.
- Орусияда крепостнойлук укуктун жоюлушу (1861). Алясканын сатылышы (1867).
- АКШдагы жарандык согуштар (1861—1865). Түштүктү кайра куруу (1863—1869). Кулчулукту жоюу (1865). АКШдагы дүйнөдө биринчи жолу салынган трансконтиненттик темир жолу Батышты жакшылап ээлөөгө мүмкүндүк берген (1869).
- Сыпайлардын көтөрүлүшү (1857—1858) Британиянын Индиядагы көзөмөлүн токтотот (1600—1874). Индиядагы ачарчылык. Экинчи англо-бирман согушу (1852—1853).
- Италиянын бириктирилиши аягына чыккан (1871). Рисорджименто (1820—1871). Австро-итало-француз согушу (1859). Италия Королдугу (1861).
- Франко-пруссдук согуш (1870—1871) Герман империясынын түзүлүшүнө алып келет. Франция Үчүнчү республика болуп калат.
XIX кылымдын аягы түзөтүү
- Батыш Европа, АКШ, Япониядагы Экинчи өнөр жай революциясы. Батыш Европада (1873—1896) жана Түндүк Америкада узакка созулган депрессия (1873—1879). АКШдагы «Алтынга бууланган кылым» (1876—1914).
- Мэйдзи доору(1868—1912).
- Орус-түрк согушу (1877—1878).
- Британ колония согуштары (1878—1880; 1879; 1880—1881; 1885—1887).
- Африканын колонияларга бөлүнүшү (1884) Берлин конференциясында жүргүзүлгөн.
- Франция-Кытай согушу (1884—1885) Вьетнамдын үстүнөн үстөмдүгүн орнотуу максатында чыккан согуш Франциянын жеңиши менен аяктайт.
- Япон-Китай согушу (1894—1895) Кытайдын жеңилиши менен аяктайт. «Боксёрдук көтөрүлүш» (1899—1901).
- Филиппинн революциясы (1896—1898) испандыктардын үстөмдүүлүгүнө каршы, АКШнын колдоосу менен өткөн. Испан-америка согушунун натыйжасында (1898) Филиппиндер, Куба, Пуэрто-Рико АКШнын кол алдына өткөн. Филиппинн-америка согушу (1899—1902/1913).
- Англо-бурдук согуш (1899—1902) Трансваалда дүйнөдөгү ири алтын запасынын табылышы менен башталган (1886). Бул согушта аскердик кийимдин түскө боё, чабуулга өткөндө аскерлердин чачырап сокку уруусу, пулемёттор, окоптор, тикен зымдар, жыты жок порох снайпердик тактика, согуштук телеграф, калканчы күчү мыкты поезддер, адамдар үчүн концлагерь сыяктуу нерселер кеңири колдонула баштаган.
XIX кылымдагы ойлоп табуулар түзөтүү
XIX кылымдагы ойлоп табуулар |
---|
|
XIX кылым жана Кыргызстан түзөтүү
- Бишкек чебинин курулушу (1825)
- Бугу-сарыбагыш чабышы жана Ормон хандын өлүмү (1854)
- Качыбек Шералин баштаган бугу элчилиги Батыш Сибирь генерал-губернаторлугунун борбору болгон Омск шаарына келишип, Ысык-Көл кыргыздарынын Орусиянын курамына расмий түрдө өтүүсү тууралуу ант берген (1854-55)
- Падыша аскерлери Верныйдан чыгышып(23-август), Токмок чебин басып алышат (26-август) жана аны толугу менен кыйратышат (28-август), Бишкек чебин ээлешкен (31-август, 1860)
- Шабдан Жантай уулунун орустарга каршы Кара-Кастек өңурүндө салгылашып, эрдик көрсөтүүсү(1861).
- Алымбек датка Кокон хандыгына карша көтөрүлүш уюштурган(1861).
- Кыргыздардын Кудаяр хандын эзүүсүнө каршы тынымсыз күрөштөрүнүн башталышы (1865)
- Алайдагы (1867-70), Сохтогу (1871) Кудаяр ханга каршы көтөрүлүш
- Сарыбаштын тынай уругунун чоң манабы Жантай Карабек уулунун Верныйга барып, кеминдик кыргыздардын орустарга кошулушу тууралуу ант бериши жана Жантай, Шабдан орус бийлигине кызматка алынган (1862)
- Солто уруусунун чоң манабы Байтик Канай уулунун кокондук аким Рахматуллага каршы күрөшү жана ал согушта орустардан жардам суроосу. Жыйынтыгында Бишкеке чебин орустар 1200 аскери менен басып алган жана кокондуктарды жок кылган (1862)
- Таластагы негизги уурулар болгон саруу жана кушчу уруулары орус бийлигин тааныган (1865)
- Орус аскерлери Жумгалга келип, Соң-Көл жайлоосу аркылуу Куртка чебине өткөн (1863)
- Кыргыздардын черик уруусу да орустардын курамына кирген (1863)
- Түркстан генерал-губернаторлугу түзүлөт (1867)
- Нарын чеби негизделген (1868)
- Түндүк кыргыздар Орус империясынын курамына толугу менен кирет (1863-1867-жж.)
- Кыргыздар Кокон хандыгынын эзүүсүнөн кутулат (1855—1863)
- Полот хандын орустарга каршы көтөрүлүшү (1873—76)
- Элдик көтөрүлүш: 1)Алайдагы; 2)Аксыдагы; 3) Эки-Сууаралыгындагы; 4) Лейлектеги көтөрүлүштөр (1873)
- Орусиянын курамына кошулгусу келбеген "Алай ханышасы" Курманжан датка өз айылы менен Кашкар тарапка көчүп кеткен (1876)
- Түштүк Кыргыздардын Орус империясынын курамына кошулушу (1876)
- Пржевальск (азыркы Каракол) шаарынын негизделиши (1889)