XX кылым
XX кылым (жыйырманчы кылым, 20 кылым, жыйырманчы жүзжылдык) — бул узактыгы 100 жыл түзгөн убакыт, 1901 - жылдын 1 - январынан 2000 - жылдын 31 -декабрына чейин созулган экинчи минжылдыктын акыркы кылымы болуп эсептелинет.
Негизги окуялар жана түшүнүктөр:
- Индустриализация
- Биринчи дүйнөлүк согуш
- Империялардын кулашы
- Октябрь революциясы, СССРдин түзүлушү, социализмдин түзүлүшү жана коммунизмди түзүү иш-аракеттери
- Улуу депрессия
- Тоталитардык жана авторитардык режимдердин түзүлүшү
- Экинчи дүйнөлүк согуш
- БУУнун түзүлүшү
- Демократия, Адам укуктары
- Илимий-техникалык революция
- Атомдук дооррдун башталышы: өзөктүк куралдар (атомбук бомба), Хиросима жана Нагасаки шаарларын талкалоо, атомдук энергия
- Космостогу ийгиликтер: космоско чыгуу, Ай, Марс, Венерага учуулар
- Транспортту өнүктүү: реактивдүү жарандык авиация, массалык автомобилизация
- Кансыз согуш
- НАТОну түзүү
- Европа биримдигинин түзүлүшү
- СССРдин таркашы
- Эл аралык терроризм
- Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын өнүгүшү: уюлдук байланыш, компьютер, телевидение, Интернет.
Негизги окуялар Түзөтүү
ХХ кылым ар кыл тармактын өзгөрүүсү жана өнүгүүсү(медицина, экономика, идеология, илим жана саясат) менен адамдардын дүйнөгө болгон көз карашын өзгөрттү жана алдыга жылдырды.
Экономикалык жактан башкы жыйынтыгы деп дүйнөнүн массалык түрдө табигый жана синтетикалык материалдарды иштетүүдө машиналык өндүрүштүн түүлүшү, конвейердик өндүрүү линияларын жана завод-автоматтардын пайда болуусу деп айтсак болот.
Бирок ошол эле учурда индустриялык жактан өнүккөн өлкөлөрдү 1907, 1914, 1920—1921, 1929—1933 (улуу депрессия), 1937—1938, 1948—1949, 1953—1954, 1957—1958, 1960—1961, 1969—1971, 1973—1975, 1979—1982, 1990—1991, 1997—1998 жж. болгон финансылык жана экономикалык кризистерге учуроосу - өндүрүштүн төмөндөшүнө, жумушсуздукка, капиталдык салуулардын кыскарышына, фирмалардын банкрот болушуна, акциялардын курсунун төмөндөшүнө жана ар кандай финансылык жапа чегүүлөргө да алып келген.
Бул кылымда ар кандай согуштук күч аракеттер көп болгон. Биринчи дүйнөлүк согуш, андан соң Экинчи дүйнөлүк согуш болуп, куралдануунун жүрүшү максималдуу түрдө болушу атомдук жана өзөктүк куралдарынын колдонулушуна да алып келген. Дүйнөнүн алп мамлекеттери АКШ жана СССРдин ортосундагы кансыз согуш дүйнөнүн тарыхында өчпөс окуялардын бири болуп калат.
Согуштар 90 миллиондон ашык адамдын өмүрүн алган(биринчи дүйнөлүк согуш-20млн.дон ашык, ар кандай жарандык согуш жана ачарчылыктын кесепетинен 10млн, экинчи дүйнөлүк согушта - 60 млн.дон ашык)
ХХ кылым саясий окуяларга да бай болду:
- Осмон империясы кулашы.
- Улуттар лигасынын, СССРдин, Үчүнчү Герман жана Япон империяларынын түзүлүшү, согуш ортолорунда болгон улуу депрессия.
- Үчүнчү Герман жана Япон империяларынын кулашы жана БУУнун түзүлүшү.
- Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эки дөө мамлекет АКШ жана СССРдин ортосунда "кансыз согуш".
- Германияда, Кытайда, Корея жана Вьетнамда бытыранды улуттардын пайда болушу жана алардын биригиши үчүн болгон күрөшү.
- Палестинадагы еврейлердин мамлекетинин биригиши жана ушуга байланыштуу жакынкы чыгыштагы көп жылдык конфликттин чечилиши.
- Кытай Элдик социалисттик Республиканын түзүлүшү.
- Британ, Француз жана Португал колониялык империяларын толугу менен кулашы жана колониализмдин аякташы көпчүлүк көз каранды эмес Африка жана Азия өлкөлөрүнүн пайда болушуна себеп болду.
- 1950-жылда башталган Европалык интеграция Европалык союздун пайда болушуна алып келди жана бул биримдик ХХ кылымдын аягында 15 мамлекеттен турган.
- Чыгыш Европадагы 1989-жылы болгон революциялар жана СССРдин таркашы.
Башкы ойлоп табуулар Түзөтүү
- Самолёт (1903)
- Пардын негизинде иштеген турбина (1904)
- Теплоход (1908)
- Дизель-электрдик суу астындагы кеме (1909)
- Авианосец (1910)
- Химиялык курал (1915)
- Танк (1916)
- Полиграф (1921)
- Тепловоз (1923)
- Телевидение (1925)
- Ракета (1934)
- Турбореактивдик кыймылдаткыч (1939)
- Антибиотиктер (1940)
- Компьютер (1941)
- Атомдук бомба (1945)
- Транзистор (1947)
- Голография (1948)
- Реактивдик авиалайнер (1949)
- Суутектик бомба (1953)
- Атомдук электростанция (1954)
- Калькулятор (1954)
- Атомдук суу астында жүрүүчү кеме (1955)
- Спутник (1957)
- Интегралдык схема (1958)
- Компакт-кассета (1950,1963)
- Лазер (1960)
- Космостук кеме (1961)
- Электрондук почта (1965)
- Интернет (1969)
- Томограф (1972)
- Персоналдык компьютер (1975)
- Компакт-диск (1979)
- Уюлдук телефон (1983)
- Дүйнөлүк желе (1991)
- Клондоо (1997)
ХХ кылым жана Кыргызстан Түзөтүү
ХХ кылымда Кыргыз мамлекетин түзүүдө көптөгөн аракеттер жүрүп, жыйынтыгында бул кылымдын аяк бетинде Эгемендүүлүктү алганбыз. ХХ кылымда Кыргызстанда болуп өткөн орунттуу окуялар:
- Улуттук-боштондук үчүн көтөрүлүш(1916)
- Улуу Октярь социалисттик революциясы(1917)
- Кызыл-Кыя жана Сүлүктүдө совет бийлигинин орношу(1917).
- "Алаш", "Туран", "Букара" жана "Шуро-и-Ислам" партияларынын түзүлүшү(1917).
- Пишпекте совет бийлигинин орношу(1918).
- Беловодскидеги антисоветтик котөрүлүш(1918).
- Түркстан фронтунун башкы командачылыгына М.В.Фрунзенин дайындалышы(1919).
- М.В.Фрунзенин буйругу менен Орто Азиядагы биринчи мобилизациянын жүрүшү(1920)
- Кыргызстандагы жер-суу реформасы(1921).
- Кыргызсандын өз алдынча Тоолуу облус болуп жарыяланышы(1922).
- Кара-Кыргыз Автономиялуу Облусу(ККАО) болуп түзүлүүсү(1924).
- Араб графикасы менен жазманын киргизилиши(1924).
- "Эркин-Тоо" газетасынын биринчи чыгарылышы(1924).
- Кыргызстанга "Интергельпо"нун келиши(1925).
- ККАОнун I съезди(1925).
- Кыргыз Советтик Социалистик Автономиялуу Республикасынын (Кыргыз АССРи) түзүлүшү(1926).
- Кыргыз АССРнин I курултайы(1927).
- Ултуттук жазманы араб графикасынан латын графикасына өткөрүлүшү(1927).
- Кыргыз АССРнин эл чарбасынын өнүктүрүүгө 5 жылдык планын бекитилиши(1928).
- Кыргыз АССРи Кыргыз ССРи болушу(1936).
- Кыргыз ССРинин Конституциясынын кабыл алынышы(1937).
- Сталиндик репрессиянын массалык курмандыктары, Чоң Таш трагедиясы(1937-1938).
- Москвадагы I кыргыз адабият декадасы(1939).
- Латын графикасынан кириллицага өтүшү(1939).
- Чоң Чүй каналынын курулушунун башталышы(1941).
- Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы(1941).
- И.В.Панфиловдун баатырларча курман болушу(1941).
- Ч.Түлебердиевдин эрдиги(1942).
- Согуштун аякташы(1945).
- Москвада "Манас" эпосунун басылып чыгышы(1946).
- ККПБ Комитетинин биринчи секретарлыгына И.Р.Раззаковдун дайындалышы(1950).
- Кыргыз мамлекеттик университетинин (КУУ) ачылышы(1951).
- Республикалык Илимдер Академиясы уюштурулат(1954).
- Кыргыз ССРинин ЦК Компартиясынын биринчи секретары болуп Турдакун Усубалиевдин дайындалышы(1961).
- Өлкөдө эл чарбасынын реформалоо башталат(1965).
- Кыргыз ССРинин ЦК Компартиясынын биринчи секретары болуп А.Масалиевдин дайындалышы(1985).
- Ч.Айтматов тарабынан I Ысык-Көл форуму өткөн(1986).
- "Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам"дын кабыл алынышы(1989).
- "Ош окуясы"(1990).
- Борбор калаанын атын Фрунзеден Бишкекке өзгөртүлүшү(1991).
- Кыргызстандын эгемендүү мамлекет болушу(1991).
- Биринчи элчиликтердин ачылышы(1991-92).
- Кыргызстандын БУУга мүчө болушу(1992).
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынышы(1992).
- I Дүйнөлүк кыргыздардын курултайы(1992).
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни кабыл алынат(1992).
- Кыргызстандын ЮНЕСКОго мүчө болушу(1992).
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Кабыл алынышы(1993).
- Кыргыз валютасы "сом"дун кабыл алынышы(1993).
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин кабыл алынышы(1994).
- "Манастын 1000 жылдыгы"(1995).
- Биринчи кыргыз космонавты, Салижан Шариповдун космоско учушу(1997).
- Кыргызстандын Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болуп кириши(1998).
- Баткен облусуна экстремисттик топтордун кирип келиши(1999).
- "Ош шаарыны 3000 жылдыгы"(2000).