Кызыл-Булак көмүр кени Ош облусунун Алай районунда, Сарымогол сайынын чыгыш жагында, Алай кырка тоосунун түштүк капталында, Кызылбулак кургак сайында. Кенди жергиликтүү эл 1993-ж. суурдун ийинин казууда ачышкан. 1993-ж. издөө иши, 1994–95-ж. чалгындоо иши жүргүзүлгөн. 1994-ж. көмүр казып алуу башталган. Көмүр казуу ишин "Кен" фирмасы жана "Ош-Пирим" акционердик коому жүргүзөт. Көмүрлүү юра катмарында татаал түзүлүштөгү I кабат бөлүнгөн. Кабаттын калыңдыгы 4,21 мден 74,41 мге чейин өзгөрөт. Сапаты боюнча көмүр 3Б маркасына таандык. Орточо күлдүүлүгү – 16,94%, орточо күйүү жылуулугу – 26,33 МДж/кг (6290 ккал/кг). Запасы 3710 миң т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү