Рас-аль-Хайма (эмирлик)
Рас-аль-Хайма ( араб. رأس الخيمة чатырдын үстү ) – БАЭнин түндүгүндөгү эмирлик .
Рас-аль-Хайма араб. رأس الخيمة | |||
| |||
Өлкө: |
БАЭ | ||
---|---|---|---|
Абалы: |
эмирлик | ||
Акимий борбору: |
[[Рас-аль-Хайма (шаар) |Рас-аль-Хайма]] | ||
Түзүлгөн убакыты: |
1869-жыл | ||
Эмири: |
Сауд бин Сакр аль-Касими | ||
Расмий тили: |
араб тили | ||
Калкы (2009): |
241 000 | ||
Жыштыгы: |
97,25 адам/км² | ||
Жер аянты: |
2478 км² | ||
Деңиз деңгээлинен бийиктиги: • Эң бийик чекити • Орточо бийиктиги | |||
Саат алкагы: |
UTC+4 | ||
ISO 3166-2 коду: |
AE-RK | ||
Расмий сайты | |||
Эмирликте дыйканчылык жана балык уулоо өнөрлөрү жакшы өнүккөн. Рас-аль-Хайма жарым марафону жыл сайын өткөрүлүп турат.
Расмий тили араб тили; англис тили бизнесте кеңири колдонулат; хинди, урду, бенгал, малаялам, фарс жана башка азиялык тилдер иммигранттар арасында кеңири таралган.
Тарыхы түзөтүү
Рас-аль-Хайма эмирлигинин 7000 жылга жакын тарыхы бар. XIII-XIV кылымдарда азыркы Рас-аль-Хайма деп аталган аймакта белгилүү Жулфар аталыштагы порт жайгашкан.
Жулфар Парс булуңундагы соода түйүндөрүнүн бири болуп, өзүнүн берметтери менен кеңири белгилүү болгон.
2019-жылы бул аймакта сейрек кездешүүчү Кытай керамикасынын табылышы мурдагы Жулфардагы соода-сатыктын аймагын жана көлөмүн көрсөтүп турат.
Эмирликте ошондой эле Парс булуңундагы эң жакшы сакталып калган балык уулоочулардан тарыхый айылдардын бири - Аль-Жазира Аль-Хамра жана БАЭдеги сакталып калган, XVIII кылымга таандык Дайя чеби жайгашкан.
Рас-аль-Хайма эмирлигинин 1000 жакын тарых жана маданият эстеликтери, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын тизмесине кирген[2].
Калкы түзөтүү
2015-жылга карата калкынын жалпы саны 345,000 адамды түзгөн жана калкынын 127,000 адамы БАЭнин жарандары болуп саналат[3].
Географиясы түзөтүү
Рас-аль-Хайма БАЭнин эң түндүккү чекитине жакын жайгашкан. Умм эль-Кайвайн, Фужейра, Шаржа эмирликтери жана Оман Султандыгы менен чектешет.
БАЭнин эң бийик Жебел Жайс тоо чокусу да ушул эмирликте жайгашкан, анын бийиктиги 1934 метр[4].
Экономикасы түзөтүү
БАЭнин башка аймактарындагыдай эле экономиканын негизин мунай менен байланышкан өнөр жайлар түзөт. Мындан тышкары чопо жана цемент чыгаруучу ишканалар, «Julphar» дары-дармек сыгаруучу заводу бар. 2000-жылы бул эмирликте эркин экономикалык аймак ачылган.
Ажайып жайлары түзөтүү
БАЭнин эң бийик 1937 метрге жеткен Жебел Жайс тоо чокусунда, дүйнөдөгү эн узун зиплайн аркан жолу 2018-жылдын 31 январында ачылган. Бул зиплайн аркан жолунун жалпы узундугу 2831,88 метрди түзүп Гиннесстин рекорддор китебине да катталаган[5].
Рас-аль-Хаймада деңиз жээгинде эс алууга жана саякаттоого багытталган турлар уюштурулуп турат.
Күзөт мунаралары жана чептери менен белгилүү болгон Жулфар байыркы шаары, Аль-Маржан аралдары туристтердин кызыгуусун жаратат.
Башкаруучу үй-бүлөөсү түзөтүү
Башкаруучу үй-бүлөө – байыркы убактарда Парс булуңун бойлото жагашкан мамлекетти түптөгөн Аль-Кавасим уруусунун тукумдары.
Сауд бин Сакр аль-Касими, 2010-жылдын 27-октябрынан тартып эмирлик кылат. Ал бийлике атасы каза болгондон кийин келген[6].
Тышкы шилтемелер түзөтүү
Булактар түзөтүү
- ↑ 1.0 1.1 Ras Al Khaimah Facts. Текшерилген күнү 7 -ноябрь (жетинин айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 2 -январь (үчтүн айы) 2020.
- ↑ Properties inscribed on the World Heritage List
- ↑ Ras Al Khaimah. Population
- ↑ Ras Al Khaimah. Tourist attractions
- ↑ Longest zip wire. Гиннестин рекорддор китебинин сайтында
- ↑ Ras Al Khaimah. The ruling family