Аль-Фужейра (Фуджейра; араб. الفجيرةтаң ) — БАЭнин курамындагы эмирлик.

  • Борбору - Фужейра .
  • Аянты - 1166 км², калкы - 256 256 адам (2019-жыл)[1].
Фужейра
араб. الفجيرة
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Фужейра картада

Өлкө:

БАЭ

Абалы:

Эмирлик

Акимий борбору:

Фужейра

Түзүлгөн убакыты:

1953-жыл

Эмири:

Хамад II бин Мухаммад аш-Шарки

Расмий тили:

араб тили

Калкы (2019):

256 256

Жыштыгы:

203,1 адам/км²

Жер аянты:

1163 км²

Деңиз
деңгээлинен бийиктиги:
 • Орточо бийиктиги



 134 м

Саат алкагы:

UTC+4

ISO 3166-2 коду:

AE-FU

Расмий сайты
Оман жана БАЭ эксклавдары



     Оман     Абу-Даби (БАЭ)     Дубай (БАЭ)     Шаржа (БАЭ)     Ажман (БАЭ)     Умм эль-Кайвайн (БАЭ)     Рас аль-Хайма (БАЭ)     Фужейра (БАЭ)

Тарыхы түзөтүү

Фужейра БАЭнин эң жаш эмирлиги. Башында бул эмирлик Шаржа эмирлигинин курамына кирген. 1901-жылы жергиликтүү шейх Фужейранын Шаржадан көз карандысыздыгын жарыялаган, бирок Фужейранын көз карандысыздыгын Британия 1953-жылы гана тааныган.

1892-1971-жылдары Фужейра аймагы Келишимдик Омандын бир бөлүгү болгон. 1971-жылдын 2-декабрынан тартып БАЭнин курамында.

Калкы түзөтүү

Фужейранын калкы 2019-жылдын эсептөөлөрү боюнча 256 256 адамга жетти.

Мамлекеттик органдын маалыматы боюнча, Фужейра эмирлигинде 2010-жылга карата БАЭнин жарандарынын болжолдуу саны[2]:

  • Эркектер: 32 486
  • Аялдар: 32 374
  • Бардыгы: 64 860

Географиясы түзөтүү

Башка эмирликтерден айырмаланып, Инди океанындагы Оман булуңунун жээгинде жайгашкан. Фужейра аймагы булуңду бойлото 90 километрден ашык созулуп жатат. Фужейра эмирлигинин аймагынын бир кыйла бөлүгүн жээкке жакын жайгашкан тоолор ээлейт[3].

Экономикасы түзөтүү

Бул эмирликте БАЭнин байлыгынын жана гүлдөшүнүн негизги булагы болгон - мунайдын кендери жок, бирок Фужейранын аймагында абдан ыңгайлуу жайгашкан жана бат темп менен өнүгүп жаткан деңиз порту бар. Фужейранын негизги кирешесинин булагы - балык уулоо жана айыл чарбасы.

Ажайып жайлары түзөтүү

Кумдуу деңиз жээктери, тоо сокулары, кооз капчыгайлары, көптөгөн минералдык булактары жана жашыл бакчалары, туристтер арасында абдан популярдуу болуп - бул эмирликтин сыймыктары болуп санаталат[4].

Фужейра эмирлигинде көптөгөн кызыктуу жерлер бар:

  • Шаржа-Фужейра трассасындагы тоолордун арасында килемдерди, улуттук карапа буюмдарын жана сувенирлердин саткан жума базары жайгашкан.
  • XVII кылымда курулган БАЭдеги эң эски мечиттин имараты да бул эмирликте жайгашкан.
  • Эмирликтин түндүгүндө балыкчылардын Дибба Аль-Фужейра шаары жайгашкан, ал сууда сүзүү же акваланг менен сүзүү үчүн эң жакшы жерлердин бири.
  • Фужейра эмиринин мурдагы сарайы - Аль-Хейл чеби, эмирликтин борборунан 8 км түштүк-батыш тарапта жайгашкан.
  • Өлкөнүн эң чыгышкы чеби – Эль-Битна (1735-жыл).
  • Вади Дафтадагы бузулган чептин калдыктары, көлмө жана пальма бакчасы орун алган.

Башкаруучу үй-бүлөөсү түзөтүү

Аш-Шарки уруусунан чыккан Фужейранын шейхтери (1971-жылдан тартып эмир деп аталат). түзөтүү

  • 1876—1936 жж. Хамад бин Абдаллах;
  • 1936—1974 жж. Мухаммед бин Хамад;
  • 1974-жылдан тартып Хамад II бин Мухаммад.

Тышкы шилтемелер түзөтүү

Булактар түзөтүү

  1. United Arab Emirates: Emirates & Major Cities - Population Statistics, Maps, Charts, Weather and Web Information
  2. Federal Competitiveness and Statistics Authority
  3. About Fujairah
  4. Tourism