"Мурас" фонду - Кыргызстандагы коомдук-илимий фонддордун бири. Толук аталышы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фонду. Ал 2012-жылы негизделген.

Кыскача тарыхы түзөтүү

Кыргызстандын Президентинин “Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурасын тереңдеп изилдөө жана атуулдук патриоттукту калыптандыруу чаралары тууралуу” (Указ «О мерах по углублению изучения исторического и культурного наследия народа Кыргызстана и формированию гражданского патриотизма») деп аталган Жардыгы 2012-жылдын 27-январында кол коюлуп, 31-январында “Эркин Тоо” гезитинде жарык көргөн.
Бул Жардыкта өзгөчө көңүл бурдурган башкы жагдай – анда Кыргызстандагы тарыхчы адистерди жана руханий, маданий, заттык мурастарды сактап-иликтөөгө ынтызар башка атуулдарды кайсы-бир мааракеге эмес, узак мөөнөттүк максат-милдеттерди жүзөгө ашырууга чакырык камтылган.
Бул жардыкта бир нече тармакта – илимий изилдөө, тарыхый мурасты сактоо жана бапестеп кийинки муунга өткөрүү, тарых жаатында билимди кеңири калайыкка жеткирип, агартуучулук милдетти аркалоо, окуу китептердин жаңы муунун даярдоо сыяктуу тармактарда – ар кыл иш-чараларды жүргүзүү зарылчылыгы камтылган.

“Мурас” фонду 2012-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин № 94 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фондун түзүү жөнүндөгү Жарлыгына ылайык түзүлгөн. [1]
Фонддун иш-аракетинин негизги максаты - Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын тереңдеп үйрөнүү жана Кыргызстандын көп улуттуу калкынын биримдигин чыңдоо үчүн шарттарды түзүү, кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү, атуулдук, маданий жана гуманитардык тармактарда Кыргыз Республикасынын эл аралык байланыштарын өнүктүрүү болуп саналат.
"Мурас" фонду Азербайжан, АКШ, Ыенгрия, Германия, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия ж.б. өлкөлөрдүн илимий институттары жана илимпоздору менен ырааттуу байланыш түзүп келет.
"Мурас" фонду бир катар архив таануу, этнография жаатындагы илимий сапарларды да уюштурду.

"Мурас" фондунун жетекчилери түзөтүү

2012-жылдан 2-13-жылдын башына чейин бул фондду жазуучу, журналист Султан Раев жетектеген.
2013-жылдын 30-августунан 2017-жылдын 5-майына чейин фондду тарыхчы Т.Чоротегин жетектеген.
2017-жылдын май айынан бери фондду тарыхчы К.Молдокасымов жетектейт.

"Мурас" фонду уюштурган жыйындар түзөтүү

2016-жылдагы “Мурас” фонду уюштурган илимий жыйындар түзөтүү

2016-жылдын бирдин айынын 1-нде (февралда) Бишкек шаарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз АССРинин түзүлгөнүнүн 90 жылдыгына арналган тегерек стөл болуп өттү. 2016-жылдын чын куран (апрел) айынын 5инде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кыргыздын туңгуч этнограф айымы, кыргыз таануучу, тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Какен Мамбеталиеванын (1936-1984) 80 жылдыгына арналган жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү.
2016-жылдын чын куран айынын (апрелдин) 14үндө Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетиндебелгилүү чыгыш таануучу, хакас элинин чыгаан этнограф, тарыхчы жана фольклор таануучу окумуштуусу, Орусиянын Коомдук илимдер академиясынын анык мүчөсү, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Хакасия Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, бир катар университеттердин ардактуу профессору, тарых илимдеринин доктору, профессор Виктор Яковлевич (Астайбек) Бутанаевдин 70 жылдыгына арналган “Энеcайлык данакер этнограф” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү.
2016-жылдын чын куран айынын 16сында (апрелде) Баткен шаарында Баткен мамлекеттик университетинде 1916-жылдын 4-июлунда Кожентте башталган Борбордук Азия элдеринин улуттук боштондук кыймылынын 100 жылдыгына арналган "Борбордук Азияны дүңгүрөткөн улуттук боштондук көтөрүлүш" аттуу эл аралык илимий жыйын өткөрүлдү.
2016-жылдын чын куран айынын 18инде (апрелде) Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинде 1916-жылдын 4-июлунда Кожентте башталып Борбордук Азия элдеринин улуттук боштондук кыймылынын 100 жылдыгына арналган " Борбордук Азия элдеринин эгемен мамлекетти калыбына келтирүү жолундагы тарыхый күрөшү" аттуу эл аралык илимий жыйын өткөрүлдү.
Жусуп Мамайдын эмгектерин терең иликтөө, талдоо жана кеңири таанытуу максатында 2016-жылдын бугу айынын (май) 23үндө Жалал-Абат шаарында кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган III эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү.
2016-жылдын бугу (май) айынын 26сында Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фонду тарабынан уюшулуп жаткан кытайлык заманбап түрколог, кытайлык кыргыздардын этнографиясын, фольклорун, “Манас” дастанын, Фу-йү кыргыздарын терең иликтеген чыгаан кыргыз таануучу, дунган таануучу, профессор, “Манас” орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги Мухаммед Ху Чжэнхуанын 85 жылдыгына арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү.
2016-жылдын кулжа айынын 6-8де (июнь) Ош шаарындагы Ош Мамлекеттик Университетинде «Борбордук Азия: билим, муун жана салт» аттуу Кыргызстандын этнологдорунун жана антропологдорунун III конгресси өткөрүлдү.
2016-жылдын баш оона (август) айынын 26сында Бишкек шаарында “Ала-Арча” ордо конушунда Кыргыз республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган“Эгемен өлкө. Демократиялуу коом. Эркин атуул” аттуу жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү.
2016-жылдын аяк оона (сентябрь) айынын 16-18инде Ысык-Көл дубанындагы Кара-Ой айылында Кыргыз жана Түрк каганаттарынын тарыхына жана маданиятына арналган “Жусуп Баласагындын “Куттуу билими” – X-XI кылымдардагы Борбордук Азиядагы мусулмандык кайра жаралуунун күзгүсү” деген аталыштагыБешинчи эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү.
2016-жылдын тогуздун айынын (октябрь) 7синде Нарын шаарында, Нарын мамлекеттик университетинин жаштар ордосунда кыргыз элинин Атажуртун коргогон даңазалуу баатыр Тайлак Рыскул улуунун (1796-1838) 220 жылдык жана акын, дастанчы жана фольклор таануучу Абдыкалык Чоробаевдин 120 жылдык мааракелерине арналган жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү.
2016-жылдын тогуздун айынын 21инда (октябрь) Бишкек шаарында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында 1916-жылдын 4-июлунда Кожентте башталган Борбордук Азия жана Кыргызстандагы улуттук боштондук кыймылынын жана Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган "1916-2016: улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана Улуу Үркүндүн өчпөс тарыхы" аттуу жыйынтыктоочу эл аралык илимий жыйын уюштурулду.
2016-жылдын жетинин айынын 11инде (ноябрь) Молдо Кылыч Шамыкан (Шамыркан) уулунун (1866-1917) 150 жылдыгына арналган илимий жыйын уюштурулду.
2016-жылдын бештин айынын 1инде (декабрь) Кыргыз ССРинин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына арналган илимий жыйын өткөрүлдү.


"Мурас" фонду жарыялаган китептер, жыйнактар түзөтүү

"Мурас" фонду 2012-жылдан тартып ар кыл илимий журналдардын атайын чыгарылышынан тышкары, бир катар монографияларды, илимий жыйындардын материалдарын ырааттуу жарыялап келди.

2012 түзөтүү

Улуу Кыргыз Кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: Кыргызтаануу маселелери» аттуу эл аралык илимий конференциянын материалдары: (2012-жылдын 15-16-ноябры). 1-бөлүм. / Редколлегия: С.А.Раев (терага), ж.б. - Бишкек: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети; Кыргызский национальный университет им. Ж.Баласагына, 2012. - 170 бет.

2013 түзөтүү

Бутанаев В.Я. Историческая ономастика Южной Сибири / под ред. К. Конкобаева. – Бишкек: Обществ. фонд «Мурас», 2013. – 272 с. - Серия «История и наследие». Кожобеков, Муратбек Чалакеевич. Кыргыз каганатынын тарыхы / Илимий ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Университет» басмаканасы, 2013. - 188 б., карта, сүрөттөр. - “Тарых жана мурас” түрмөгү [Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын иликтөө боюнча “Мурас” кору.
Худяков Ю.С. Энесай кыргыздарынын тарыхы: Кыскача баян / Жооптуу ред., котор. топтомун, тиркемелик сүрөттөрдү даярдаган Өмүрбек Алымкожоев; баш сөз жазган Тынчтыкбек Чоротегин. – Бишкек: Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Университет» басмаканасы, 2013. – 202 б., карта, сүрөттөр. - “Тарых жана мурас” түрмөгү [“Мурас” коомдук фонду.

2014 түзөтүү

Агартуучу, журналист жана этнограф Амантур Сейтаалы уулу Акматалиев (1934 – 2002): Чыгаан калемгердин 80 жылдыгына арналган жыйнак / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), А. Эркебаев, А. Акматалиев, ж.б.; жооптуу ред. А. Р. Бикбулатова. - Бишкек: “Maxprint” басмаканасы, 2014. - - 170 б., сүрөт. - “Мурас” фонду. - [“Тарых жана мурас” түрмөгү].
Кийик болбой, Бийик бол! Залкар ойчул, төкмө акын, музыка устаты Арстанбек Буйлаш уулунун (1824 – 1878) 190 жылдыгына арналган жыйнак / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), Ү. А. Асанов, ж.б.; жооптуу ред. К. С. Молдокасымов. - Бишкек: “Maxprint” басмаканасы, 2014. – 178 б., сүрөт. - “Мурас” фонду. - [“Тарых жана мурас” түрмөгү].
Кыргыздын туңгуч совет тарыхчысы, академик Бегимаалы Жамгырчиновго 100 жыл: (Макалалар топтому) / Жооптуу редактор Т. К. Чоротегин. – Бишкек: “Maxprint” басмаканасы, 2014. - 76 б. - “Мурас” фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү].
Кыргыз жана Карахандар каганаттары: Көөнөрбөс издер: III эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындагы баяндамалардын жыйнагы: 2014-жылдын 18-21-сентябры, Ысык-Көл / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), ж. б. - Бишкек: “Maxprint” басмаканасы, 2014. - 362 б. - “Мурас” коомдук фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү].
Кыргыз каганаты түрк элдеринин орто кылымдардагы мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын алкагында: Борбордук Азиядагы Улуу Кыргыз каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган II эл аралык илимий жыйындагы баяндамалардын жыйнагы: 2013-жылдын 15-16-ноябры, Бишкек ш. / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), ж.б.; Жооптуу редактор: Т. К. Чоротегин. - Бишкек: “Maxprint” басмаканасы, 2014. - 494 б. - “Мурас” коомдук фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү].
Мамбетакун М. «Манас» эпосунун варианттары жана манасчылык / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), М. А. Карыбаева, ж.б.; Баш сөзүн жазган жана басмага даярдаган илимий редактор Чолпон Субакожоева. - Бишкек: “Нур-Ас” басмасы, 2014. - 319 б. - “Мурас” коомдук фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү].
Текке кетпес өмүр бар: Тарыхчы, профессор Бектемир Жумабаевдин (1960-2014) жаркын элесине: Макалалар жыйнагы / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), А.Эркебаев, ж.б. – Бишкек: Maxprint басмасы, 2014. – 188 + viii б, сүрөт. – “Мурас” фонду. – “Тарых жана мурас” түрмөгү.
Too булбулу Токтогул: Кыргыздын залкар демократ акыны Т. Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине арналган илимий жыйындардын баяндамаларынын жана макалалардын топтому / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), А. Эркебаев, ж.б. - Бишкек: “Maxprint”, 2014. – 192 6.
Ысак кызы, Токтобүбү, Жуматурду уулу, Адыл. Залкар Манасчы Жүсүп Мамай / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), А.Акматалиев, ж.б.; илимий редактору Гүлзада Абдалиева. – Б.: “Принт Экспресс”, 2014. – 328 б. - “Тарых жана мурас” түрмөгү [Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын иликтөө боюнча “Мурас” кору; “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБ].

2015 түзөтүү

Доор жаңырткан элдик ыңкылаптар: 2005-жылдын 24мартында жана 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда жүзөгө ашкан элдик ыңкылаптардын мааракелерине арналган жыйнак / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), З. Ж. Эргешов, ж.б. – Экинчи, толукталган басылыш. - Бишкек: КРПжӨ ИБнын алдындагы “Типография” мамл. ишк., 2015. – 302 + XVI б., сүрөт. - “Мурас” фонду. - [“Тарых жана мурас” түрмөгү].
Жусуп Мамай (1918-2014): Дастанда калган өмүр: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачыл мурасы тууралуу илимий баяндамалардын ж-а макалалардын топтому / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), А. Эркебаев, ж.б.; “Мурас” фонду. - Бишкек: “Maxprint” басмасы, 2015. - 232+iv б., сүрөт. - – [“Тарых жана мурас” түрмөгү.].
Искак Асан уулу Полот хан: Азаттык жана мамлекеттүүлүк: 2015-жылдын 17-апрелинде Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда өтө турган жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйындын баяндамалары жана башка макалалар / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), Э. Сариева, ж. б.; илимий редакторлор профессор Т. Кененсариев жана доцент К. С. Молдокасымов. - Бишкек: “Maxprint” басмасы, 2015. – 296 + ii б., сүрөт. - “Мурас” фонду. - [“Тарых жана мурас” түрмөгү]. Кыргыздын туңгуч чыгыш таануучусу, профессор Өмүркул Караевге (1930-2002) 85 жыл: (Макалалар топтому) / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2015. – 186+iv б., сүрөт. – “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. - “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү.
"Кыргызстан" Демократиялык Кыймылы: Эгемендик менен демократия үчүн күрөштүн башаты: Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын карлыгачы - КДКнын 25 жылдыгына арналган макалалар жыйнагы / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), академик А. Эркебаев, ж.б. - Бишкек: “Maxprint” басмасы, 2015. - 166 б., сүрөт. – “Мурас” фонду. - [“Тарых жана мурас” түрмөгү].
Кыргызстан жана Борбордук Азия - баарлашуунун мейкиндиги: Этностор аралык мамилелерди бекемдөөнүн өтмүшү, учуру жана келечеги: Кыргыз Республикасынын УИАсынын мүчө кабарчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Абылабек Асанкановдун 60 жылдыгына арналган Кыргызстандын этнологдору менен антропологдорунун II Конгрессинин (Бишкек шаары, 2015-жылдын 4-апрели) баяндамалары жана илимий макалалар жыйнагы / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), С.К.Алымкулова, ж.б.; жооптуу редактор А.Р.Бикбулатова, илимий редактор Т.К.Чоротегин. - Бишкек: “Maxprint” басмасы, 2015. - 488 б., сүрөт. - “Мурас” фонду. - [“Тарых жана мурас” түрмөгү].
Рысмендеева Н. Кыргыз элинин чүкө оюндары: (Этнографиялык иликтөө). / Илимий редактор т.и.д., проф. Т.Чоротегин. - Бишкек: 2015. - 174 б. – “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү. - “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБсы.
Народные революции, обновившие эпоху: Сборник, посвященный юбилеям народных революций, совершившихся в Кыргызстане 24 марта 2005 года и 7 апреля 2010 года / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (председатель), и др. - 1-е изд. на русском языке, с изменениями. - Бишкек: Издательство “Maxprint”, 2015. - 198 + VIII с.
Түрк Евразиясындагы жалпылык жана өзгөчөлүк: Түрктөрдүн заманбап жалпы жана чөлкөмдүк тарыхынын методологиясынын көйгөйлөрү: Эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары жана башка макалалар / Жооптуу ред. Т. К. Чоротегин. — Бишкек: MaxPrint, 2015. — “Мурас” фонду. - [“Тарых жана мурас” түрмөгү]
Эсеналиева, Гүлжамал Өмүракуновна. Өмүркул Караев – кыргыз элинин жана түрктөрдүн тарыхынын чыгаан изилдөөчүсү: (Профессор Өмүркул Караевдин (1930-2002) 85 жылдыгына карата) /Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Оңдолуп, кошумчаланган монография. - Бишкек: MaxPrint басмасы, 2015. – 186+ii б., сүрөт. – “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. - “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү.

2016 түзөтүү

Ала-Тоодогу заманбап этнография көйгөйлөрү: Кыргыздын туңгуч этнограф айымы Какен Мамбеталиеванын (1936 - 1984) 80 жылдык мааракесине арналган жыйнак / Жооптуу редакторлор проф. Г.С.Мамбеталиева м-н Т.К.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 178+iv б., сүрөт. – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. - Какен Мамбеталиева атындагы Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейи. - “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – Какен Мамбеталиева атындагы фонд. - “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү.
Алымбек датка жана анын доору: Кыргыздын чыгаан мамлекеттик ишмери Асан бий уулу Алымбек датканын (1799-1862) 215 жылдык мааракесине арналган жыйнак / Жооптуу ред. К.С.Молдокасымов. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 192 б., – Ош мамлекеттик университети. – КР УИАсынын Түштүк бөлүмү. – “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү.
1916-2016: Улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана Улуу Үркүндүн өчпөс тарыхы: Борбордук Азиядагы жана Кыргызстандагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары: 2016-жылдын 21-октябры. Бишкек шаары / Жооптуу редакторлор Т.Чоротегин, К.Молдокасымов. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 416 + iv бет, сүрөт, карта. –– “Тарых жана маданият жылын” даярдоо жана өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекция. - КР Билим берүү жана илим министрлиги. – КР Билим берүү академиясы. - КР УИАсы. – “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – Кыргыз Респ. Президентинин Аппаратына караштуу “Мурас” фонду. – “Тарых жана мурас” түрмөгү.
Борбордук Азияны дүңгүрөткөн улуттук боштондук көтөрүлүшкө 100 жыл: 1916-жылкы көтөрүлүштүн 100 жылдык мааракесине арналган илимий жыйындардын баяндамалары, макалалар, архивдик ж.б. маалыматтар / Жооптуу редактор проф. Т.К.Чоротегин,. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 340+iv б., сүрөт. – Баткен мамлекеттик университети. - Ош мамлекеттик университети. - “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү.
Бутанаев, В.Я. Государство кыргызов на Енисее в древнетюркскую и монгольскую эпохи / Отв. ред. проф. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Изд-во MaxPrint, 2016. –302+iv с., илл. – Междунар. общест. объединение «Кыргыз Тарых Коому». –- Фонд “Мурас”. – Серия “История и наследие”.
Жаныбекова, К.Р. Профессор В.Я.Бутанаев: Энесай кыргыздары жана алардын тарыхый тагдыры / Жооптуу редакторлор проф. Т.А.Абдрахманов менен проф. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 166+iv б., сүрөт. – И.Арабаев атынд. Кыргыз мамл. университети. - “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү.
Жусуп Баласагындын “Куттуу билими” – X-XI кылымдардагы Борбордук Азиядагы мусулмандык кайра жаралуунун күзгүсү: Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган V “Кыргыз жана Карахандар каганаттары” эл аралык илимий–тажрыйбалык жыйынынын материалдары. – 2016-жылдын 16-18-сентябры. / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 416+ii б., сүрөт. – “Мурас” фонду. - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. – КР УИАсы. – “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. –- “Тарых жана мурас” түрмөгү.
Жусуп Мамай жана кыргыз элинин манасчылык салты: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын (1918-2014) элесине арналган Үчүнчү эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын. Жалал-Абат мамлекеттик университети. 22-24.05.2016. Баяндамалар жана макалалар жыйнагы / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 396+iv б., сүрөт. – “Тарых жана маданият жылын” өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекция. – Жалал-Абат мамлекеттик университети. – Жалал-Абат Экономика жана ишкердик университети. - “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү.
Тайлак баатыр: Эл четинде, жоо бетинде: Кыргыз элинин чыгаан баатыры Тайлак Рыскул уулунун (1796-1838) 220 жылдык жана залкар акын жана дастанчы Абдыкалык Чоробаевдин (1896-1979) 120 жылдык мааракелерине арналган жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары: 2016-жылдын 7-октябры / Түзүүчүлөр: Бурмакан Сатыбалдыева жана “Мурас” фонду; Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. –282+iv б., сүрөт. – “Мурас” фонду. – С.Нааматов атындагы НарынМУ. – КР УИАсы. – “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБсы. – “Тарых жана мурас” түрмөгү.
Улуттук боштондук көтөрүлүшкө жана Улуу Үркүнгө 100 жыл: Кыргызстандагы 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдык мааракесине арналган илимий-методологиялык жалпылама / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), Т.А.Абдырахманов, ж.б.; жооптуу редакторлор Т.Чоротегин, К.Молдокасымов, М.Иманкулов. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 144 бет, сүрөт, карта. –– КР Билим берүү жана илим министрлиги. – КР Билим берүү академиясы. - “Мурас” фонду. – “Тарых жана мурас” түрмөгү.
Энеcайлык данакер этнограф: Хакас элинин чыгаан этнографы, тарых илимдеринин доктору, профессор Виктор Яковлевич (Астайбек) Бутанаевдин 70 жылдык мааракесине арналган жыйнак / Жооптуу редактор проф. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 374+iv б., сүрөт. – И.Арабаев атынд. Кыргыз мамл. университети. - “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү.

2017 түзөтүү

Арноо. Arnoo. ارنوو :Көрүнүктүү кыргыз таануучу, профессор Юлий Сергеевич Худяковдун 70 жылдыгына арналган илимий жыйнак / Редколлегия: К.С.Молдокасымов (төрага); жооптуу ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: «Турар» басмасы, 2017. – 188 бет, сүрөт. – «Мурас» фонду. – «Кыргыз Тарых Коому» ЭКБсы. – «Тарых жана мурас» түрмөгү.
Жусуп Мамай жана түрк калктарынын эпостору: Кыргыз Республикасынын Баатыры, манасчы Жусуп Мамайдын чыгармачыл мурасына арналган IV эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. Бишкек шаары, 14.04.2017. Баяндамалар жана макалалар жыйнагы / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. — Бишкек: MaxPrint басмасы, 2017. — 470+ii б., сүрөт.
Имел Молдобаев жана заманбап кыргыз этнографиясы: Кыргыздын көрүнүктүү этнографы жана манас таануучусу, тарых илимдеринин доктору, профессор Имел Бакиевич Молдобаевдин (15.02.1942 – 19.11.2005) 75 жылдыгына арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы. Бишкек шаары, 18.04.2017. Баяндамалар жана макалалар жыйнагы / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2017. – 220+ii б., сүрөт. –- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы. Жусуп Баласагын атындагы КУУ. – И.Арабаев атындагы КМУга караштуу Манас таануу институту. “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – Шинжаң “Манас” изилдөө борбору. “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү.
Международный форум “Алтайская цивилизация и родственные народы алтайской языковой семьи”: Сб. выс. и ст., посвящ. истории народов, имеющих общие алтайские историко-культурные и этногенетические корни (20-22 июля 2017 г.) / Редкол.: К.Молдокасымов, и др. - Бишкек: Турар, 2017. - 992 с.
Худяков, Юлий Сергеевич. Военное дело кыргызов Центральной Азии (IХ – XVIII вв.) / Под. ред. проф. Т.К.Чоротегина. – Бишкек: “Турар”, 2017. – 280 стр., илл., карты. – Фонд “Мурас”. – Серия “История и наследие”.
Чоротегин, Т.К. Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» эмгеги түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак: Илимий басылыш / Редколлегия: К. С. Молдокасымов (төрага), ж.б.; илимий редакторлор профессор Т. Өмүрбеков, доцент К. С. Молдокасымов. – Бишкек: “Турар” басмасы, 2017. - 376 б., сүрөт, карта. – “Мурас” фонду. [“Тарых жана мурас” түрмөгү].

2018 түзөтүү

Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын изилдеген илимпоз Муратбек Кожобековдун 60 жылдык мааракесине арналган “Кыргыз каганаты тарыхы жана кыргыз таануу маселелери” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары (КМУ, Бишкек, 23.11.2018) / Илимий редакторлор Т.К.Чоротегин, О.К.Каратаев. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2018. – 378+ii б., сүрөт. – И.Арабаев атындагы КМУ. – “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – “Мурас” фонду. – “Тарых жана мурас” түрмөгү.

2019 түзөтүү

Жаркын элеси өчпөйт: Тарыхчы жана педагог Таавалды Мурзабековдун(1948––1991) 70 жылдыгына: (Макалалар топтому) / Жооптуу редакторТ.К.Чоротегин. –– Бишкек: “Турар” басмасы, 2019. –– 300+xvi б., сүрөт. –– КР Президентинин Аппаратына караштуу “Мурас” фонду. –– “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. –– Жусуп Баласагын атындагы КУУ. –– И.Арабаев атындагы КМУ. –– КРУИАсынын Тарых, археология жана этнология институту. – “Тарых жана мурас”түрмөгү.

2019-жылы Эл аралык алаистика жыйыны (ПИАК) Кыргызс арнда өз отурумун өткөрдү. Аны да “Мурас” колдоду, бирок анын материалдарын чыгаруу үчүн бөлүнгөн акчаны Кыргыз өкмөтү кайра артка кайтарып алды.
2019-жылы байыркы тарых боюнча кытайлык-кыргызстандык илимий жыйын өттү жана материалдары Бээжинде англис, кытай тилдернде чыкты:
International Journal of Eurasian Studies. — Beijing, 2019. — Vol. 9. Special Issue on the Study of Kirghiz History and Culture / Editors-in-Chief Yu Taishan and Li Jinxiu.

2020 түзөтүү

Шатилов, О.П. История русских сёл Таласской долины / Отв. ред. проф. Т.Н.Омурбеков, проф. Т.К.Чоротегин. –– Бишкек: Изд-во «Турар», 2020. – 172 с., илл., карты. – Междунар. общест. объединение «Кыргыз Тарых Коому». –- Фонд «Мурас». – Серия «История и наследие».

2020-2021-жылдары онлайн жана офлайн илимий жыйындар уюштурулду.


Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Ички шилтемелер түзөтүү

  1. http://www.president.kg/kg/dokumentter/465_prezident_almazbek_atambaev_kyirgyiz_respublikasyinyin_prezidentine_karashtuu_taryih_ilimin_onukturuu_boyuncha_komissiyanyi_uyushturuu_jana_kyirgyizstan_elinin_taryihyiy_jana_madaniy_murastaryinyin_muras_fondun_tuzuu_jonundo_jarlyikka_kol_koydu/