Башкы барак

Википедияга кош келиңиздер !
Бул энциклопедияны түзүүгө каалаган катыша алат.

Учкай маалымат


Билесизби ?

  • 1941–1945-жылдары Освенцимде болжол менен 1,1 миллион адам өлтүрүлгөн.
  • Экинчи дүйнөлүк согуш – тарыхтагы эң кандуу согуш.
  • Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — көчмөндөрдүн оюндары боюнча эл аралык спорттук мелдеш.
  • Дүйнөдө адам тилдеринин саны 5000ден 7000ге чейин деп болжолдонууда.
  • Дүйнөдөгү алгачкы фотография 1826 же 1827-жылы француз ойлоп табуучу – Жозеф Нисефор Ньепс кылган гелиогравюра саналат.
  •     
    макалалардын бири

    Климат

    Климат — тар мааниде (жергиликтүү климат) ― белгилүү бир аймакка мүнөздүү болгон аба ырайынын көп жылдык режими; кең мааниде ― статистикалык сүрөттөмөнү камтыган климат тутумунун (атмосфера, биочөйрө, гидросфера, литосфера, криосфера) абалы. Климат түшүнүгү жалаң Жерге таандык эмес, бул түшүнүк башка атмосферасы бар астрономиялык объектерине (планеталар ж.б.) да таандык.

    Глобалдык жана жергиликтүү климаттарды изилдөөсүндө ар башка ыкмаларды колдонушат. Глобалдык климатты ― климатологиянын, жергиликтүү ― метеорологиянын ыкмалары менен изилдешет. Климатология метеорология илиминин бөлүмү.

    Жергиликтүү климаттын бир нече ондогон жылдар аралыгындагы абалын белгилөө үчүн «климаттык ченем» деген түшүнүктү киргизишкен. Эл аралык метеорологиялык уюмдун аныктамасы боюнча 30 жыл — бул климатты аныктоо үчүн тийиштүү пайдаланылган убакыт. Жергиликтүү климаттын негизки аныктоочу факторлор: Күндүн нур агымы, атмосферанын айлануусу, жер үстүнкү катмардын мүнөздөмөсү.

    Кайндайдыр бир мейкиндикте климаттык процесстер өтүү боюнча макроклиматты, мезоклиматты, микроклиматты ажыратышат.

    Климат табияттын бир компоненти болуу менен ал суу режимине, топуракка, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнө, ошондой эле адамдын ден соолугуна, турмуш тиричилигине жана чарбасына таасирин тийгизет.

    Жаңылыктар


    Башка тилинде окуу