Википедия:Жоопкерчиликтен баш тартуу

ВИКИПЕДИЯ АНЫКТЫККА КЕПИЛДИК БЕРБЕЙТ
Википедия — эркин лицензиянын негизинде биргелешип түзүлгөн онлайн энциклопедия, башкача айтканда, бүтүндөй адамзаттын билим кенчин түзүп жаткан адамдардын жана топтордун ыктыярдуу бирикмеси. Википедиянын иштөө принцибине ылайык, интернет байланышы бар адам андагы материалдарды өзгөртө алат. Википедиянын макалалары толук, так жана ишенимдүү болушу максатында адистердин тыкыр текшерүүсүнөн өтпөй турганын эске алыңыз.

Бирок, Википедиядан пайдалуу жана так маалымат табылбайт деп айтканга болбойт, тескерисинче, басымдуу бөлүгү андай маалымат. Ага карабастан, Википедиядагы маалыматтын аныктыгына эч ким кепилдик бере албайт. Кандай гана макала болбосун, билимдин кандайдыр бир жаатындагы азыркы учурдагы кеңири таанылган жоболорун тааныбастык көз караштагы адам тарабынан жакында эле бурмаланып бойдон калышы мүмкүн.

Расмий эксперттик баа берилбейт

Жигердүү түзөтүүчүлөрүбүз Википедияда болгон бардык өзгөртүүлөргө «Атайын:Соңку өзгөрүүлөр» жана «Атайын:Жаңы барактар» сыяктуу куралдарды колдонуп көз салып турушат. Бул жумуш ыктыярдуу аткарылганына байланыштуу, Википедиядагы кандай гана маалыматтын, кандайдыр бир максатка ылайыктуулугуна же колдонулушуна эч кандай кепилдик берилбейт. Жада калса, расмий эмес эксперттик баалоодон өтүп, «тандалма макала» макамына ээ макалалар сиз окуурдун алдында чар-жайыт түзөтүлгөн болушу мүмкүн.

Википедиянын эч бир түзөтүүчүсү, демөөрчүсү, администратору же ага катышы бар адам, Википедияда так эмес же жалган маалыматтын болушу, же Википедиянын барактарындагы шилтемелер аркылуу табылган маалыматтын колдонуулушу үчүн эч кандай учурда жооп бербейт.

Келишимсиздик жана лицензия менен чектелүү

Бул жердеги маалымат сиз менен ушул сайттын ээсинин же колдонуучуларынын, Википедия жайгаша турган серверлердин ээлеринин, Википедиянын айрым түзөтүүчүлөрүнүн, долбоордун администраторлорунун, тутумдук администраторлордун жана бул же тектеш долбоорлорго катышы бар, дооматыңыздын жоопкери болуп калышы мүмкүн адамдардын ортосунда эч кандай келишим же макулдашуу түзүлбөстөн бекер жайгаштырыла турганын эске алыңыз. Ушул сайттагы нерселерди көчүрүү укугу чектелет. Бул укук, Википедиянын бир дагы бөлүгү же анын агенттери, мүчөлөрү, уюштуруучулары же башка колдонуучулары үчүн эч кандай жарандык же башка түрдөгү жоопкерчиликти жаратпайт.

Маалыматты Creative Commons Attribution/Share-Alike (CC-BY-SA) жана GNU Free Documentation License (GFDL) лицензиялары тышкары пайдалануу же өзгөртүү боюнча сиз менен Википедиянын ортосунда эч кандай макулдашуу же түшүнүшүү жок. Ошондой эле, Википедияда же байланыштуу долбоорлордо жайгаштырган маалыматыңыздын кандай болбосун өзгөрүшү же жок кылынышы үчүн эч ким жооп бербейт.

Соода белгилери

Википедиянын макалаларында айтылып кеткен, колдонулган же үзүндү катары келтирилген соода белгилери, тейлөө жана жамааттык белгилер, дизайнга болгон укук сыяктуу укуктардын баары алардын укук ээлерине таандык. Аларды бул жерде колдонгонуңуз менен, CC-BY-SA жана GFDL лицензияларынын схемасы боюнча Википедия макалаларынын авторлору ойлонуштурган же маалымат алуу максаттан башка максатта колдоно албайсыз. Эгерде башкача шартталбаса, Википедиянын жана Викимедиа фондунун башка сайттарынын мындай укук ээлери менен эч кандай байланышы жок болгондуктан, Википедия автордук укук менен корголгон материалдарды колдонуу укугун тескей албайт. Ушул жана сыяктуу материалдарды өз жоопкерчилигиңиз менен колдоносуз.

Инсандын укуктары

Википедия, адамды аныктоого мүмкүнчүлүк берген материалдарды камтыйт. Ал адамдардын арасында тирүү же жакында көзү өтүп кеткендер бар болушу мүмкүн. Айрым юрисдикцияларда, автордук укук менен корголуп же корголбогонуна карабастан, тирүү же жакында көзү өткөн адамдардын элесин колдонуу инсандын укуктарын жөнгө салган мыйзамдар менен чектелет. Мындай материалдарды колдонуудан мурун, аларды колдоно турган жагдайларда тийиштүү мыйзамдарга ылайык колдонууга болот же болбойт экенин билип алыңыз. Кимдир бирөөнүн инсандык укуктарынын бузбоо үчүн жеке өзүңүз гана жооптуусуз.

Юрисдикция жана материалдардын мыйзамдуулугу

Википедияда жайгашкан маалыматты жайылтуу, сиз турган мамлекеттин мыйзамдарын бузушу мүмкүн. Википедиянын маалымат базасы Америка Кошмо Штаттарында жайгашкан серверлерде сакталып, ошол мамлекеттин жергиликтүү жана федералдык мыйзамдарында каралган чаралар менен корголот. Өлкөңүздүн мыйзамдары мындай кеп кылууга же жайылтууга жол бербеши мүмкүн. Википедия кандайдыр бир мыйзам бузулууларды үндөбөйт жана ушул сайтка шилтемелерди берилгени же ушул сайттагы маалыматты колдонулуушу же жайылтылышы менен мыйзамдардын бузулганы үчүн жооп бере албайт.

Кесипкөй эмес кеңештер

Адистин (мисалы, медицина, юриспруденция, каржы же тообокелдиктерди алдын алуу жаатында) кеңеши керек болсо, ошол жаатта атайын лицензиясы же билими бар кесипкөй адистерге кайрылыңыз.