"Чайка" баткак кени Ысык-Көл районунда , Балыкчы шаарынан 70 км чыгышта, Ысык-Көлдүн булуңунда жайгашкан. 1958-ж. табылган. Кендин үстү калыңдыгы 0,5 м болгон күрөң түстөгү, асты калыңдыгы 2 мге чейинки каралжын түстөгү, күкүрттүү суутек жыттанган илээшкек ылайдан турат. Баткактын салыштырмалуу салмагы 1,6–1,8 г/см3; нымдуулугу 28%, кум менен булганышы 1%ке чейин, рН 7,7–8,1%. Минералдануусу 11–17 г/л; баткакта хлорид, сульфид жана натрий басымдуу. Запасы 4120 м3. Баткакты Ысык-Көл курорт зонасындагы дарылоо мекемелери пайдаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү