"Эмми" сыйлыгы (англ. Emmy Award) - "Оскар" (тасма), "Тони" (театр), "Грэмми" (музыка) сыйлыктарга ылайык келип теле-көрсөтүү тармагындагы эң мыктыларга тартууланган сыйлык.

"Эмми" сыйлыгы Америка теле-көрсөтүү өнөр жайынын ар түрдүү секторлоруна берилгенинен улам ал ар кайсы жылдык сыйлык тапшыруу аземдеринде жыл бою ыйгарылат. Американын эң мыкты прайм-тайм жана күндүзгү телевизиондук зоок программаларына берилген прайм-тайм "Эмми" сыйлыгы жана күндүзгү "Эмми" сыйлыгы ММК кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынат. "Эмми" сыйлыгынын башка көрүнүктүү аземдерине улуттук спорт программалар, улуттук жаңылыктар жана документалдуу теле-көрсөтүүлөр, улуттук бизнес жана каржылык отчеттуулук, технологиялык жана инженердик жетишкендиктер, ошондой эле прайм-тайм инженердик "Эмми" сыйлыгы кирет. Аймактык "Эмми" сыйлыгы мамлект боюнча жылдын ар кайсы убагында эң мыкты жергиликтүү жана штаттык теле-көрсөтүүлөргө тапшырылат. Ошондой эле эл аралык "Эмми" сыйлыгы АКШдан башка өлкөлөрдүн эң мыкты телевизиондук программаларына ыйгарылат.

"Эмми" сыйлыгын тапшырган бир-бирине байланыштуу үч айрым уюмдар: Америка телевизиондук академиясы, Телевизиондук искусство жана илимдердин улуттук академиясы жана Телевизиондук искусство жана илимдердин эл аралык академиясы. Ар бирөөсү "Эмми" сыйлыгынын өзгөчө аземдерин өткөрүүгө жооптуу.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү