«Ак-Жол» саясий партиясы

«Ак-Жол» саясий партиясы - 2007-ж. 15-октябрда президент К.Бакиевдин колдоосу менен түзүлүп, ушул эле жылдын 16-декабрында өткөн кезексиз парламенттик шайлоодо жалпы 90 депутаттык орундун 71ине ээ болгон. «Ак-Жол.» партия менен принципсиз жана кылмыштуу «соодалашууга» барышкан КСДП - 11 орунга, ал эми ККП - 8 депутаттык орундарды алышкан.

«Ак-Жол» саясий партиясы К.Бакиевден толук көз каранды болгон сыяктуу эле, ал партия абсолюттук көпчүлүккө ээ болгон төртүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңеш да президенттин «чөнтөк парламенти» болуп калган.

2010-ж. 7-апрелдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин «Ак-Жол» саясий партиясы өзүнөн-өзү жоюлуп, ал ээлик кылган кыргыз парламенти Убактылуу өкмөт тарабынан мөөнөтүнөн мурда таркатышкан. Бийлик тарабынан түзүлгөн «жел партиялардын» тагдыры дайыма ушундай болоорун дүйнөлүк тарых жетиштүү эле тастыктаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8