«Амиранибни» («Күн баласы») – байыркы грузин элинин баатырдык эпосу. Эпостун каарманы Амирани чагылгандуу булут кудайынын кызын уурдап кетип, адамдарды мифтик дөөлөрдүн туткунунан бошотуп, аларга от жакканды, темирден курал, буюм жасаганды үйрөткөн, кудайлар менен жекеме-жеке күрөшкө чыккан. Ошондуктан Кудай аны катуу жазалап, Кавказ тоолорунун аскасына матап салат. Байыркы грек жазуучуларынын чыгармаларыбул уламыш Грузияда б. з. ч. 5-4-кылымда болгондугун далилдейт. Амиранибни жөнүндөгү уламыш кийин Байыркы Грецияга тарап, Прометей тууралуу мифке кошулуп кеткен. Азыркы күндө эпостун 120га жакын варианты бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү