«Антикоминтерндик пакт»

«Антикоминтерндик пакт» - Нацисттик Германия менен Жапониянын ортосунда 1936-жылы 25-ноябрда Берлинде түзүлгөн келишим. Түпкү максаты болгон дүйнөлүк үстөмдүккө жетишүү үчүн жүргүзгөн күрөшүн Коминтернге каршы күрөшүү шылтоосу менен жаап-жашырган блок болгон. Анын кошумча протоколу тараптарды Коминтерндин пайдасы үчүн өз өлкөлөрүндө жана чет мамлекеттерде аракет кылгандарга каршы катуу чара көрүүгө милдеттендирген. Бул алардын башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүлөрүнө мүмкүнчүлүк берген. 1937-жылы « Антикоминтерндик пактыга» Италия, кийинчерээк Венгрия, Маньчжоу-Го марионеттик «мамлекети», Испания жана башка мамлекеттер кирген. 1939-1940-жылы «Антикоминтерндик пакт» Германия, Италия жана Жапониянын ачык согуштук союзуна айландырылган. 1941-жылы анын мөөнөтү дагы 5 жылга узартылып, ага Финляндия, Дания, Хорватия, Румыния жана башка мамлекеттер кошулган. Экинчи дүйнөлүк согушта антифашисттик коалицияга кирген мамлекеттердин жеңип чыгышы «Антикоминтерндик пактынын» жоюлушуна алып келген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1