«Арпа» ААК
«Арпа» ААК - ачык акцпонердик коом. 1992-жылы Бишкек пиво заводунун базасында түзүлгөн. Завод 1906-жылы соодагер Иванов Н. И. тарабынан негпзделген. 1908-жылы продукция (ппво) чыгарып баштаган. Пивонун өндүрүлгөн көлөмү жылына 19 миң декалитрди түзгөн, жумушчулардын саны 18 адам болгон. Механизациялаштырылган процесстердин жоктугунан завод аттын күчү менен иштеген. 1922-жылы көлөмү 6 см3 болгон кыймылдаткыч орнотулат. 1926-жылы аны локомобилге алмаштырат. 1932-жылы продукция өндүрүү 446 миң декалитрге жеткен. Ал уюшулгандан бери модернизацияланып, негизги технологиялык тетиктери алмаштырылып келе жатат. Бул киргизилген жаңылыктар продукциянын сапатын жогорулатып, анын сакталуу мөөнөтү узарды. Учурда ААК тарабынан жергиликтүү сорттордон пивонун бир нече түрү чыгарылууда.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1