«Викинг» станциясы
«Викинг» станциясы - (Viking) — америкалык орбиталык-конуучу станция. Ал Марс орбитасынын айланасын изилдөөчү орбиталык жана анын бетине акырын конуучу блоктордон турат. 1975-ж. «Викинг-1» жана «Викинг-2» станциялары учурулуп, конуучу блоктору 1976-ж. алгачкы ирет Марстын бетинен фототелевизиондук сүрөттөлүштөрдү жерге жиберген.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4