«Волга» – Нижний Новгород шаарындагы Горький автомобиль заводу чыгаруучу орто литраждагы кыймылдаткычтуу жеңил автомобиль. Алгачкы ГАЗ-21 моделин жасап чыгаруу 1956-ж. башталып, 1969-жылдан ГАЗ-24, кийин ГАЗ-31 маркасы чыга баштаган. Бул автомобиль 5 кишиге ылайыкталган, кузову туташ металлдан, жабык седан тибинде жасалган. Ага 4 тактылуу, 4 цилиндрлүү кыймылдаткыч орнотулат. Кыймылдаткычтарынын кубаттуулуктары: ГАЗ-21—55 кВт (75 а. к.), ГАЗ-24—72 кВт (98 а. к.), ГАЗ-31-10—81 кВт (110 а. к.). Арткы дөңгөлөктөрү жетелөөчү болуп эсептелет, 100 кмге 11-13 л күйүүчү май сарптайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү