«Глобус» элдик театр – Лондондогу элдик театр, 1599–1644-ж. иштеген. «Глобусту» театрдын башкы актёру, трагик Р. Бёрбеж жетектеген. Бул жерде У. Шекспирдин жана англиялык Кайра жаралуу доорунун драматургдарынын чыгармалары коюлуп, театр өлкөдөгү бирден бир маданий борборго айланган. Театрга 2 миң адам баткан. Спектаклдер күндүзгү жарыкта, антрактсыз жана жасалгасыз өткөн. Сахнада көшөгө болгон эмес, анын өзгөчөлүгү сахна көрүүчүлөргө жакын жайгашкан. 1613-ж. жыгачтан курулган «Глобустун» имараты күйүп кеткен жана театрды кайрадан таштан тургузушкан. 1644-ж. англиялык буржуазиялык. революция учурунда «Глобустун» имараты башка театрлар сыяктуу эле пуритан парламентинин буйругу менен жок кылынган. 1868-ж. С. Парри Лондондо ушул эле аталыш менен жаңы имарат курган. Ал театр 1902-жылга чейин иштеген. 1996-ж. кайра курулган «Глобус» театры Шекспирдин «Вероналык экөө» спектаклинин премьерасы менен ачылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү