«Дранг нах остен» (нем. Drang nach Octen - чыгышка жортуул) - адегенде германиялык феодалдардын, кийинчерээк буржуазиялык-помещиктик жана импер. Германиянын Чыгыш, Түндүк- Чыгыш, Борбордук Европа өлкөлөрүн басып алууга багытталган саясатынын аты.

Чыгыш өлкөлөрүн толук германдаштыруу мүдөөсүн көздөгөн бул саясат 9-кылымдан 20-кылымга чейин ар кандай формада нүгүп келген. Ал саясаттын салттарын пруссиялык буржуазия менен юнкерлер кайра жандандырып, Пруссиянын башчылыгы менен Германияны «жогортон» бириктирүү күрөшү жүрүп турган убактын буржуазиялык- улутчул концепциясын түптөнтүү үчүн пайдаланган.

«Дранг нах остен» 19-кылымдын 50-жылдарынан Германиянын турмушуна саясий түшүнүк жана термин катары, 19-кылымдын 2-жарымында жана 20-кылымда Германиянын агрессиясын актаган тарыхый укук түшүнүгү катары кирген. Германия империясы адеп түзүлгөн учурда «Дранг нах остен» саясаты Чыгыш жана Түндүк-Чыгыш Европа өлкөлөрүнө экой, экспансия жасоо формасында жүргүзүлүп, Пруссиядагы поляк жерлерин германдаштырууну күчөткөн.

Австрия-Венгриядагы славян элдеринин боштондук күрөшүнө каршы салгылашта «Дранг нах остен» өз позициясын ого бетер күчөтүп, биринчи дүйнөлүк согушта германиялык империализмдин тышкы саясатынын составдуу бөлүгү катары роль ойногон.

Экинчи дүйнөлүк согушту ачкан Германияда «Дранг нах остен» саясаты шовинисттик, расалык ж. б. идеядагы басни алуучулук формага өттү.

Германиялык фашизмдин талкаланышы менен «Дранг нах остен» саясатына катуу сокку урулса да, анын эски урааны ГФР-деги реваншисттик жана милитаристтик айрым топтор тарабынан көтөрү- лүп, «Чыгыгаты үйрөнүу» деген саясатка көчтү.

Ошентип, «Дранг нах остен» саясаты жүздөгөн жылдар бою герман элинин ан-сезимин ууландырып, аны башка элдерди жек көрүүчүлүккө тарбиялап келген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.