«Жалайыр жалгыз» поэмасыжөө жомоктун негизинде түзүлгөн турмуштук поэма. КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда поэманын 16дан ашуун варианты сакталып турат. Айрым варианттары басма сөздө жарыяланган. Жомок-баяндагы баш каарман Жалайыр жалгыз (Жалайыл, Жайдин уулу Жалайил) душман алдында жалгыз болот. Карындашы Гүлсананын образы поэманын бардык варианттарында алдыңкы планда болуп, анын кайраттуу мүнөзү, айлакерлик иш-аракети жеткиликтүү сүрөттөлгөн. Окуя эпикалык салттуу мотивдер, айтуучулардын алымча-кошумчалары менен өз алдынча сюжет катары элдик оозеки чыгармачылыктан орун алган. Б. Алыкулов, М. Зулпуев, Т. Абсатаровдон жана памирлик, жерге-талдык (Тажикстан) кыргыздардан жазылып алынган варианттар өзгөчө көркөм айтылып, архаикалык мүнөздөгү окуялардан, кызыктуу эпизоддордон турат. Афганстандык кыргыздардын айтуусундагы «Жалайыр жалгызды» Реми Дор жазып алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1