«Жаңы маданият жолунда» - Кыргыз АССР эл агартуу комиссариатынын 1928-жылы 5-майдан 1932-жылга чейин чыгып турган илимий-педагогикалык жана адабий журналы.

«Жаңы маданият жолунда» Кыргызстанда эл агартуу ишин жолго коюуда жана жакшыртууда зор роль ойногон Илимий-педагогикалык колдонмолор, эрежелер, эл агартуу системасынын жол-жоболору, мектепте сабак берүүнүн методикасы, алдыңкы мугалимдердин тажрыйбасы жарыяланган.

Журналда элибиздин сабатсыздыгын тез арада жоюуга карата партия менен өкмөттүн маанилүү чечимдери, көрсөтмөлөрү да басылган 1932-жылдан «Маданий майдан», 1938-жылы «Окутуучуларга жардам» болуп өзгөргөн. Согуш учурунда убактылуу чыкпай калган 1945-1959-жылдары «Мугалимдерге жардам», 1972-жылдан «Эл агартуу» деген наам менен чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4