«Илиада» поэмасы - (Илион, башкача айтканда Троя жөнүндө поэма) байыркы гректердин эпикалык поэмасы, дүйнөлүк мааниге ээ чыгарма. Гомер жазган деп болжолдонот. Троя согушу (б. з. ч. 13-к.) жөнүндөгү уламыштардын негизинде б. з. ч. 9-8-кылымда Ионияда пайда болгон деп эсептелет. Гекзаметр менен жазылган (15 700дөй сап ыр). «Илиаданын» башкы каарманы Ахилл. Башкы көсөм Агамемнон ыза кылган «Ахиллдин каары» поэманын сюжеттик өзөгүн түзгөн негизги мотив. Поэмада Микен көсөмү Агамемнон башкарган көп уруудан чогулган ахейлик кошуундун Трояны курчоого алганы сүрөттөлөт. «Илиадада» байыркы гректердин (уруулук түзүлүштөгү) коомдук турмушу, материалдык жана рухий мадабияты ар тараптан чагылдырылган. Ал көркөм жана тарыхый мааниси жагынан гана эмес, байыркы замандагы билимдердин жыйындысы, философия менен поэзиянын булагы катары да жогору бааланат. Эпостогу тарыхый, географиялык фактылардын аныктыгы 18-кылымдын аягында Г. Шлиман жүргүзгөн археологиялык казууларда ырасталган. «Илиада» 18-кылымдын аягынан тартып орус тилине бир нече ирет которулган. Түп нускадагы ыр өлчөмү сакталган алгачкы орусча классикалык котормосу Н. И. Гнедичке таандык (1829).

Илиада.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү