«Илим» басмаканасы

«Илим»‎»‎ барагынан багытталды)

«Илим» басмаканасы - КР УИАнын ил. китеп чыгаруучу басмасы. 1955-ж. уюштурулган. Ошол эле жылдары ал жалпы көлөмү 201 басма табакты түзгөн 36 ар кандай аталыштагы китеп, китепче, монография, жыйнак басып чыгарган. 1964-жылдан «Илим» деген аталышта. Басмадан жарыялануучу адабияттын тематикалык пландары жылданжылга кеңейип отуруп, 1975-ж. андан коомдук жана табият таануу илимдери боюнча жалпы нускасы 52 миң 82 аталыштагы китеп жарык көргөн. «Илимде» 3 тармактык: коомдук илимдер; химия-технология жана биология; физика, техника жана математика редакциялары иштейт[1]. Анын пол игр. базасы менен басмасы заманбап рынок шартында улам жакшыртылып, соңку жылдарда жаңы жабдуулар менен жабдылып, сырттан түшкөн түрдүү адабият, заказдарды да басып чыгарууда[2].

Булактар түзөтүү

  1. “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
  2. Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4